Чыңгыз Сакенов: Каалаган жаран 5 миллион сомго чейин кредит алып, кааласа үй алууга, кааласа той өткөрүүгө жумшаса болот
28 сентябрь

Чыңгыз Сакенов: Каалаган жаран 5 миллион сомго чейин кредит алып, кааласа үй алууга, кааласа той өткөрүүгө жумшаса болот

Ишкердикти өнүктүрүү фонду ишкерлерге жана жөнөкөй жарандарга ылдыйкы пайыздык чен менен жеңилдетилген кредиттер берүү ниетин ишке ашырууда. Ал кимдерге жана кандай жол менен берилет? Кредит алгысы келген адам кандай талаптарга жооп бериши керек? Ушул жана башка суроолорго аталган фонддун Насыя бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сакенов “Биринчи радионун” эфиринде жооп берди. 

– Сиздердин фонд тарабынан ишке ашырылып жаткан жаңы долбоор тууралуу айтып берсеңиз?

– Ооба, биз жаңы кредиттик продуктыны ишке ашырган долбоордун үстүндө иштөөдөбүз. Ал “Керектөөчү акция” деп аталат. Максаты эмне деген суроого жооп мындай: статистиканы карасак, финансылык институтта, коммерциялык жана микрокредиттик уюмдары тарабынан кредиттер 24 пайыздан жогору берилет экен. Биз ишкерлерге аз болсо да жардам болсун деген ойдо кредиттерди 17 пайыз менен берүү жолдорун карап жатабыз. Кредит алган жаран каалаган тармакта иш алып барса болот. Бир гана ишкерлерге эмес, жөнөкөй жарандарга да тиешелүү. Алар дагы 5 миллион сомго чейин каражат алып, кайсы бир муктаждыгына иштете алышат. Кааласа унаа алсын, кааласа үй алсын, кааласа той өткөрсүн, алтурмак бизден кредит алып, башка банктардагы кредиттерин жапса да болот.

– Жеңилдетилген кредит алам дегендерге кандай талаптар коюлат?

– Биринчиден, биздин компанияга кредит алууну каалаган жаран өзү келиши керек. Анын паспорту, киреше булагы тууралуу маалымат талап кылынат. Андан сырткары, алчу суммага жараша күрөө камсыздоо да сөзсүз түрдө зарыл. Долбоордо 35 миң сомдон 5 миллион сомго чейинки каражат алууга болоору белгиленген.

– 5 миллион сом кредит алып, үй алууну каалагандар көп болсо керек. Аларга кошумча талаптар барбы?

– Жогоруда айтканымдай, биринчи кезекте ошол жаран биздин фондко келиши керек. Анан алынчу сумма кайсы тармакка жумшалат, изилдейбиз. Экинчиден, кредиттик тарыхын карайбыз. Эң негизгиси, биз кардардын талабына ылайык, максималдуу жардам берүүгө аракеттенебиз. Башкача айтканда, ар бир кардарга жеке мамиле жасайбыз.

– Чоң суммадагы кредит алгысы келгендер, мисалы, 3 миллион деп коелу, күрөөгө эмне коюулары керек?

– Кыймылсыз мүлк, жер тилкесин, батир же жер үй. Эгерде күрөөнүн суммасы жетпей калса, Кепилдик фонд менен келишимибиз бар, ал жактан жардам болот.

– Негизи, кыймылсыз мүлкү жок жарандар үйлүү болууга умтулат эмеспи, күрөө мында эмне болот?

– Мүлкү жок жарандар туугандарыныкын, ишенимдүү адамдарынын кыймылсыз мүлкүн күрөөгө койсо болот.

– Жеңилдетилген насыя алууну каалагандар кимге кайрылышы керек?

– Өлкөнүн жети облусунда филиалдарыбыз бар. Телефондон деле интернет аркылуу Ишкердикти өнүктүрүү фонду деп издешсе, биздин дарек, байланыш номерлерибиз чыгат. Андан сырткары баракчабызды активдүү карап турууга чакырат элем. Анткени, анда маал-маалы менен кызыктуу маалыматтар, жаңы долбоорлор жарыяланып турат. Бүгүнкү күндө “Керектөөчү акция” рынокто эң төмөнкү пайызды сунуштайт.

– Акция канчага чейин уланат?

– Ушул жылдын соңуна чейин деп бекитилген. Бирок эгер суроо-талап, арыздар көп болсо, жетекчилик мөөнөтүн дагы узартышы мүмкүн.

– Акциянын алкагында, ушул убакка чейин канча каражат берилди?

– Аны расмий айта албайм. Бирок келген кардарлардын маселесин сөзсүз чечип беребиз. Келген кардардын өтүнүчү эч убакта четке кагылбайт.