Любовь Гудимова: Кыргызстанда өрт чыгуу коркунучуна кайсы тармак көбүрөөк кабылат
10 октябрь

Любовь Гудимова: Кыргызстанда өрт чыгуу коркунучуна кайсы тармак көбүрөөк кабылат

Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын өрт-техникалык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси Любовь Гудимова өрт коопсуздугунун көп бузулган эрежелери, иликтөөдөгү жана эксперттерге өрттүн келип чыгышынын жашыруун себептерин аныктоого жардам берген  заманбап технологиядагы кыйынчылыктар тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, көп учурда коркунучка эреже бузуулар өрттүн келип чыгышына түз себепкер болбогон, бирок анын кесепеттерин оордоткон соода объектилери, кампалар жана ресторандар туш болушат.

Өрт коопсуздугун сактоо боюнча кандай обхъектилер көбүнчө күмөн жаратышат?

– Көбүнчө булар соода объектилери, кампалар жана коомдук тамактануу жайлары. Аларда адатта жогорку өрт жүктөмү болот жана өрткө каршы нормалардын талаптары дайыма эле сактала бербейт.

– Өрт коопсуздугунун өрткө же анын кесепеттерин оордотууга алып келчү эрежелери көп бузулабы?

– Мындай эреже бузуулар абдан көп катталат. Алар дайыма эле өрт кырсыгынын түз себеби боло бербейт, бирок анын тез жайылышына жана чыгымдын көбөйүшүнө алып келет.

– Акыркы жылдардагы кайсы өрт-техникалык экспертиза сиз үчүн бир топ резонанстуу же татаал болду?

– Турак жайлардагы жана өндүрүш объектилериндеги өрттүн экспертизасы бир топ татаал болду дей алам. Анткени, анда олуттуу кыйроо орун алган жана ичиндеги буюмдар толугу менен күйгөн. Мындай учурда изилдөөнүн кошумча ыкмаларын колдонуу жана буюм далилдерине, иштин материалына терең анализ жүргүзүү талап кылынат.

2025-жылы Ош базарынын Берекет соода борборундагы жана Канттагы кагаз фабрикасындагы өрт боюнча экспертиза бир топ резонанстуу жана татаал болду.

– Өрттүн келип чыгышын экспертизасыз аныктоого мүмкүн болбогон учурлар болобу?

– Ооба, андай учурлар сейрек эмес. Объектти сыртынан текшерүү дайыма эле жалындын тутанышынын себебин аныктай бербейт. Себепти так аныктоодо лабораториялык изилдөө: металлографиялык анализ же электротехникалык элементтер менен иштөө жардамга келет.

– Кандай заманбап ыкмалар же технология өрттүн жашыруун себептерин же өрткө каршы нормалардын бузулушун аныктоого көмөктөшөт?

– Акыркы жылдары аэрофотосъемка үчүн дрондор активдүү колдонулууда, ошондой эле металлдар менен эритмелерди талдоо, ультра үндүү дефектоскопиянын да жардамы чоң. Мунун баары жашыруун очокторду, жогорку таптагы зонаны жана кадимки текшерүүдө көрүнө бербеген бузулуулардын өзгөчөлүгүн ачыктайт.

– Эксперттер практикасында эреже бузууларды жашырууга аракеттенген кандай айлакер ыкмаларга туш келишет?

– Кээде объектилердин ээлери жалындын тутанышына алып келген изди экспертиза жүргүзүлгөнгө чейин жоготууга же бузук электрожабдыктарды жашырууга аракеттенишет. Окуя болгон жердеги көрүнүштү атайын өзгөрткөн учурлар да кездешет.

– Объекттердин ээлери же уюмдар объектинин коопсуздугуна таасир этүүчү кандай каталарды көп кетиришет?

– Электр тармактарын ашыкча жүктөө, күйүүчү материалдарды талаптагыдай сактабоо, профилактикалык кароодон өтүүнүн зарылдыгын этибарга албаган катачылыктар көп кездешет.

– Экспертизаны өткөрүүгө адатта канча убакыт кетет жана тергөөнүн мөөнөтүнө эмне таасир этет?

– Убакыт объектинин татаалдыгына жана материалдардын көлөмүнө жараша болот. Жөнөкөй баалоо 10 күнгө чейин, орточо баалоо 20 күнгө чейин, татаал баалоо бир айдын ичинде бүткөрүлөт. Белгилей кетсем, өрт-техникалык экспертиза адатта, бир нече объектилерди камтыйт жана татаал болуп саналат.

– Сиз жетектеген бөлүм өрттүн чыгышын иликтөөдө соттор, өрт өчүрүү кызматы жана укук коргоо органдары менен кандай иш алып барат?

– Кызматташуубуз практикалык да, системалуу да мүнөзгө ээ. Соттук-медициналык тергөөчүлөр менен бирге өрт болгон жерди байкоого катышабыз, аларга материалдарды даярдоо жана өрт коопсуздугу боюнча соттук-медициналык экспертизаларды тапшыруу боюнча консультацияларды жана бул экспертизалар боюнча сот өндүрүшүндө көрсөтмөлөрдү беребиз.

– Өрт коркунучун азайтуу жана объектилерди коргоо боюнча уюмдарга жана жеке адамдарга кандай кеңеш айта аласыз?

– Биринчи кезекте электр тармактарын жана жабдыктарын дайыма текшерип туруу, өрт өчүрүүчү жабдыктарды кармоо, кызматкерлерди өрт коопсуздугунун тартибине үйрөтүү негизги мааниге ээ. Жеке үйлөр үчүн - бул электр зымдарын туура тартуу жана ачык отко кылдат мамиле жасоо.

– Өзгөчө жаңы материалдарды жана курулуш технологияларын эске алганда, жакынкы жылдарда өрт коопсуздугун баалоодо кандай тенденциялар жана инновациялар маанилүү болот?

– Санариптик технологияларды колдонуу көбөйөт: 3D моделдөө, автоматташтырылган маалыматтык талдоо, квадрокоптерлорду колдонуу, ошондой эле электрондук микроскопия, рентген-структуралык анализ ж.б. сыяктуу аспаптык изилдөө ыкмалары. Ыкмаларды жаңы курулуш материалдарына жана заманбап “акылдуу үй” системаларына ылайыкташтыруу зарыл.