Кыргызстандагы туризм: туристтердин негизги агымы кайсы жактан жана аларды өлкө эмнеси менен тартат
19 июль

Кыргызстандагы туризм: туристтердин негизги агымы кайсы жактан жана аларды өлкө эмнеси менен тартат

Кыргызстанга келген туристтердин саны көбөйдү, айрыкча Борбор Азия өлкөлөрүнөн келгендер көп. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Малика Молтоева билдирди. Ал ошондой эле, республиканын кайсы аймактары саякатчылардын кызыгуусун көбүрөөк жаратаарын, көбүнчөсү кайсы өлкөнүн жарандары келээрин айтып берди. 

Туристтердин агымы кайсы жактан

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга туристтердин агымы Казакстандан, Өзбекстандан, Россиядан, ошондой эле Европа жана араб өлкөлөрүнөн болууда. Айрыкча, Борбор Азия өлкөлөрдөн келгендердин катары өстү, буга себеп – визасыз режим жана транспорттун жеткиликтүүлүгү. 

Туристтердин басымдуу бөлүгүн географиялык жакындыгына, маданий окшоштугуна, визасыз режимге жана транспорттук каттамдардын ыңгайлуулугуна байланыштуу Өзбекстандын (61,7%) жана Казакстандын (28,3%) жарандары түзөт. Ошондой эле Кыргызстан россиялыктардын (5,6%), Европадан, Түштүк Кореядан жана Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрүнөн келген туристтердин арасында популярдуу.

Кыргызстан эмнеси менен тартат

Конокторго кооз тоолор жана уникалдуу жаратылыш пейзажы унутулгус таасир калтырат. Өзгөчө Ысык-Көл пляжы, сууда көңүл ачуулары жана экологиялык каттамдары менен популярдуу. 

Ошондой эле туристтерди Жети-Өгүз жана Ала-Арча капчыгайлары, шаркыратмалар, дарыялар жана тоо ашуулары кызыктырат. 

Кыргыз элинин көчмөн маданияты, салт-санаасы жана меймандостугу менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген боз үй лагерлеринде эс алуу барган сайын популярдуу болууда.

Кайсы аймактар эң популярдуу

Эң популярдуу аймак болуп берметтей болгон көлү, пляж инфраструктурасы, Жети-Өгүздөгү жана Чолпон-Атадагы ысык булактары, ошондой эле 1600дөн ашык туристтик объектилеринин шарапаты менен Ысык-Көл облусу эсептелинет.

Ош жана Жалал-Абад облустары тарых жана маданий мурас менен таанышууну каалагандар үчүн кызыктуу. Бул жерде ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген объекттер бар: Сулайман-Тоо, байыркы Өзгөн шаары жана дүйнөдөгү эң чоң жаңгак токою Арсланбап. Мындан тышкары, этнотуризм активдүү өнүгүүдө. 

Чүй облусу өлкөнүн негизги дарбазасы болуп эсептелет, бул жерде "Манас" эл аралык аэропорту жана Бишкек шаары жайгашкан. Аймакта агротуризм, экскурсиялык программалар жана маданий турлар активдүү өнүгүүдө. Нарын облусунда бийик тоолуу экотуризмге кызыгуу өсүп жатат. Бул жерде Соң-Көл көлү, байыркы Таш-Рабат кербен сарайы жана жаратылыш койнунда эс алууга мүмкүндүк берген боз үй лагерлери популярдуу.