Режиссер Сергей Коротаев: Орус кинолору кыргызстандык көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун тапты
Россиялык режиссер Сергей Коротаев Кыргызстанга өзүнүн “Тизмеде жок болчу” тасмасын ушул жылдын 29-октябрынан 1-ноябрына чейин Бишкекте өтүп жаткан Орус кинолорунун фестивалында көрсөтүү үчүн келген. Анын тасмасы 31-октябрда “Манас” кинотеатрында көрсөтүлөт. Биздин агенттикке берген маегинде борбор калаадагы Орус кинолорунун күнү боюнча таасирлерин бөлүшүп, кыргызстандык аудиториянын заманбап россиялык кинематографка болгон жогорку кызыгуусун белгиледи. Ошондой эле, ал маданий алмашуунун мааниси, орус кинолорундагы чындык жана ачыктык тууралуу айтып, кыргыз кесиптештери менен биргелешкен долбоордо эмне жагымдуу болгонун билдирди.
– Фестивалдын атмосферасы, көрүүчүлөр, уюштуруу иштери, коомчулуктун пикири сизге кандай таасир берди?
– Жалаң гана оң таасирлер болууда. Залдын толуп турганы эле көрүүчүлөргө биздин орус кинолору кызыктуу экенин билдирип турат. Бул ошол тасмаларды жараткан адамдарга, бизге өтө чоң мааниге ээ, анткени биз көрүүчүнүн көңүл буруусуна түз көз карандыбыз. Эгер сен тарткан тасманы эч ким көрүүнү каалабаса, демек, кайсы бир нерсени туура эмес жасадың. Ошондуктан, азыркыдай киши толгон зал, чыныгы кызыгуу, жандуу пикирлер абдан жагымдуу.
Фестиваль эң сонун уюштурулганын өзүнчө белгилеп кетким келет. Баарын ойлонуштуруп, көрүүчүлөрдүн келиши жана тажрыйба, сезимдердин алмашуусу болушу үчүн майрамдык шаани жаратышты.
– Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында, Орус киносунун күндөрүнө катышуу жеке сиз үчүн кандай мааниге ээ?
– Фестивалдын катышуучулардын бири болуу мага чоң сыймык, менин тасмам башка тасмалардын катарында Россиянын заманбап кинематографиясын Кыргызстанда таанытып жатканы мен үчүн өтө маанилүү жана ардактуу. Ошол эле кезде чоң жоопкерчилик.
– Сиздин оюңузча, Россия менен Кыргызстандын мындай маданий алмашуулары канчалык маанилүү?
– Бул биринчи кезекте, өз ара байытуу. Адамдар билимин, тажрыйбасын бөлүшкөндө, а баарлашуунун түбүндө жаратуучулук жана чыгармачылык жатканда, дайыма оң жыйынтык болот. Мындай жолугушуулар кабыл алуунун жаңы чектерин ачат, жаңы идеялар жаралат, искусство чыгармаларына жаңы даам жана түс берет.
– Жергиликтүү коомчулуктун орус кинолоруна болгон кызыгуусун кандай баалайсыз?
– Кыргызстандыктардын кызыгуусу канчалык экени адам толгон залдан эле көрүнүп турат. Бул бизге абдан маанилүү.
– Орус кинолору бүгүнкү күндө эмнеси менен кыргызстандык көрүүчүнүн кызыгуусун жаратып жатат деп ойлойсуз?
– Биринчи кезекте, чынчылдыгы жана ачыктыгы үчүн. Биздин тарыхыбыз, тамырыбыз бир. Фашизмди жеңген баатырлардын тукумубуз жана алардын элесин сакташыбыз керек. Бул бизди бириктирет. Андан тышкары, жакшылык жана жамандык, чыныгы эркектер жана аялдар, адамдык ар намыс боюнча кабыл алууларыбыз окшош деп ойлойм. Ошондуктан, тасмаларыбызда көтөргөн темалар кыргызстандык көрүүчүгө жакын жана түшүнүктүү. Кыргызстандык авторлор деле ошол эле баалуулуктарга жана маселелерге кайрылышат.
– Кыргыз кинематографисттер менен баарлаша алдыңызбы? Биргелешкен долбоорлор болушу мүмкүнбү?
– Азырынча, тилекке каршы, баарлаша элекмин, бирок мындай мүмкүнчүлүк болот деп үмүттөнөм. Менин оюмча, орус-кыргыз биргелешкен долбоор абдан кызыктуу болмок. Ал биздин жалпы маданий мейкиндигибизде жаңы сөзгө айланмак. Келечекке оптимизм менен карайбыз.
