Рано Бондарева: Өзгөчө балдар кандай тамактанышы керек? 
23 ноябрь

Рано Бондарева: Өзгөчө балдар кандай тамактанышы керек? 

Заманбап илимдин көз карашы боюнча жүрүм-турумдун бузулушунун себептеринин бири баланын туура эмес тамактануусу болушу мүмкүн, анткени көпчүлүк продукциянын курамында ар кандай консерванттар, жасалма толтургучтар, даамдар жана боёктор бар, алар нейрохимиялык процесстерге терс таасирин тийгизет жана жалпысынан баланын ден соолугуна зыян келтирет. Ошондуктан, өнүгүүсүндө кемчиликтери бар балдар үчүн туура тамактануу абдан маанилүү. Ал эми бул кандай болушу керек, балага кандай тамактарды берүү сунушталат жана пайдалуу көрүнгөн жемиштер дайыма эле оң таасирин береби деген суроолорго диетолог, гомеопат жана социалдык психолог Рано Бондарева “Караван-Инфонун” окурмандары үчүн жооп берет.

– Рано Тахировна, өзгөчө балдар үчүн эмне үчүн туура тамактануу маанилүү?

– Туура тамактануу көптөгөн пайдалуу заттардын – белоктордун, углеводдордун, майлардын, суулардын, минералдардын жана витаминдердин организмге үзгүлтүксүз, керектүү өлчөмдө жана оптималдуу пропорцияда келип турушун шарттайт. Кээ бир аш болумдуу заттардын жетишсиздиги же ашыкча болушу адегенде убактылуу ыңгайсыздык жаратса, андан кийин акырындык менен ар кандай ооруларды пайда кылышы мүмкүн.   

Психо-кеп өнүгүүсү артта калган балдардын тамактануусу алардын ден соолугунда жана жалпы өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт, анткени мындай көйгөйлөрү бар балдардын тамак сиңирүү, табит, тамактануу, тамак-ашты тандоо, чайноо жана жутуу өзгөчөлүктөрү болушу мүмкүн. Ошондуктан, балдар үчүн график боюнча тамактануу, атайын диета кармануу, табитти сактоо жана адистердин кеңешинен өтүү маанилүү.

Диетага келсек, бул психо-кеп өнүгүүсү артта калган балдар үчүн маанилүү, анткени алар өзүн-өзү жөнгө салууда кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн, ошондуктан диетаны сактоо зарыл, башкача айтканда, тамактануу күн сайын болжол менен бир убакта болушу керек.

Кээ бир учурларда, атайын диета талап кылынат. Мисалы, кээ бир тамак-ашка аллергиясы же тамак сиңирүү көйгөйү болсо. Кээ бир дарыгерлер жана диетологдор баланын нейропсихикалык өнүгүүсүнүн белгилүү бир патологиясын комплекстүү дарылоодо кайсы бир диетаны ийгиликтүү колдонушат.

Психо-кеп өнүгүүсү артта калган балдардын табитинде көйгөйлөр жаралышы ыктымал, ошондуктан тамактануу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, аларга ар түрдүү жана жагымдуу тамактарды сунуштоо зарыл. Бир эле жашылча-жемишти бирде кабыгын аарчып, бирде кабыгы менен берсе болот. А кээде ар түрдүү кылып кесип бериш керек, мисалы, бадыраңды шакекчелерге, тилкелерге, кубиктерге кессе болот. Сабизди да ушундай кылууга болот. Алма, сабиз, кызылчаны пюре же духовкага бышырылган чипсы түрүндө берүү кажет.

Баланын өзгөчөлүгүн эске алуу менен кандай тамак-аш берүүнү түзүп алуу үчүн диетолог, гастроэнтеролог, нутрициолог адистеринин кеңешине кайрылуу зарыл. 

– Өзгөчө балдарга кандай азыктарды берүүгө болот же тескерисинче, кандай азыктарды бербеш керек? 

– Мен жогоруда айтып өткөнүмдөй, ЗППР бар балдардын тамактануу рациону тоюмдуу заттарга, белок, май, углевод, витамин жана минералдарга бай болушу кажет. 

Адатта рационго түрдүү жашылча-жемиштерди, протеиндүү азыктарды (эт, балык, жумуртка, сүт азыктары), дан жана дан азыктарын, майларды (жаңгак, зайтун майы) киргизүү сунушталат. Рациондогу канттын жана туздун, ошондой эле майлуу жана кайра иштетилген тамак-аштын деңгээлин көзөмөлдөө маанилүү!

Балага ден соолукка пайдалуу майлардын жана витаминдердин бай булагы болгон авокадо же май кислоталары жана витаминдер сыяктуу маанилүү азыктарды камтыган жаңгак берүүгө болот. 

Ошондой эле ар кандай жашылча-жемиштерди да кошуп, алар смузи же пюре түрүндө берилсе, баланын организми зарыл витамин жана минералдар менен толукталат. Андан тышкары, белок жана кальцийдин булагы болгон ар түрдүү сүт азыктарын: грек йогуртун, айран же быштакты да унутпоо керек. 

Ар бир эне нейродиетологиянын принциптери менен тааныш болушу керек, ал эми өнүгүү проблемалары бар баланын энеси - андан да көп! Балага жасалма даамдар, түстөр, консерванттар, жогорку кант же кофеин кошулган тамактарды жегенге жол бербөө зарыл! Бул азыктар нерв системасын козгоп, сүйлөө функциясынын туура өнүгүшүнө зыянын тийгизет.

В витаминдердин тобу нерв системасынын абалына жооп берет, ошондуктан аны унутууга болбойт. Сүйлөө кемчилиги бар балдарга сөзсүз түрдө В витаминдери сунушталат. Бул сүйлөөнүн кечигүүсүн жана алалиянын алдын алуу жана коррекциялоо үчүн негизги витаминдер. Алар жетишсиздиги аталган бузулууларга алып келген миелиндин синтезине катышат. Алар ошондой эле нейромедиаторлордун синтезине катышат, боор клеткаларынын жана нерв жипчелеринин абалын жакшыртат. Дизартрия менен ооруган балдар ткандардын тамактануусун жакшыртуу үчүн бул витаминдерди кабыл алышы керек. Эгерде бала логопедиялык массаждан өтсө, анда В тобундагы витаминдерди кабыл алуу анын эффективдүүлүгүн жогорулатат.

Балага даярдалып жаткан тамакты жыттап, чайнап, тиштеп көрүүгө мүмкүнчүлүк берип, тамак жасоо процессин көрсөтүп, эстетика жана тамактануу маданиятын сактоо менен ар түрдүү, табигый, пайдалуу тамактарга кызыгуусун арттырыңыз.

– Бардык жемиштер өзгөчө балдар үчүн пайдалуу болобу? Мисалы, алма канчалык ден соолукка пайдалуу? Кайсы жемиштерди берген же бербеген жакшы?

– Гастроэнтерологдор ичеги-карын оорулары бар балдарга чийки алма жегенди сунуштабайт. Чийки жемиштер газдын көбөйүшүнө жана ичеги-карын ооруларынын күчөшүнө алып келет. Орточо көлөмдөгү бир алмада бир чай кашыктан бир аш кашыкка чейин кант бар. Эң жакшы вариант – меште аз өлчөмдө бал кошуп бышырылган алма.

Бананды көп өлчөмдө колдонуу ичеги-карындын көбүшүнө жана көңүл айланууга алып келет, организмден суюктуктук активдүү чыгарып баштайт, анын айынан кан коюуланат. Бананды ичеги-карындын атониясы керек (башкача айтканда алсыз ичеги-карын) барлар жебеш керек. Бул жемиште клечатка жана  азык буласы өтө көп, ошондуктан, аны көп жегенде оорунун жүрүшү начарлайт, метеоризмге алып келет, ичеги-карын синдромунун күчөшүн шарттайт. Ошондой эле банан кан басымды да төмөндөтөт. 

Бала үчүн чакан эки даана же бир даана чоң банан бир күнгө жетиштүү, анткени, бул жогорку калориялуу азыкта кант жана крахмал көп камтылган. 

Ошондой эле, тамак сиңирүү системасына өзгөчө таасирин тийгизгендиктен, бала ич катууга жакын болсо, анда анар бербей эле койгон оң. Аллергиясы барларга, астма менен жабыркагандарга жана анафилактикалык шокту башынан өткөргөн бейтаптарга ана ширесин ичүүдөн баш тартуу сунушталат.

Медициналык каршы көрсөтмөлөр ашказан-ичеги-карын жолдоруна көптөгөн кислоталардын агрессивдүү эмес таасири менен байланыштуу.

Негизинен бардык таттуу мөмө-жемиштерде кант, крахмал, витаминдер, минералдар ж.б белгилүү өлчөмдө болот жана аларды көп колдонуу ичегилерге зыян келтирет. Кант жана крахмал ачыткы козу карындарды тамак-аш менен камсыз кылуу менен алардын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Ичеги кандидозу - ашказан-ичеги-карында козу карындардын активдүү көбөйүшүнөн улам жаралат. Дарылоо жүргүзүлбөсө, инфекция канга кирип, башка органдарды жабыркатат. 

Candida козу карындары активдүү көбөйүп, интоксикацияны жана аны менен байланышкан симптомдорду пайда кылган калдыктарды бөлүп чыгарышат. Оору организм үчүн пайдалуу бактериялык флоранын көбөйүшүнө бөгөт коёт, андыктан тамак-аш туура эмес сиңет. Баланын ичи тез-тез өтүп, ичи көөп, витаминдердин жана азыктардын жетишсиздигинен жабыркайт. Анын иммундук системасы коркунучтун булагын жок кылууга, сезгенүү процессин токтотууга аракет кылат жана бул иммундук жетишсиздикке, жалпы алсыздыкка алып келет.

Кандидоздун эң кеңири таралган себеби – бул туура эмес тамактануу, карбонгидрат азыктарынын басымдуулугу жана клетчатка жетишсиздиги. Канттын көптүгү патогендик флора үчүн жагымдуу аш болумдуу чөйрөнү түзөт: ал пайдалуу бактериялардын өсүшүн басуу менен активдүү көбөйө баштайт.