Умар Анарбаев, коомдук ишмер: Эң башкысы өлкө өргө карай багыт алды
15 июнь

Умар Анарбаев, коомдук ишмер: Эң башкысы өлкө өргө карай багыт алды

Экономика, финансы тармагында эмгектенген, анализи күчтүү Умар Анарбаев менен Кыргызстан өнүгүүгө багыт алган  жагдайлар боюнча баарлаштык.

– Умар агай, мамлекеттик мекемелерде иштеп жаткан кызматкерлер да, кезек күткөн жарандар да үйлүү боло башташты. Бул нерсе мамлекет өнүгүп жатканынан кабар береби?

– Биринчиден, эки дос келгенде эле эл үчүн иштейбиз, элге кызмат кылабыз деп убада беришкен. Ошол сөздөрүнө туруп, мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишинче иштеп жатышат. Бишкек эле эмес, региондордон бери Мамлекеттик иппотекалык компания кабат үйлөрдү куруп, кезек күткөндөргө кезеги менен берип жатышат. Колдорунан келишинче социалдык маселелерди чечкенге аракет кылып, пенсия, айлык акыны жогорулатышууда.  Врач, мугалимдер дагы мамлекет курган үйлөрдөн берилип жаткандай. 

Чынында Садыр Нуркожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич жакшы иштеп атышат. Армияны күчтөндүрүп, аскердик техникаларды жаңылашты. Армиянын кадыры өскөн үчүн өз ыктыяры менен барып, контракттык негиз менен  кызмат өтөгөндөрдүн саны жылдан жылга көбөйүүдө. Жаңы акүй, УКМКга  имарат курулду. Эң башкысы, күтүлбөгөн курулуштар жүрүп, өлкө өргө карай багыт алды.

– Жаңы курулган курулуштар, салынып жаткан жолдор өлкө өнүгүүгө багыт алганын айгинелейби же бул боло берчү иштерби?

– Албетте, ар бир ийгилик өнүгүүгө жасалган кадам экенин түшүнүшүбүз керек. Азыркы бийликтин тушунда күч органдарына да өзгөчө маани бериле баштады. Мамлекеттин бүтүндүгүн сактап, коопсуздугуна кам көргөндөрдүн да айлык-акылары  жогорулап, турак-жай менен камсыз боло башташты.  ӨКМдин дагы техникалык базасын болуп көрбөгөндөй жаңыланып, салыкчылар менен имамдарга чейин машине берилди. Эң башкысы, өз акчабызга тик учак, учактарды сатып ала баштадык. Жарактан чыгып калган аэпорттор оңдоп, түзөөдөн өтүп, ички авиакаттамдар жанданды. Ушунун баары иш жүрүп жатканын далилдейт. Мурда жол, мектеп, бала бакча салуу чоң иш катары каралса, азыр  көп иштин бири болуп калды.

Бардык тармакта жакшы иштегендерге мотивация берилип, мамлекеттик кызматтын кадыры көтөрүлүп калды.  Чынында эле 30 жылда мындай өнүгүү болгон эмес. Кандай болгон күндө дагы жалпы элге жакшы шарт түзүлүп жатат.