Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси: Алымбек – доордун улуу инсаны
Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп эмгектенип жаткан Садык Шер-Ниязды «Курманжан датка» тасмасындагы Алымбектин образы боюнча кепке тарттык.
– Садык мырза, «Курманжан датка» киносун тартып, өзгөчө жаңылык жасадыңыз эле. Ал тасмада Асан бий уулу Алымбек датканын образы ачылганбы?
– “Курманжан датка” тасмасында негизги каарман Курманжан энебиз болгон. Ошондой эле мамлекеттик тапшырма боюнча да, көңүл биринчи кезекте Курманжан даткага бурулган. Ошондой болсо да, Алымбек датка жөнүндө азыраак болсо да орчундуу ой тилегин камтыганга аракет кылганбыз. Негизи эле Алымбек датка боюнча өзүнчө тарыхий көркөм тасма тартылса туура болмок. Деги эле тарыхий көркөм тасмалар көп тартылса келечекте биздин жаш муундар ошол тасмалардан үлгү алып, тарыхын билип эс тартканга чоң өбөлгө түзүп бермек. Албетте, анүчүн биринчи кезекте мамлекет кызыкдар болуп каражат бөлүнсө жана да кинорежиссерлорго дем күч бере алсак, андай тасмалар жыл сайын чыгып турса, эң сонун да. Алымбек – доордун улуу инсаны, жана да өмүр жолу баарыбызга өрнөк болчу касиеттерге ээ даанышман. Ошондуктан Алымбек атабыздын элесин ар бир кыргыз жүрөгүндө сактап жүрүш үчүн, баардык тараптан бул ишке күчүбүздү, аракетибизди аябашыбыз керек.
“Курманжан датка” тасмасын тартууда Жылдыз Жолдошева эжекебиз чоң эмгек жасады, ошондой белдүү күчтүү инсандарыбыз сүрөсө мүмкүн келечекте чоң көлөмдүү эпикалык Курманжан даткадай тасма жаралат деп үмүт кылалы.
