Ымыркайлардын жашап кетүүсү 80 пайыз акушер жана медайымдардын аракетинен көз каранды
20 сентябрь

Ымыркайлардын жашап кетүүсү 80 пайыз акушер жана медайымдардын аракетинен көз каранды

Кыргызстанда "Эл-Ди-Эс Черитиз" кайрымдуулук фонду Неонатологдор ассоциациясы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте медициналык адистерди жана медициналык колледждердин окутуучуларын окутуу боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашырды. Иш-чаранын алкагында өлкө боюнча 11 колледждин 145 мугалими жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактап калуу боюнча теориялык билим жана практикалык тажрыйбаларды алышты. Бул демилгенин Кыргыз Республикасындагы неонаталдык медицинаны өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирургиялык патология менен төрөлгөн ымыркайлардын реанимация бөлүмүнүн башчысы, С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун педиатрия кафедрасынын ассистенти Наталья Гаглоева айтып берди.

-Наталья Феликсовна, сиз "Эл-Ди-Эс Черитиз" кайрымдуулук фондунун долбоорунун алкагында окуудан өттүңүз. Долбоордун кыргыз неонаталдык медицинасынын өнүгүшүнө кошкон салымын кандай баалайсыз?

- Долбоор өлкөнүн неонаталдык кызматын колдоого жана өнүктүрүүгө зор салым кошту. Биздин неонатологдор 2009-жылдан бери башталгыч неонаталдык реанимация жана дени сак, оорулуу жана ара төрөлгөн ымыркайларга кам көрүү боюнча мастер-тренерлер катары билим алып келишти. Ал эми 2019-жылдан тарта Кыргызстандын неонатологдор жана неонаталдык медайымдардын ассоциациясы Америка педиатрия ассоциациясы тарабынан кабыл алынган Баштапкы реанимация боюнча колдонмонун акыркы, сегизинчи басылышынын жаңы технологияларын киргизүү аркылуу "Эл-Ди-Эс Черитиз" менен тыгыз кызматташа баштады. Азыр биздин адистер реанимациялык жардам көрсөтүү жана оорулуу жана ара төрөлгөн ымыркайларга камкордук көрүү, ошондой эле ымыркайдын дем алуусун физиологиялык жактан камсыз кылуу технологиясын үйрөнүп жатышат. Бул ишти улантабыз деген үмүттөбүз!

- Дагы башка нерселер пландалып жатабы?

- Октябрда америкалык неонатологдор ымыркайлардын дем алуу органдарынын жетишсиздигинин инвазивдик эмес терапиясы үчүн жабдыктарды алып келип, биздин түндүктөгү да, түштүктөгү да адистерди жеринде окутушат. Өлкөдө квалификациялуу кадрлар жетишсиз, ошондуктан бул демилгени колдоо абдан маанилүү. Долбоор менен катар Кыргызстан неонатологдор ассоциациясы өзүнүн жардам көрсөтүүнүн эффективдүү стандарттарын үйрөтүүчү иш чараларын өткөрөт. Оорулууларга камкордук көрүү 80 пайыз медайымдарга байланыштуу болгондуктан медайымдар жана акушерлер үчүн баштапкы реанимация окутуучуларын даярдайбыз.

- Деги эле Кыргызстандын жаңы төрөлгөн балдарга кам көрүү системасын кандай баалайсыз?

- Ал бизде бүткүл дүйнөдөгүдөй эле салттуу, үч деңгээлде: райондук, облустук жана улуттук борборлор. Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борбору түндүк аймактардан – Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан аялдарды жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды кабыл алат. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына республикасынын түштүгүнөн – Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынан келген бейтаптар кайрылат.

- Долбоордон сиз кандай жыйынтыктарды күтүп жатасыз?

- Келечекте Ош шаарында Балдар клиникалык ооруканасынын базасында перинаталдык борбордун ачылышын күтүүдөбүз. Ошондой эле эле мындай борбор Талас жана Жалал-Абад облустарында ачылат деп турабыз. Ал немец банкынын колдоосу менен ишке ашырылат. Андан тышкары мамлекеттин колдоосу менен өлкөдөгү бардык адистештирилген ооруканалардын, анын ичинде неонаталдык бөлүмдүн инфраструктурасын жакшыртуу пландаштырылууда.