Бейшенбек Абдразаков: Эл эми талапкерлердин таттуу сөздөрүнө, куру убадаларына алданбашы керек
Экс-депутат, «Элдик Курултай» кыймылынын төрагасынын орун басары Бейшенбек Абдразаков менен люстрация жана өзүн-өзү таркаткан парламент боюнча сүйлөштүк.
– Бейшенбек Токтобаевич, азыркы күнү элдик люстрация жүргүзүүнүн эң жөнөкөй жолу, тараган ЖКнын депутаттарын кайра келтирбөө дегендер чыгууда. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
– 30 жыл эл талап кылган люстрация 3 жылдан бери жүрүп жатат. Тагыраагы, мамлекет 30 жыл элди, мамлекетти талап, тоноп, сатып, качып кеткендерден жана каралардан бери тазаланууда. Жалпы жонунан бул жакшы көрүнүш. Бирок, мамлекет дагы эле коррупционерлерден тазаланып бүтө элек. Күнүгө “Ала-Тоо-24төн2 камалганын көрсөтүп жатса деле тыйылып калбай, кайра эле пара алып камалып жатышат. Демек, дагы коррупция менен комплекстүү күрөшүү керек. Ошондой эле санарип, электрондоштуруу, адам факторун жоюу, мамкызматкерлердин руханий жан дүйнөсүн агартуунун үстүндө да иштөө зарыл.
– Баса, өзүн-өзү тараткан депутаттардан “парламенттик шайлоого талапкерлигимди коюшумду эл суранып жатат” дегендер да чыкты. Буларга ишенсек болобу?
– Шайлоочуларым “парламенттик шайлоого талапкерлигимди коюшумду суранып жатат, кайра депутаттыкка аттанышымды талап кылып” жатышат дегендерге ишенбеш керек. Алар ошентип элди алдап көнүп калышкан. Эл эми талапкерлердин таттуу сөздөрүнө, куру убадаларына алданбашы керек. Маселен, мурда талапкерлер мектеп, бала бакча, жол салып, суу, свет киргизип берем деп айтчу эле. Азыр анын баарын мамлекет өзү жасап жатат. Чарба иштери, социалдык проблемалардын баарын президент өзү чечип жатат, азыр аларды депутаттар чече албайт.
Депутаттар бир гана мыйзам жазып , көзөмөлгө алса туура болот, Эл көйгөйлөрүн жаңы конституциялык Курултай мыйзамына ылайык делегаттарга берсе болот.
Бизде 30 жылдан бери 200-300 миң доллар чачып келишип алып, алар бардык мамлекеттик иштерге аралашып, кадр, тендер, конкурстарга катышып, өз кишилерин түртүшүп, шайлоого кетирген акчасын чыгарып алышчу. Өзгөчө парламенттик (башаламан) башкаруу кезинде.
