“Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер”: Кыздардын өз жашоосунун чемпиону болуу мүмкүнчүлүгүн тартып албаңыздар!
22 август

“Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер”: Кыздардын өз жашоосунун чемпиону болуу мүмкүнчүлүгүн тартып албаңыздар!

Коомдун өнүгүүсүнө аялдардын кошкон салымы канчалык жана коом аны баалай алуудабы? Өзүн өзү өнүгүүгө жетелеген, кыялдарын ишке ашырган кыргызстандык аялдардын жетишкендиги ушул тапта турмуштун ар кандай оор сыноосуна кабылып турган башка аялдардын алдыга умтулуусуна үлгү болуп бере алабы? Мунун баары Бишкекте өткөн “Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер” форумунда айтылды. Форумга экономика, социалдык тармак, маданият жана спорт тармагында ийгиликтерди багынткан айымдар катышты. 

Ошондой эле, бул форумга Өзбекстандан президенттик администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиеева баштаган аялдар делегациясы келип, алар дагы өз өлкөсүндөгү аялдарга карата зомбулукка каршы жасалып жаткан иштер тууралуу айтып беришти. 

Эверестти багындырган биринчи айым Асел Байбагышева коомдун тыюусу айрым учурда, эгер аялда өжөрдүк болбосо анын кыялдарын кырчып коюусу мүмкүндүгүн белгиледи: 

– Биз, аялдар дүйнөгө жылмайып карайбыз, бирок ошол жылмаюунун артында канча деген түйшүк, үй-бүлөлүк күнүмдүк турмуш, балдарды багуу жана коомго сиңүү сыяктуу көп көйгөй турат. Мен 3 баламды жалгыз чоңойттум. Аны менен өз кыялымды четте калтырган жокмун. Эверестти багындырганга чейин ар кандай сындарды уктум, тоо-ташты кезип кетти дешти. Бирок анын баарын 84 жаштагы апамдын, үч баламдын колдоосу жууп кетти. 

Мурдагы күйөөсүнөн кордук көрүп, кулак-мурду кесилип, өлүм астанасынан артка кайтып келген Асель Ногойбаева учурда ишкерчилик кылып жатканын, буга коомдун, кайдыгер эмес адамдардын, анын ичинде биринчи айым Айгүл Жапарованын колдоосу менен жетишкенин айтты: 

– Жашоодо жеңил болсо көтөрүлбөй, оор болсо чөгүп кетпей, көп жыл чет өлкөдө иштедим. Бирок өз жериңдин жылуулугуна эч нерсени алмаштырып болбойт экен. Анан мекениме кайттым. Оор окуяга туш келдим... Бул окуядан кийин сынып калбай, эки баламдын келечегин ойлоп, белимди бууп, чакан бизнесимди баштадым.

Чынында, кайда бараамды, кимге ишенеримди билбей калган учурумда мени уккан, түшүнгөн адамдарды жолуктурдум, жалгыз эмес экенимди сездим. Жашоону кайрадан баштоо оңой болгон жок, чыдамкайлуулук жана кайраттуулук талап кылынды. Мен аялдарды колдоого, коргоого алган мамлекеттик саясатка, жашоомдогу эң оор кырдаалда жардам колун сунган биринчи айым Айгүл Жапаровага ыраазычылык билдирем. 

Скульптор Тамила Мамытова аялга жакындарынан, коомдон колдоо болбосо өзүн өстүрүү процесси жетиштүү деңгээлде болбой калат деп эсептейт: 

– Аял кишинин ийгиликке да жетип, турмушун да алып кетүү чынында, татаал. Мисалы, мен өз мисалымда айтсам, апам, эжекелеримдин жардамына таянам. Кайсы бир ишти баштасам, үй тиричилигиме, балдарыма каралашып турушат. Балдарды тарбиялоо, күнүмдүк тиричилик аялга таандык болгондуктан, анда кыялдарын багындырууга жүз пайыз эркиндик жок. Ошондуктан, ар бир аялга жакындарынын жардамы, колдоосу абдан керек. 

Кыргыз жана өзбек аялдарынын тагдыры үндөш экени коңшу өлкөдөн келген, ийгиликти багындырган аялдардын окуяларынан улам белгилүү болду. 

Өзбекстандык ишкер, Самарканд облусундагы таштандыларды кайра иштетүүчү жана сорттоочу заводдун негиздөөчүсү Гүлмира Жумаева бизнеске келгенге чейин Россияда көчө шыпыргыч болуп иштегенин баяндады: 

– 2009-жылы жолдошум менен Россияга кеттим. Ал жакта көчө шыпыргыч болуп иштедим. Ошондо эле таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууну кыялданып баштадым. Бул кыялым жолдошума күлкүлүү сезилчү. 2015-жылы Өзбекстанга кайттык, а 2018-жылы өзбек президенти завод курууну көздөгөн өндүрүшчүлөргө 0 ставка менен жер бөлүп берди. Мен ошентип, көп жыл көөдөнүмө бекиткен кыялымды ишке ашырууну баштадым. Бирок бул оңой болбоду, мен заводду ачуу, ишти жолго коюу түйшүгүнөн да, бул ишти баштоомо жолдошумдун ыраазычылыгын, уруксатын алууга көп күч короттум. 

Өзбекстандык гимнаст, үч жолку дүйнө чемпиону Оксана Чусовитине бүгүнкү күндөгү машыктыруучулук кесиби тууралуу айтып, кыз балдар кичинесинен тартып ар кандай тыюулардын жетегинде өсөөрүн өкүнүү менен белгиледи: 

– Мен кичинемден гимнаст болууну каалагам. 12 жашымда үйдө чечим чыкты: болду, башка гимнастикага барбайсың, чоңойуп калдың. Ата-энемден абдан сурандым, бул менин каалоом, кыялым, эңсөөм экенин айттым. Акыры атам макул болду. Ал мага мындай деди: “Машыгууңду улант, бирок эсиңде болсун: эч убакта баштаган ишиңди бутпөй жатып, артка кетпе”. 

Мен азыр машыктыруучумун, кыздарды машыктырып жатып байкайм, биз аларды абдан эле чыдамкай кылып тарбиялап жатабыз. “Ооруп жатабы – чыда!” – дейбиз. Алардын эмоциясын көрсөтүүгө чыдоодон башка варианты жок. Айрым учурда ийгиликке жетээринен үмүттөндүрүп келаткан машыгуучулар гимнастикадан кетет. Бул менин мисалымдагыдай эле: чоңойуп калды, а кыз бала чоңойгондон кийин кымырынып-кымсынып жүрүшү керек. Болбосо күйөө албай коет! Ушундай сөздү өз кызыңа айтуу үчүн аны канчалык деңгээлде жаман көрүш керек! 

Кыздардын өз жашоосунун чемпиону болуу мүмкүнчүлүгүн тартып албаңыздар!