Биз региондон ашып кеттик – эксперт Таласбек Акылбеков Кыргызстандагы криптоиндустриянын келечеги тууралуу
Кыргызстан глобалдык криптоиндустриянын картасында барган сайын бекемделип баратат: өлкөгө ири платформалардын негиздөөчүлөрү келишүүдө, компаниялардын саны өсүүдө, ал эми виртуалдык активдер рыногу буга чейин эле олуттуу салык кирешелерин алып келе баштаган. Мындай шартта аймактык крипто-хабды түзүү боюнча билдирүүлөр амбиция эмес, а орчундуу максат катары көрүнөт. Криптовалюта боюнча эксперт Таласбек Акылбеков Кыргызстандын эмне үчүн коңшу өлкөлөрдөн озуп баратканын, тармактын өнүгүүсүнүн кандай "тез таасири" бар экенин жана эмне үчүн бүгүн санариптик тенденцияларды этибарга албаган адам эртең рыноктун сыртында калуу коркунучуна кабылаарын айтып берди.
– Кыргызстанга ири криптокомпаниялардын өкүлдөрү барган сайын көп келе башташты. Жакында эле өлкөгө TRON блокчейн платформасынын негиздөөчүсү Джастин Сан келип, президент Садыр Жапаров менен жолугушту. Мындай кызыгуу эмнени билдирет?
– Президенттин TRONдун негиздөөчүсү Джастин Санды кабыл алганы, андан мурда Кыргызстанга Binanceтин негиздөөчүсү Чанпэн Чжао келгени эле көп нерседен кабар берет. Бул кокустук сапарлар эмес. Кыргызстан чындыгында криптобизнести тартуу чекитине айланууда. Бүгүнкү күндө биз криптотехнологияларды жана DeFi-долбоорлорду киргизүү боюнча алдыңкы орундарды ээлеп жатабыз. Бизге КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн ишкерлер компанияларды ачуу үчүн келишет. Ошондуктан аймактык крипто-хаб болуу максаты – толук ишке ашчу нерсе.
– Кыргызстан кандай артыкчылыктарынан улам аймактагы башка өлкөлөрдөн алдыга озуп чыкты?
– Биздин негизги артыкчылыгыбыз - бул мыйзамдар. Кыргызстанда виртуалдык активдер чөйрөсүндө ийкемдүү жана ыңгайлуу укуктук база түзүлгөн. КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген компанияларга ушундай шартта иштөө ыңгайлуу болуп турат.
– TRON сыяктуу платформалар менен кызматташуунун кандай практикалык ролу бар?
– Кыргызстанда көпчүлүк акча которуулар TRON тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Анткени тарыхый жактан алып караганда, TRON USDT активдүү колдонулган алгачкы блокчейндердин бири болгон. Ооба, арзан тармактар бар, мисалы Чанпэн Чжао тарабынан түзүлгөн BNB, бирок TRON мурда эле пайда болгон жана бүгүнкү күндө дээрлик бүткүл өлкө ошол тармакты акча которуу үчүн колдонот.
– Крипто рыноктун өнүгүүсү кандай экономикалык натыйжаларды берип жатат?
– Эң ачык таасирлеринин бири - салыктар. Өткөн жылы криптокомпаниялар бюджетке чоң киреше алып келишти. Салык жыйымдары боюнча бул сектор салыштырмалуу жана айрым учурда "Дордой" сыяктуу салттуу ири базарлардын көрсөткүчтөрүнөн ашып түшөт. Бул крипто индустрия экономиканын толук кандуу бөлүгүнө айланып баратканын билдирет.
– Анда эмнеге калктын бир бөлүгү криптовалютага ишенбейт?
– Бул крипто сабаттуулуктун деңгээлинин төмөндүгүнө байланыштуу. Көпчүлүк үчүн бул жаңы жана түшүнүксүз чөйрө. Бирок технологиянын тез өнүгүп жатканын түшүнүш керек. Бир кезде адамдар банктык карталарга да ишенчү эмес. Эсимде, 2017-жылы банктарда блокчейн жөнүндө сүйлөшкөнбүз, ал кезде банктар да буга шектүү карашкан. Азыркы учурда адамдар QR коддору аркылуу акча төлөп, санариптик кызматтарды колдонушат. Ошол эле нерсе убакыттын өтүшү менен криптовалюталарга да келет.
– Сиздин оюңузча, криптоиндустриянын жана блокчейн-технологиялардын өнүгүшү менен жаңы санарип экономикасында кандай адистерге суроо-талап көбөйөт?
– Биринчи кезекте алар IT адистери жана криптовалюта жана жасалма интеллект сыяктуу жаңы технологиялар чөйрөсүндөгү эксперттер. Дүйнө тез өзгөрүп жатат, демек, мындай жөндөмдөргө болгон суроо-талап өсө берет.
– Бул эмгек рыногуна кандай таасирин тийгизет?
– Эгер адамдар бул багытта өнүкпөсө, алар суроо-талапка ээ болбой калат. Көптөгөн кесиптер жоголуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан дайыма үйрөнүп, өзгөрүүлөргө ылайыкташып туруу маанилүү. Мисалы, Nokia же Kodak сыяктуу ири компаниялар жаңы технологияга өтүүгө үлгүрбөй калып, жыйынтыгында, рыноктон кетүүгө аргасыз болушту. Мындай нерсе адамдарда да, бизнесте да болушу мүмкүн. Эгер биз замандын агымына жараша сүзгөндү үйрөнбөсөк, анда келечектин экономикасынан четтеп калабыз.
