Чынара Саттарова, медицина илимдеринин кандидаты, ачкалык ыкмасы менен дарылоо боюнча эксперт: Ачкалык менен көп оорулардан айыгууга болот
17 июнь

Чынара Саттарова, медицина илимдеринин кандидаты, ачкалык ыкмасы менен дарылоо боюнча эксперт: Ачкалык менен көп оорулардан айыгууга болот

Ден соолукту дарысыз калыбына келтирүүгө болот десе ишенет белеңиз? Бүгүн биз дал ушундай тема – Дарылоочу орозо, башкача айтканда, ачкалык ыкмасы жөнүндө сөз кылабыз. Бул ыкманы акыркы 4 жылдан бери практикада колдонуп келе жаткан врач, медицина илимдеринин кандитаты Саттарова Чынар Осмоновна гезитибизге кызыктуу маек куруп берди. 

– Чынар Осмоновна, сиздин бүгүнкү күнгө чейинки эмгек жолуңуз абдан бай экен?

– Ооба, мен 30 жылга жакын медицинада иштедим. Өзүм врач-кардиологмун. Эмгек жолумду райондук деңгээлдеги врач-кардиологдон баштадым. Медицинада реформа башталганда чоң-чоң конкурстардан өтүп үй-бүлөлүк медицина кафедрасына келип калдым. Ал жерде алгач бизди даярдашты, анан биз ассистент катары Кыргызстан боюнча бардык врачтарды даярдай баштадык. Ал жерде да жөнөкөй ассистенттен баштап кафедранын жетекчиси, факультеттин деканы да болуп иштедим. Орто жолдо атамдын демилгеси менен саясатка да аралаштым. 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди коюп жакшы добуш алганбыз, бирок депутат болууга кезегим жеткен жок. Анткен менен көзгө көрүнүп калдымбы, жагып калдымбы, партиянын жетекчилиги тарабынан сунуштар түшүп, Баткен облусунун губернаторунун орун басары болуп 5 жыл иштедим. Ошентип иштеп жүргөн күндөрүмдүн биринде атам өтүп кетти, апам катуу ооруп калды. Ошондо өзүм врач, медицина илимдеринин кандидаты болуп туруп апамдын оорусуна жардам бере албай койдум. Анткени бул оорудан адам жакшы болбойт, 2-4 жыл гана жашайт деп жазылган жери бар биздин медицинада. Ошондо абдан кайгырдым. Бирок медицинага баш ийип отуруп калбай тынымсыз изилдене баштадым. Көп китептерди окудум. Ошондо ачкалык деген ыкма менен таанышып калдым.

– Бүгүнкү күндөгү ишмердүлүгүңүзгө апаңыз себеп болгон экен да?

– Ооба, дал ошондой болду. Ушунча жыл медицина тармагында иштеп жүрсөм да бул ыкма, айрыкча аутофагия механизми мен үчүн жаңы ачылыш болду. Бул ыкманы ким практикалайт болду экен деп кызыгып, Александр Ворошилов деген врачты таап, өз көзүм менен көрөйүн деп Москвага бардым. Чындыгында өтө күчтүу врач экен. 25 жылдан бери бул ыкманы колдонуп, 200 миң адамды ар кандай оорулардан, атүгүл рактан да айыктырыптыр. Көктөн издегеним жерден табылгандай болуп ошончо барган соң Ворошиловдун курсунан өтүп окуп келдим. Келген соң окугандарымды апама колдоно баштадым. Чын эле жеңилдегендей болду. Ага чейин апамды гормондор менен дарылачубуз да, ага караганда ачкалык менен дарылоонун жакшыраак таасир эте баштаганы билинди. Ошол арада дагы изилденип отуруп интегративдүү жана карылыкка каршы медицина деген термин менен таанышып калдым. Көрсө, бул организмге бир бүтүндүк катары кароо экен. Медицинада эмне, жүрөк ооруса кардиолог карайт, урологиялык ооруларды уролог карайт дегендей. Интегративдүү медицинаны принциптери - ооруган жериңдин себебин башка жактан изилдөө экен. Бул боюнча Москвада атайын эки жылдык окуу бар экен. Абдан кызыгып, атайын Москвага барып аны да окуп келдим. Ошол жерден менин медицинага болгон көз карашым өзгөрдү. Демек, оорулардын баары ичегилерге келип такалат экен деген түшүнүк пайда болду. Мен кардиолог катары өмүр бою эле адамдын эң негизги органы - жүрөк деп келгем да. Көрсө, ичегилер экен. Иммунитеттин 80 пайызы ичегиде жайгашкан. Демек, ичегини оңдоо менен бардык ооруларды айыктырууга болот экен деген түшүнүккө келдим. 

Келерим менен эле окугандарымды практика жүзүндө апама колдоно баштадым. Бул ыкмалар да жардам берди. Ал кезде мен Өкмөттүн аппаратында иштеп аткам. Кагаз иши менен эле чектелбей кандайдыр бир жаратмандык менен иштегим келип, жүрөгүм бул жакты каалап туруп алды. Ошондо карьераны жыйыштырып туруп баш-отум менен бул тармакка киришип кеттим.

– Ишиңизди эмнеден баштадыңыз?

– Өз айылым Лейлекке кеттим. Анткени экспериментти ошол жактан баштагым келди. Барып кичинекей эле бир үйдү даярдап, жалаң тааныштарымды чогулттум. Баасы абдан арзан, көпчүлүгү бекер болду. Биринчи эле агымдагы бейтаптарымдан абдан сонун жыйынтык байкалды.  Ошентип биринен экинчиси угуп адамдар өздөрү келе башташты. Чындыгында эле ачкалыктын бир кереметин сезип алган адам өзү түшүнөт. Мага ошол эң башында келген кардарларым азыр деле келишет. Канча бир убакыт өткөндөн кийин ачкалыкты кадимкидей сагынып каласың.

– Ушундай натыйжалуу болсо бул дарылоо ыкмасын эмнеге биздин министрлик расмий түрдө кабыл албайт?

–  Кыргызстанда ачкалык ыкмасын эки эле врач практикалайбыз. Алардын бири мен болсом, дагы бири Талант Ороскулович. Жеке мен бул демилгени көтөрүп министрге кире элекмин, бирок Талант Ороскулович мурунку министрге кирип чыккан. Күзгө жакын бул маселени кайра көтөрөлү деп атабыз. Бизде колдонулбаганы менен ачкалык ыкмасы мен-мен деген өлкөлөрдүн баарында расмий түрдө колдонулат. Ушул турган Казакстанда деле бар.

– Негизи эле ачкалыктын иштөө механизми кандай? Ачкалыктан оору кантип айыгат?

– Аутофагия деген сонун нерсе бар. Мен аны «унчукпас доктор» деп коём. «Ауто» – өзүмдү, «фагия» – жейм дегенди түшүндүрөт. Бул ар бир адамдын ичинде жашайт. Аны чакыруунун жолу – ачка болуу. Тамак жебеген күндөн 72 сааттан кийин аутофагия иштеп баштайт. Башкача айтканда, күчтүү клеткалар алсыз клеткаларды, жаңысы – эскилерин, жакшысы - жаманын жеп организм тазалана баштайт, өзүн өзү дарылайт. Ушинтип 7 күн чыдаган адамда аутофагия кадимкидей иштеп, адам ар кандай ооруларынан арылат, жашарат, энергияга толот.

– 7 күндүн ичинде бейтаптарыңыз аябай ачка болуп, алсырап калбайбы?

– 3-күнү бир аз алсыздык байкалат. Андан кийин тескерисинче энергиялуу боло башташат. Анын себеби, жогоруда айткандай аутофагия ишке киришет. Жакшы жагы – мен күнү-түнү бейтаптарымдын жанынан бир карыш жылбайм. Кан басымдарын өлчөп, абалдарын текшерип көзөмөлдөп турам. Бирок ачка болушпайт, ага өздөрү да таң калышат. Суу, чөп чайлар, атүгүл шекерсиз кофе столдун үстүндө турат, аларды каалашынча иче берсе болот. Негизи эле бизде ачка болгонго убакыт жок. Эртең менен тюбаж жасашат, бул атайын каражаттардын жардамы менен ичегилерди тазалоочу процедура. Андан кийин ден соолук темасында кызыктуу лекциялар болот, йога боюнча инструктор барып күн сайын бир сааттан йога жасатат. Түштөн кийин болсо дагы бир дары ичишет да, грелка менен 2-3 саат жатышат. Кечинде апитерапия, башкача айтканда аарыга чактыруу терапиясы жасалат. Аарынын уусунда көптөгөн витаминдер бар. Бул ачкалык менен айкалышканда абдан сонун натыйжа берет. Каалоочулар массаж алышат, жаратылыш койнунда сейилдешет, тоого чыгып келишет.

– Чын эле курсуңуз кооз жаратылыш койнунда, тоонун түбүндө өтөт экен. Бул да бекеринен болбосо керек?

– Менин курстарым кезек-кезеги менен Кыргызстандын ар кайсы аймактарында өткөрүлөт. Кайсыл жерде болбосун, шаардан алыс, абасы таза, жаратылышы кооз жерди тандаганга аракет кылам. Албетте, бул да жөн жерден эмес. Бейтаптарымдын бир гана организми тазаланбай, жан жүйнөсү, мээси да тазаланып эс алса дейм. Экинчиден, ал жакта тамак-аштын жыты жок, адам тамакка азгырылбай ачкалыкты жеңил көтөрөт.

– Үй шартында кармоо кыйыныраак окшойт э анда?

– Үй шартында деле кармашат, бирок анда бир аз оорураак болуп калат. Биринчиден, башкаларды көрүп тамакка азгырылып кетиши мүмкүн, экинчиден жанында көзөмөлдөгөн врач болбогон соң кооптуураак. Азыр менде онлайн курстар да бар. Андагы бейтаптарыма да улам чалып кабар алып, аралыктан көзөмөлдөп турам.

– Ашыкча салмак да жакшы эле кетсе керек?

– Ачкалык ыкмасында арыктоону кошумча жагымдуу бонус катары беребиз. Анткени организмде “генералдык уборка” жүргөн кезде ашыкча салмак өзү эле азаят. Ички майлар кетет, анткени тамак жебеген учурда энергия ошол майлардын эсебинен сарпталат да. Ошентип 7 күндүн ичинде 5тен 13 килограммга чейин арыктап кетишет. Эң маанилүүсү - бул килограммдар кайтып келбейт. Диета, спорт менен арыктагандар эмнеге кайра эле кеткен салмагын  кайтарып алышат? Анткени аларда аутофагия иштебейт. Бул жерде сырдын баары дал ушул аутофагияда.

– Чындыгында кызыктуу экен. Сизге көбүнчо кандай көйгөй менен келишет?

– Мага 4 жылдын ичинде кимдер гана келбеди?!  Оорубай, узак жашайм деп ден соолугуна алдын ала кам көргүсү келгендерден баштап онкология менен ооругандарга чейин келишти. Кан басымын нормалдаштырып, кант диабетинен кутулгандар ондоп саналат. Төрөй албай жүрүп, ачкалык ыкмасынан кийин төрөгөн 4-5 кардарым бар.

– Онкологиялык ооруларга канчалык деңгээлде жардам берет?

– Рак клеткаларына азык барбай калган кезде анын өсүүсү токтойт же жайлайт. Мен аларды биротоло айыктырып жиберем деп айта албайм, бирок жакшы жагына жылыш кадимкидей болот. Бирок дүйнөлүк практикада бул ыкма менен рактан айыккан мисалдар көп эле кездешет.  

– Сиздин дарылооңуздан өтүүну каалагандар кимге кайрылышы керек?

– Туура эле өзүмө чалсын. Байланыш номерим 0770902290. Мен алардын абалына жараша кеңеш бере алам.

– Анда маегиңизге рахмат. Алкышка арзып ар дайым бар болуңуз!