Канат Мурзахалилов: Ташиевдин кетиши күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртөбү
Камчыбек Ташиевдин УКМК башчылыгынан алынышы коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратууда. Айрымдар бул “таасир талашуунун жыйынтыгы” экенин айтышса, “жөн гана коомчулук үчүн спектакль” деген пикирди кармангандар да жок эмес. Ташиевдин кызматтан кетиши эмнени билдирет жана ал алдыда кандай саясий кырдаалды жаратат – бул тууралуу "Гуров жана өнөктөштөр – Борбордук Азия" коммуникациялык тобунун башкаруучу өнөктөшү, тарых илимдеринин кандидаты Канат Мурзахалилов айтып берди.
– Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы эмнени билдирет?
– Камчыбек Ташиев иш жүзүндө мамлекеттеги экинчи адам катары эсептелген. Анын кызматтан алынышы, кадрдык алмашууну эмес, бүткүл күч түзүмүндөгү терең кайра курууну баштады. Окуялар өтө тездик менен жана алдын ала ойлонулгандай өнүгүп жаткандыктан, аны кокустук деп эсептөө мүмкүн эмес.
Ташиев кызматтан алынары менен УКМКнын башчысынын милдетин аткаруучу дайындалды. Мурдагы төраганын үч орун басары кызматынан бошотулду. Чек ара кызматы УКМКнын карамагынан чыгарылып, өзүнчө ведомство болуп түзүлдү. Ошол эле учурда Коопсуздук кеңешинин катчысы алмаштырылып, мурдагы кызматына, УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары кызматына кайтарылды. Мамлекеттик күзөт кызматынын 9-кызматын түздөн-түз президентке баш ийдирүү чечими кабыл алынды.
– Сиз тизмектеген жагдайлардын саясий кесепеттери да болушу мүмкүнбү?
– Акыркы жылдары күч структурасы УКМКнын ичине топтолгон болчу. Эми моделди демонтаждоо жүрүп жатат. Эми башкаруу түздөн-түз президенттин көзөмөлүнө өтүп, атайын кызмат саясий салмагын жоготот.
Ушул жактан саясий кесепеттер да келип чыгат. Парламент спикеринин отставкага кетүү ыктымалдыгы теориялык көрүнүштөн калат. Негизги фигуралардын ортосундагы аргасыздыктан пайда болгон тең салмактуулук мезгили аяктайт. Бийлик акырындык менен катаал жана бир багыттуу конфигурацияга кайтып келет.
– Айрымдар кызматтан алуу процесси дагы да улантылып, бул Ташиевге караштуу деп эсептелген бардык жетекчилерге тийиши ыктымалдыгын айтып жатышат. Буга кандай ойдосуз?
– Ош шаарынын мэри кызматтан кетиши мүмкүн. Анткени, Ош салттуу түрдө саясий барометрдин ролун ойнойт деп эсептелет жана бул жердеги ар кандай кадрдык чечим бүтүндөй системага жиберилген сигнал катары кабыл алынат. Мындан ары Камчыбек Ташиевге тиешеси бар министрлер менен облус башчылары кызматтан алынышы толук мүмкүн.
– Алдыда бизди кандай саясий кырдаал күтүүдө? Камчыбек Ташиев президенттикке талапкердигин коюшу мүмкүнбү?
– Башкы интрига генерал-полковниктин жүрүм-турумуна жараша болот. Анын саясаттан кетиши күмөн. Бирок жакынкы аралыкта ачык чыр-чатакты күтүүнүн да кереги жок. Кыязы, сөз стратегиялык тыныгуу жөнүндө болуп жатат. Кыргыз саясатында тыныгуу көп учурда жеңилүүнүн белгиси эмес, ресурсту сактоонун формасы болуп саналат.
Ташиевдин келечектеги президенттик шайлоого катышуусуна байланышкан маселе ачык бойдон калууда. Мында баары жеке билдирүүлөрдөн эмес, анын активдүү саясатка кайтып келишине коомдук суроо-талап пайда болобу – ошондон көз каранды. Кыргызстандагы бийликке байланыштуу кейстерде көбүнчө формалдуу процедуралар эмес, дал ушул суроо-талап жаңы сценарийлерди ишке киргизет.
Кеңири караганда, болуп жаткан окуялар айкын логикага туура келет: президенттик бийликтин күчөшү жана айыл өкмөтүнө чейин түшө турган вертикалдын акырындык менен курулушу. Бул системанын тең салмактуулук режиминен борборлоштурулган башкаруу режимине өтүшүн билдирет.
– Ошондой эле коомчулукта “бул президент менен УКМК төрагасынын алдын ала сүйлөшүлүп, макулдашылган аракети” деген пикирди кармангандар дагы жок эмес. А буга кандай карайсыз?
– Бул жерде азыраак байкалган версия да бар. Болуп жаткан окуя Жапаров менен Ташиевдин системанын ичиндеги жашыруун оппоненттерди аныктоого багытталган алдын ала макулдашылган маневринин бир бөлүгү болушу ыктымал. Муну азыр тастыктоо мүмкүн эмес. Бирок тандемдин мурунку туруктуулугу мындай гипотезаны олуттуу кабыл алууга мажбурлайт.
Бирок социалдык тармактарда Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды, анда ал кызматтан кетиши өзү үчүн күтүүсүз болгонун билдирип, президенттин чечимин аткарууга даяр экенин баса белгилеген – бул анын позициясын ачыктайт. Саясатчы ошондой эле мындан аркы бардык аракеттер мыйзам чегинде гана ишке ашырыларын айтты. Болуп өткөн факт тандемдин ичиндеги конфликттин бар экенин көрсөтүп турат, анын себептери жана тереңдиги азырынча ачыла элек.
Бир нерсе бүгүн эле айкын болуп калды. Ташиев кеткенден кийин Кыргызстан жаңы саясий циклге кирди.
