Эржан, Махабат: “Биз бири-бирибизди толуктап турабыз”
7 март

Эржан, Махабат: “Биз бири-бирибизди толуктап турабыз”

Кыргыз маданиятында жаш болсо да жасаган иши, аткарган ролдору, жараткан образы менен опол тоодой эмгеги бар жаштар бар. Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал театр жана кино актёрлору Эржан Осмонов жана анын жубайы Махабат Асанбекова биздин редакциянын төрүндө болуп кызыктуу маек куруп беришти.

– Эржан, Махабат, сиздерди театр тааныштырды беле?

Эржан: Ооба. Анда мен мектепти аяктап Таластан актёр болом деп борборго келип, Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы студияга тапшырган элем. Махабатты окуу жайдан топ студенттердин арасынан көргөм.

Махабат: Ооба, анда мен 9-классты аяктап “актриса болом” деп көксөп студияга барып тапшырып калгам. Биздин тагдырыбызды кошкон кутту жайыбыз – театр болду. Кийин жакындан таанышып, сабактарга чогуу  даярданып жүрдүк. Театралдык окуу жай болгон үчүн жаныңда өнөктөшүң болсо, этюд сабактарды аткаруу жеңил болот. Ошол себептен студенттерди эки-экиден бөлгөндө эле Эржан экөөбүз чогуу болуп калчубуз.

– Эки таланттуу студенттин шыгын бири-бирине болгон сезимдерин мугалимдер да туйса керек да?

М: Театр адамдары абдан сезимтал болушат го. Назым Мендебаиров агайыбыз  жана Замира Акылаева эжейлерибиз биздин мамилени байкап калышса керек. Студенттер өнөктөштүккө бөлүнгөндө эле бизди атайын бирге кылып коюшчу. Эже-агайлар деле экинчи ата-энеңдей болуп калат эмеспи. Балким тил табышып кетсе кийин бирге болуп, бактылуу болушат деп көздөрү жетсе керек. Ошентип сүйүшкөндөрдүн ролдорун бирге ойноп, бирге жүрүп эле абдан жакын болуп кеттик. Баш кошуу сунушун дароо эле кабыл алгам. 4-курс болгон кезибизде, 2009-жылы 18-декабрда баш кошконбуз.

– Студенттер баш кошкону жакшы. Бирок жашооңордо оорчулук болгон жокпу?

Э: Окууну аяктагандан кийин театрга тандалган студенттерди алып калышат. Андан студенттердин катарында Махабат экөөбүздү тең ошол жылы театрга кабыл алышты. Алган айлыгыбыз 1000 сомдон 2000 сом.  Батирибизге болсо 5 миң сом төлөйбүз. Келинчегиме ыраазы болом, “мага бул керек, тиги керек, акча жок...” деп эч качан айтчу эмес.

М: Ооба, биз Эржан экөөбүз тең байлыкка, бийликке, акчага кызыкпаган адамдардан экенбиз. Барга топук кылып жаңы жашообузду баштаганбыз.  Бирок айлыкты эле карап отурган жокпуз. Ошол кездерде “Дем” театры түптөлүп, попупярдуулугу артып турган учуру болчу. Ар бир концертке чакырышчу. Эржан эң жаш актёр болуп кирип, ал жакта да кошумча иштеп аз айлыгыбыз деле билинбей калды. Кийин айлыгыбыз 2000 сомго, андан кийинки жылы 4000 сомго көтөрүлүп жашообуз уланды.  Сүйүүбүзгө мас болуп жүрүп андай деле кыйынчылыкты сезген жокпуз.

– Кайын журтка кандай келин, кандай күйөө бала болдуңар?

М: Мен Чүйдүн кызымын. Ата-энемдин эки кызынын кичүүсүмүн. Менин туугандарым, ата-энем мага караганда Эржанды жакшы көрүшөт (күлүп).  Күйөө балдар кызмат кылат дешет го. Үйгө барсак атам Эржанды жанына төргө отургузуп алат.

Э: Мен болсо эки кыз, эки эркек бир тууганмын. Уулдардын кичүүсү болгонум менен иш, жашоо борбордо болуп калды. Таластын уулу болгон үчүн үйгө бат-баттан барып турганга аракет кылабыз. Махабат кадимкидей келиндик парзын аткарып, чайын берип кайын журту менен жакшы мамиледе.

– Таанышкандан бери 20 жылдай убакыт күнү-түнү бирге экенсиңер. Бири-бириңерден тажаган учурлар болобу?

Э: Аны ойлонуп да көрбөптүрбүз.Тескерисинче чогуу жүрүп көнүп алганбыз да.

М: Ооба, бизге чогуу жүргөн жагат. Көпкө көрүшпөй калсак издешип калабыз. Менден кызганыч жөнүндө да көп сурашат. Бизде кызганыч эмес, бири-бирибизге ишеничибиз чоң. Мисалы, Эржан көпчүлүк учурда башкы каармандын образында кесиптеш айымдар менен роль аткарат.   Биздин кесибибиз ошондой да, мен кызганбайм.

– Ар бир үйдө казан-аяк кагышат эмеспи. Таарынышып калганда ким биринчи жазылат?

Э: Андай учур бизде деле болуп турат. Ким көбүрөөк күнөө кетирсе, ошол биринчи сүйлөп баштайт (күлүп).

М: Бизде экөөбүздө тең көк беттенип сүйлөбөй коюу деген болбойт. Башынан эле театрдан чыккандан кийин ал жактын түйшүгүн сыртта калтырабыз да, үйдө үй-бүлөлүк жашообузду улантабыз. Ал гана эмес, үйгө келип ролдорду жаттап даярданбайбыз. Эгер иште жетишпей жатсак атайын иш убактысынан кийин калып театрда даярданабыз.

– Бири-бириңерге кеңеш, сын айтышып турасыңарбы?

М: Ооба, ал сөзсүз да. Жакшы ролдорубузга кубанабыз. Кемчилиги болсо кеңеш айтып түздөгөнгө аракет кылабыз. Негизи мага караганда Эржанды коомчуулук көбүрөөк тааныйт го. Чындыгында эле Эржан

Кыргызстандагы эң таланттуу актёрлордун бири десем жаңылышпайм. Көчөгө чыгып калганда “аялын карсаң, аялы ушул турбайбы...” деп артыбыздан сүйлөнүп калгандар болот. Биз андайга көнүп деле калдык.

– Канча балдарыңыздар бар?

Э: Кудайга шүгүр, бир кыз, эки уулубуз бар. Менин бул жашоодогу утушум мени ар тараптан түшүнгөн, колдогон  келинчекке туш болгонумда. Азыр балдар чоңойду. Кызым 16га келип биз гастролго кеткен учурларда бөбөктөрүн карап, бизге жардамдашканга жарайт. Азырынча кесиптерин тандаша элек. Кичинекейлеринде биз менен сахнага балдардын ролдорун ойноп чыгып калышчу. Эгер апасы экөөбүздүн жолубузду жолдойм дешсе каршы эмеспиз.

М: Балдарыбыз кечээ эле төрөлүп жаткандай болду эле. Минтип эрезеге жетип отурушат. Эсимде, бир баламды төрөгөнүмө бир жума болгон кезде мен ойногон спектакль телеге тартылат деп, баламды көтөрүп келип сахнага чыккам. Үч баламда тең кырк күндөн кийин эле  сахнага чыктым. Андай учурда көшөгө артында жолдошум, кесиптештерим балдарды карап турушчу. Эми ушул балдарыбыздын келечеги үчүн үйлүү болуп калсак экен деп тиленип калдык. Буюрса, ал күндөр да алыс эместир...