Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: Эл өз округунан тың чыкма уул-кыздарын тандап алышына шарт түзүлөт
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын экс-депутаты "Ынтымак" фракциясынын төрагасы Марлен Маматалиев менен баарлашып, парламент өзүн-өзү таратууга эмне себеп болуп жатканын билүүгө аракет кылдык.
– Марлен Абдырахманович, сиздин атыңыз да парламент өзүн-өзү таратууну колдогон депутаттардын тизмесинде жарыяланды. Жогорку Кеңештин кайра өтчү шайлоосуна даярсызбы?
– Жалпысынан бул маселе көтөрүлүп, айтылып жаткандан кийин ар бир депутат ичинен шайлоого бара аламбы, мен туура эле жолдо баратамбы деп ойлойт экен. Албетте, депутаттык мандатты сыртка коюп туруп, эмне үчүн таркаш керек деген суроонун алкагында ойлоно турган болсом, ооба демекмин. Себеби, парламенттик жана президенттик шайлоонун аралыгынын өтө жакындыгы мына ушул жагдайга себеп болууда. Катар келген шайлоо БШКны аябай ыңгайсыз абалга кептээрин ойлоп, ар кандай катачылыктарга жол бербөө керектигин эске алып, түшүнүү менен кабыл алдым. Себеби, Кыргызстандын тарыхында шайлоолор кандай роль ойногонун баарыбыз жакшы билебиз. Эң башкысы Жогорку Кеңеш жаңы система менен шайланып келебиз деген саясий чечим кабыл алды. Ушундай чоң саясий өзгөрүүгө депутаттар өздөрү баргандан кийин элге дагы жаңы мүмкүнчүлүк берилет. Буюрса, эл өз округунан тың чыкма уул-кыздарын тандап алышына шарт түзүлөт.
– Парламентти өзүн өзү таркатууга багыт алган эл өкүлдөрүнүн демилгеси колдоо табабы?
– Колдоо табат деп ойлойм. Негизи парламентти Конституция боюнча эч ким тарката албайт. Бир эле жол менен тароо мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде Парламенттин үчтөн бир бөлүгү демилгечи группа түзүп, тароо себебин туура түшүндүрүп, парламенттин үчтөн эки бөлүгүнүн добушун алса, тагыраак айтканда 61 добуш алса, өзүн өзү таркатат.
– Азыркы парламент кандай иштеди?
– Биз элдин добушу менен шайланганбыз. Ошондуктан, эл өзү баа бериши керек. Учуру келгенде тарых дагы өз баасын берет деп ойлойм.
