Кыргызстанда бүгүнкү күндө 160 миң турак жай камсыздандырылды - Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын жетекчисинин орун басары
1 октябрь

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 160 миң турак жай камсыздандырылды - Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын жетекчисинин орун басары

Бул тууралуу “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасында 2016-жылдан бери турак жайларды өрттөн жана башка табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам иштөөдө.

Абдыжалиевдин айтымында, 2016-жылы бул мыйзам күчүнө киргенде 10 миңден бир аз ашык турак жай камсыздандырылган.

“Акыркы жылдары жарандар турак жайларын бир аз көп камсыздай башташты, бирок бул аздык кылат”, - деди ал жана жарандарды турак жайларын камсыздандырууга чакырды.

Камсыздандыруу компаниясынын өкүлү жарандар үйлөрүн камсыздандыруудан канча пайда көрөрүн эске салды. Ал белгилегендей, камсыздандыруу үчүн жыл сайын төлөнүүгө тийиш болгон сумма турак жайды жабыркаткан кырсык болгондо камсыздандыруу компаниясы төлөй турган суммадан дээрлик 1 миң эсе аз. “Бул минималдуу тариф,  жарандар аз сумма төлөп, өздөрүн камсыздандырууга мүмкүнчүлүк алышат”, - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында айыл жерлери үчүн турак жайды камсыздандыруу жылына 600 сом, ал эми шаар үчүн жылына 1 миң 200 сомду түзөт.