
Атамекендик унаа сатып алуучуларга жеңилдетилген кредит берилет
Кыргызстанда жеңилдетилген автокредит боюнча мамлекеттик долбоордун алкагында “Улуттук авто” кредиттик продуктусу ишке кирди. Бул жеңилдетилген насыяны жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жеке ишкерлер ала алышат. КР Экономика жана коммерция министрлигинин жана «Айыл Банк» ААКсынын өкүлдөрү насыя берүүнүн шарттары тууралуу айтып беришти.
КР Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай долбоорлорун өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айгүл Шаршенова билдиргендей, долбоор КР Министрлер Кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында ишке ашырылууда. Анын максаты – жеткиликтүү жеңилдетилген насыяларды берүү аркылуу атамекендик өндүрүштөгү автоунааларга суроо-талаптын көбөйүүсүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү. Башкача айтканда, минималдуу баштапкы төлөм жана төмөн пайыздык чен коюлат.
Шаршенова бул Кыргыз Республикасындагы биринчи автомобиль чыгаруучу завод экенин жана ал өлкөнүн автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө түрткү берерин баса белгиледи. Ал быйылкы жылдын аягына чейин завод 1000ге жакын автоунаа чыгарууну пландап жатканын билдирди. “Жалпысынан долбоор 3 этап менен ишке ашат. Биринчи этапта 3 жылдын ичинде 10 миң автоунаа чыгарылат. Экинчи этапта 2 жылда 20 миң, үчүнчү этапта 30 миң автоунаа чыгарылат”, - деди Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү.
«Айыл Банк» ААКтын талдоо жана колдоо бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Токтогулов өз кезегинде насыя берүүнүн шарттарына токтолду.
Анын айтымында, 2 миллион сомго чейин насыя алуу үчүн 20 пайыз баштапкы төлөмдү төлөш керек жана бул учурда күрөөгө унаанын өзү коюлат. 2 миллион сомдон жогору насыялар үчүн кеминде 30 пайыз баштапкы төлөм талап кылынат. 20 төлөм деле болот, бирок анда калган 10 пайыз үчүн күрөө коюу керек. “Эгерде биздин кардарлардын күрөөсү жетишсиз болсо, анда алар кепилдик фондунун кызматынан пайдалана алышат”, - деп түшүндүрдү Токтогулов.
Анын айтымында, насыянын мөөнөтү 5 жылга чейин, үстөк пайызы жылына 8 пайыз. Жеке тараптар 3 миллион сомго чейин, а калган бардык катышуучулар 100 миллион сомго чейин насыя ала алышат.
Ошондой эле, “Айыл Банктын” өкүлү унааны аталган банк жана унаа чыгарган ишкана иштешкен камсыздандыруу компаниялары камсыздандырышы керектигин кошумчалады. Ошондой эле алгачкы этапта кандай унаалар чыгарылып жатканын жана алардын баасы канча экенин айтты. Ага таянсак, жеңил унаалардын 5 маркасы чыгарылат:
- Chevrolet DAMAS жана Chevrolet LABO, алардын баасы 740 миң сомдон 765 миң сомго чейин;
- Chevrolet COBALT - 1 миллиондон 1 миллион 217 миң сомго чейин;
- Chevrolet ONIX – (баасы көрсөтүлгөн эмес);
- Chevrolet Tracker - 1 миллион 667 миң сомдон 1 миллион 927 миң сомго чейин.
Ал кошумчалагандай, пландарда жүк ташуучу унааларды чыгаруу да бар.
Автоунаалардын сапаты жогорку экенин спикерлер белгилешти. Сапат боюнча сертификат “Кыргызстандарт” тарабынан берилген. Унааларга 3 жылга чейин же 100 миң чакырымга чейинки аралыкка кепилдик берилет.
“Жакшы машина - жаңы машина деп айтылат эмеспи. Ошондуктан бул жерде эч кандай күмөн саноо болбошу керек”, - деп жыйынтыктады уктуруунун коноктору.