
Галина Горноженко: Кыргызстанда эркектер арасында кандай сулуулук процедуралары талап кылынат
“Nova Clinic” көп профилдүү медициналык борборунун жетекчиси Галина Горноженко териге кам көрүүнүн маанилүүлүгү, эркек бейтаптар жана ЖМКдагы терс жарнамалар тууралуу айтып берди.
- Өзүнө кам көрүү режимин кандай түзүүнү сунуштайт элеңиз?
- Мен жеке кам көрүү, сулуулук маселелери боюнча адис эмесмин, бирок тажрыйбама таянып айта алам, медициналык борборду иштеткенден кийин бул маселеге комплекстүү мамиле кылууда абдан маанилүү. Биринчиден, бул жакшы тандалган кам көрүү, бул үчүн адиске кайрылуу жакшы. Анткени бардыгын териге, түрүнө жараша тандоо керек, бул абдан маанилүү жана мезгил-мезгили менен кайсы бир процедураларды жасатыш үчүн адиске барып туруу керек. Пластикалык хирургияга келсек, операциядан кийин көнүгүү жасоо жана диетаны сактоо абдан маанилүү, анткени пластикалык хирургия албетте, панацея же сыйкырдуу таблетка эмес. Дайыма жыйынтыкты көзөмөлдөп, жакшыртып, ошол абалында сактоого аракет кылуу керек.
- Беттин терисине кам көрүүнү качан башташ керек?
- Биз косметология жаатында абдан көп жарнамаларды жана сунуштарга күбө болуп жатпайлыбы, бул жерде өзүңүздүн учурдагы абалды так баалай билишиңиз абдан маанилүү. Андан кийин гана адиске өзүңүзгө кам көрүү, кантип калыпка келүү, кандай ыкмаларды колдонуу боюнча кайсы бир программаны жазып бериши үчүн кайрылыңыз, бирок мен кандайдыр бир радикалдуу чараларды кечирээк көрүп, табигый сулуулукту мүмкүн болушунча узагыраак сактоону кеңеш берет элем. Мисалы, мен азыр 38 жаштамын, бирок косметологдун кызматына өтө аз кайрылам, андан көрө өзүмө жакшы кам көрүүнү тандап, бетим үчүн үй шартындагы каражаттарды тандайм – бул космецевтика, ал жөн гана кам көрбөйт, дарылайт дагы, мен коллаген ичем жана косметологго барам, бирок сейрек гана. 30 жашка чыга элек жаш кыздар косметологдун кызматына тез-тез кайрылаарын көрүп жүрөм, бул албетте, ар бир адамдын тандоосуна жараша, бирок мындай учурда ашыкча кетпей, табигый сулуулукту сактоо маанилүү деп ойлойм. Радикалдуу эмес, терини тазалоо, профилактикалык процедуралар болсо мейли. Жакшысы, өзүңө үй шартында жакшы, сапаттуу кам көрүү тандап алуу керек.
- Кардарларыңыздын арасында эркектер да көп экен, алар кандай процедураларга кайрылышат?
-Клиникабызга эркектер ден соолугун чыңдоо үчүн келишет, текшерүүдөн өтүшөт, бьюти процедураларга сейрек кайрылышат, бирок мындай процедураларга кайрылган эркектер көбөйүүдө. Бул жакшы тенденция. Эркектер өздөрүнө кам көрүп, организмди ичинен калыбына келтирүүнүн маанисин түшүнүп башташты. Өзүнүн сырткы көрүнүшүн оңдоп, жакшыртууга мүмкүнчүлүк бар экенин билишти. Заманбап адам үчүн бул тармакта көп ыкмалар бар жана алар жеткиликтүү, болгону жакшы адис табуу гана керек. Мыкты сапаттагы клиниканы, продукцияны табууну мен эркектерге да сунуштайт элем.
- Бейтаптардын адашуусу көп кездешеби? Жарнама жана медиа алардын күтүүсүнө кандай таасир берет?
-Жакшы суроо. ММКлар көбүнчө кандайдыр бир стереотиптердин жаралышына терс таасир берет. Мисалы, пластикалык хирургияны - сырткы келбетти максималдуу түрдө өзгөртөт, ал өтө коркунучтуу, кооптуу, дайыма кесепеттери кошо жүрөт деп жеткиришет, а чынында андай эмес. Практикага таянып айтсам, көп адамдарды кабыл алып, ден соолугун калыбына келтиребиз. Өлкөбүздө ишенүүгө мүмкүн болгон мыкты адистер абдан көп. Практика жүзүндө эң сонун далил – бул бейтаптарыбыз жеткен жыйынтык экенин билебиз.