Элеман Маматаев: Кыргызстандагы пластикалык хирургия дүйнөлүк стандарттан дээрлик калышпайт
Кыргызстандагы пластикалык хирургия дүйнөлүк стандарттан дээрлик калышпайт, бирок бейтаптар Instagram тармагы тараткан иллюзияга дагы деле бет келишүүдө. Маектин жүрүшүндө «Сагынбаева» клиникасынын пластикалык хирургу Элеман Маматаев эмнеге сулуулук үчүн бизге келишээрин, кандай операциялар учурда трендде экенин, бейтаптар кандай тобокелчиликке тушугушарын жана өзүңдүн хирургуңду кантип тандоо керектигин айтып берди.
– Элеман Шерипканович, Кыргызстандын пластикалык хирургиясы бүгүнкү күндө дүйнөлүк практикадан канчалык айырмаланат?
– Мен азыраак гана артта калуудабыз деп айтат элем. Бизде көптөгөн дарыгерлер чет өлкөлөрдөн билим алышкан, эл аралык стандарттарды жана заманбап технологияларды колдонушат. Бирок жабдыктар жана бейтаптын бюджети боюнча чектөөлөр бар.
– Чет өлкөлүк клиникалар менен атаандаштык барбы? Пластикалык операция жасатуу үчүн чет өлкөгө кеткен же тескерисинче, бизге келген бейтаптар болобу?
– Ооба. Айрым бейтаптар Түркияга, Түштүк Кореяга, Россияга барышат. Бирок бул өлкөлөрдө узак убакыт болуу көп чыгымды талап кылгандыктан, ооруканадан чыккандан кийин бизге келишет, анткени, операциядан башка да жаңылап таңып туруу, пландык текшерүү, жипти алуу сыяктуу нерселер бар да. Операция болгон жер жакшы айыкпай калган учурлар да кездешет, а бейтаптардын чет өлкөгө барууга мүмкүнчүлүгү болбой калышы мүмкүн, ошондо бизден жардам сурап кайрылышат. Бирок Кыргызстанга да коңшу өлкөлөрдөн келгендер көбөйдү, бизде баасы арзан, анын үстүнө сапатка болгон ишеним да өсүүдө.
– Учурда кыргызстандыктардын арасында кайсы операция популярдуу болууда? Балким, Кыргызстанда кайсы бир эстетикалык тренддер өзгөрдү?
– Эң популярдуу – бул блефаропластика, липосакция, төштү чоңойтуу. Аялдар арасындагы «табигый» сулуулукка болгон умтулуу күч алууда – жумшак көрүнүш, агрессивдүү эмес формалар.
– Сизде «экзотикалык» же өзгөчө суроо талабы менен келген бейтаптар болгонбу?
– Мурунду «кумириникине окшотуп» өзгөчө формага келтирүүнү, адаттагыдай эмес пропорцияны, кулактын формасын өзгөртүүнү (эльфаныкындай же балбандардын кулагындай) сурангандар болот. Кээ бирлердин каалоосу анимедеги персонажга окшошуу.
– Инстаграм-маданияты бейтаптардын өзүн баалоосуна жана суроо талабына таасирин тийгизип жатат деп ойлойсузбу?
– Ооба, абдан. Адамдар башка бирөөлөрдүн фильтрленген фотосун көтөрүп келип, «инстаграм-бетти» каалашат. Бул өзүбүз жөнүндө туура эмес ой жүгүртүүгө алып келет.
– Эркектер да пластикалык хирургдардын кызматына көп кайрылып калыштыбы? Алар өздөрүндөгү эмнени өзгөрткүлөрү келет?
– Ооба, эркектер көп кайрылып баштады. Айрыкча, жаш жигиттер. Негизинен алар блефаропластикага, отопластикага, липосакцияга жана ээгин өзгөртүүгө келишет. Бир топ улгайган курактагылардын арасында – бул терини тарттыруу, курактык блефаропластика.
– «Толук жасалма» бетке жана ашыкча өзгөртүүлөргө кандай карайсыз?
– Профессионалдар баланска умтулушат. Ашыкча өзгөртүү – бул өзүн туура эмес кабыл алуунун кесепети, андайдан врачтар көбүнчө баш тартышат.
– Сиз өзүңүзгө жана кесиптештериңизге пластикалык операция жасадыңыз беле?
– Көп жолу. Негизинен төштү чоңойтуу, кабакты, ээкти оңдоо боюнча. Эгерде көрсөтмө бар болсо жана фанатизмсиз мамиле жасалса, бул нормалуу эле нерсе.
– Бейтаптар кандай тобокелчиликтерди эске алышпайт?
– Операция жасалган жердин жакшы айыкпай калуусу, аллергия, реабилитация, психологиялык адаптация. Баары эле жыйынтык заматта болбой турганына даяр боло беришпейт.
– Хирургдун бычагынын алдына жатаардан мурда адам эмнелерди билиши керек?
– Бул сыйкырчылык эмес, а тобокелчилиги бар кийгилишүү экенин. Бул жерде дарыгерди тандоо, анализ, психоэмоционалуу даярдык жана күтүүнүн реалдуу болуусу маанилүү.
– Курактык чектөөлөр барбы? Деги эле бизде, Кыргызстанда кайсы курактан баштап пластикалык хирургдардын кызматына кайрылууга мүмкүн?
– Формалдуу түрдө 18 жаштан кийин. Бирок медициналык көрсөтмө болсо, андан жаш бейтаптарга да жасалат. Жогорку жаш курактык чектөө жок, ден соолук жана мотивация гана болушу зарыл.
– Пластикалык хирургия тууралуу кандай мифтерди көп угасыз?
– «Бул жеңил жана оорутпайт», «Жыйынтык дароо көрүнөт», «Бетиңди башка бирөөнүн бетиндей кыла аласың», «Канча көп жасатсаң – ошончо жакшы».
– Кыргызстанда жакшы хирургду кантип тандаса болот? Эмнелерге көңүл буруу керек?
– Сын-пикирлерди окуп, «чейин жана кийин» портфолиосун карап чыгуу керек. Ошондой эле сертификация, жеке баарлашуу, дарыгердин чынчылдыгы маанилүү. Жакшы хирург керектүү учурда баш тартууну да билет.
– Бейтаптардын арасында операция жасатканына өкүнгөндөр болобу? Андай учурда эмне кылуу керек?
– Болот. Анын себептери – реалдуу эмес күтүү, эмоционалдык чечим, сейрек учурда жарааттын кабылдап кетиши. Мындай учурда коррекция, психикалык жардам жана колдоо зарыл.
