Орозодо кандай кайрымдуулук иштерди жасадыңыз?
4 апрель

Орозодо кандай кайрымдуулук иштерди жасадыңыз?

Кайрымдуулук балээни алдын алат дейт кыргыз элинде. Орозонун өзгөчөлүгү адамдардын жан дүйнөсүн тазартып, бири-бирине кол сунуп жардам берүүсү эмеспи. Белгилүү айымдар орозону кандай жыйынтыктап, бул айда кандай кайрымдуулук иштерди кылганы тууралуу сурап көрдүк. 

Гулнур Асанова, ырчы, актриса: «Жан дүйнөнүн тынчтыгы ыйманда»

– Быйылкы орозо мээлүүн мезгилге туш болуп өзгөчө сонун өттү.  Орозону адамзат пендеси бир гана Жараткандын ыраазылыгы үчүн кармайт эмеспи. Калган ибадаттар, берген садакалар ар бир адамдын өзү үчүн болот. Негизи бул айда Куран жерге түшкөн деп айтылып бардык тилектер кабыл болуп, эң көп соопчулук жазылат. Шайтандардын ыйлай турган мезгили десек болот.  «Эртели кечке ачка жүрөт» деген түшүнүктөр болушу мүмкүн. Бирок бул ыйык айдын өзгөчөлүгү, кудурети бар. Медицинада да пайдалуу жактары да такталган. Буюрса, жакында орозонун бүтүшү менен айымдар үчүн жакшы иш-чара өткөрөлү деп даярданып  жаткан чагыбыз. Өзгөчө иш чара болот деп ишенем. Жан дүйнөнүн тынчтыгы ыйманда экенин баса белгилеп айткым келет.

Калмира Билимбек кызы, спортчу: «Орозо кармап машыктык, кайрымдуулук да кылдык»

– Өзүңүздөргө белгилүү болгондой жакында эле эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты өтпөдүбү. Эртең менен эле учуп келдим. Бул мелдеш орозо учуруна туш болгондуктан орозо кармап жүрүп эле машыгып, даярданып жаттык. Кыйынчылык деле сезилген жок. Мына учабыз дегенде гана убактылуу оозумду ачтым. Атам Билимбек Капарбеков да спортчу жана машыктыруучу. Жыл сайын орозо тутуп, үй-бүлөбүз менен кайрымдуулук иштерди жасоо бизге өнөкөткө айланган. Жеке өзүмдүн атымдан да муктаждарга барып жардам берип кетем.  Атам дайыма «бир колуң бергенди бир колуң билбесин» деп көп айткан үчүн андай нерсени жар салбай эле жасай берем. Колдон келип турса муктаж адамдардын муктаждыгын чечип, ошол иштен эргүү алган мага жагат. 

Назира Айтбекова, алып баруучу: «3,5 миң $ кайрымдуулукка которулду»

– Ооба, орозо кармап мен да кайрымдуулук иш кылдым. Бул орозодо 3,5 миң $ кайрымдуулукка которулду. Байма бай инстаграмдын тарыхчаларынан жардамга муктаждарды чыгарып, колдоп аттым. Мурун концерт алып барып жүргөндө кайрымдуулук концертин көп эле алып бардым. Азыр блогер катары эле көмүскөдө жардам берип коюп жатабыз. Кол сунуу, адамдарга көмөк болуу жан дүйнөгө сонун азык. Бул дүйнөдө жөн эле жашап жүрбөгөнүңдүн белгиси бул. Өзгөчө Кыргызстан аябай кайрымдуу, мээримдүү эл. Мен башка улуттардан мындай беш манжанын бир муштумдай түйүлө калганын байкай элекмин.

Чынар Капарова, диктор: «Банк тиркемеси аркылуу кайрымдуулук кылдым» 

– Кайрымдуулук ишти жасоо ар бир колунан иш келип турган адамдын милдети деп билем. Канчалык берсең ошончолук ишиң жакшырып, ийгиликтүү болот. Замандын агымы ушундай болуп калбадыбы, айтор мурда муктаж адамга  алып барып берсек, азыр түз эле телефондон капчыгына которуп калдык. Бул жолу банк тиркемеси аркылуу көптөгөн кайрымдуулук ишти кылдым. Кудайым кабыл кылса болду.

Айнура Салахидинова, ырчы: «Миллионер болсом бардык муктаждарга жардам берет элем» 

– Бала эмизген үчүн быйыл орозо кармаган жокмун. Бирок интернет булактарына чыккан ар бир муктаждарга бергенге аракет кылдым. Миллионер болсом муктаждардын баарына жардам берет элем.  Кайрымдуулукту биринчилерден болуп  туугандарыңа, анан кошуналарга, андан ашканын тааныштарга жана замандаштарга бериш керек деп коюшат экен. Менин жардамым да дал ушундай этап менен болду. Колумдан келген жардамды берип сүйүнүп алам. Чыгармачыл адамдардын жүрөгү назик болот деген чын. Башкалар ыйласа кошо ыйлап, кубанса кошо кубанган адатым бар. Ал эми кайрымдуулук концерт болсо колумдан келишинче катышып берүүгө аракет кылам.