Жылды кандай жыйынтыктадыңыз?
31 декабрь

Жылды кандай жыйынтыктадыңыз?

Ар бир жыл ар бир адамдын жашоосунда ар түрдүү окуялар, жагдайлар, ийгиликтер менен коштолуп, эсте калат эмеспи. «Быйылкы 2024-жыл кандай жыйынтыкталып жатат?» деген сурообузга маданияттын өкүлдөрү жооп беришти. 

Жеңишгүл Өзүбекова, КР Эмгек сиңирген артисти: «Октябрь айынан баштап тасмалардын бет ачары менен алекпиз»:

– Менин чыгармачылык жолум толугу менен кыргыз сериалына байланган. Ошол себептүү 2024-жыл мен жана менин чыгармачылыктагы жалпы кесиптештерим үчүн жемиштүү болду. «Кыргыз сериал» өндүрүштүк мекемесинде быйыл абдан чоң ийгиликтер жаралды. Бир топ жетишкендиктер менен быйылкы жыл жыйынтыкталып, октябрь айынан тарта тасмалардын бет ачары менен алек болуп жатабыз. Былтыр  9га жакын долбоорду жүзөгө ашырып абдан жакшы иштер болду эле, быйыл деле ошого улай 4 чоң долбоорду жыйынтыктадык.

2024-жылы «Чоочун киши» сериалынын экинчи сезону, «Жалбыз» сериалынын үчүнчү сезону, андан сырткары «Жеңилбес жетөө» деген балдар үчүн жомогубузду баштаганбыз, ошонун уланысы тартылды. Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгынын урматына «Талант жана тагдыр» чыгармасы төрт серия менен тартылды. Андан сырткары Ысык-Көлдүн Түп районунун айылдарынын биринде  кыз-келиндерден түзүлгөн хоккей курама командасы бар. Ошол спортчу кыздарыбыз менен биргеликте, болгон окуянын негизинде «Муз үстүндөгү гүлдөр» деп 10 сериялуу тасма тарттык. Кыргыз милициясынын 100 жылдыгынын алкагында «Тайган» деп аталган 14 сериядуу детектив тартылды. Келээрки жылы тарыхый сериалдарды тартабыз деген планды быйылкы жылы коюп жатабыз. Кудайым буйруса, ал да ишке ашып калар. Ошентип 2024-жылы менин чыгармачылыгымда тынымсыз иштер, ийгиликтер болду. 

Съездбек Искеналиев, обончу, аткаруучу: «Кыздуу болуп, Кореяга жеке концерт берип келдим»:

– Быйылкы жыл башталганы жакшылык менен башталды. Февраль айында башыбызга баш кошулуп Ширин аттуу кыздуу болдук. Элден өзгөчөлөнүп айтылган тилектер, баталар үйүбүздө калсын деп ресторанда эмес, жайлата үйдө той бердик. Чыгармачылыгым да жылдагыдан өзгөчө болуп биринчи жолу  Кореяга барып концерт коюп келдим. «Жүрөгүмө кайт», «Кыймылда» деген жаңы чыгармаларым жарык көрдү. Билимимди дагы жогорулатайын деп юридикалык жактан билим алып жаткам. Июль айында  Юридикалык академияны аяктап, «Юрист» деген  диплом алдым. Беш жылдан бери психологияны окуп жаттым эле, «Психолог» деген сертификаттын да ээси болдум. Быйылкы 2024-жыл мен үчүн акжолтой жылдардан болду. 

Түмөнбай Колдошов, Маданият жана искусство университетинин ректору:

– Ар бир жылы жыл тогошордо жашоомо, чыгармачылыгыма саресеп салып, жаратканга шүгүр келтирип ошол жылга ыраазычылык билдирем. Быйылкы 2024-жылы чыгармачылыгымда да, ишимде да бир топ жакшы иштер жасалды. Маданият жана искусство университетинде өткөн жылы аспирантура ачылса, быйыл магистратура  ачканга жетиштик. «Улуттук» статусун алуу үчүн өкмөткө сунуш бердик. Буйруса жакынкы арада ишке ашат деген тилек чоң. Жаңы ишке келгенде өнүктүрүүнүн беш жылдык  стратегиялык планын түзүп келсем, быйылкы жылы  бир тобу ишке ашты.  Чыгармачылыгым да  калып калган жок. Таланттуу акын кыздарыбыз Г.Дастаналиеванын, Н.Өмүрбаеванын ырларына обон жаздым. Жамандыктан кудайым өзү сактасын. Ар бир үйдө биздикиндей жетишкендик, ийгиликтер боло берсин.  Буйруса келээрки жылга жеке чыгармачылык концертимди өткөрөм деп 2024-жылдын акыркы айларында план жаздым. Жаңырган Жаңы жылыбыз да быйылкы жылдан кем калбай жакшы ийгиликтер менен коштолот деген ойдоймун.