Султан САДЫРАЛИЕВ: «Мени комуз менен домбра эле багып келе жатат»
Жаш ырчылардын арасында көзгө толуп, сөзгө алынган Султан Садыралиев ар бир ырын жүрөккө жеткире ырдап жан дүйнөгө жылуулук тартуулайт. Учурда чыгармачылыктан алыс экенине карабай аны тойлорго чакыргандар абдан көп. Жакшылыктарда кызмат кылып жүргөн Султан бүгүн бизде конокто.
– Султан, чыгармачылыгыңдагы тыным дагы деле уланууда, эмне менен алексиң?
– Күнүмдүк жашоо, үй-бүлөм менен алекмин. Балдарым менен көп убакыт өткөрүп атам. Чыгармачылык менен иштеген жокмун. Мурда ырларды жаздырып, атымды таанытып алганым азыр мени багып атат. Теледен чыкпаганым менен элге той-топурларда кызмат кылып жүрөм. Теледен чыгарбай бут тоскондор деле жок. Болгону иштегим келбей жүрөт, убакыт да тар. Чыгармачылык менен иштеш үчүн үй-бүлөңдү караган бирөө болушу керек экен. Келинчегим кечке эле балдарды карап отура албайт, балдарымды кароого мен да милдеттүүмүн дегендей. Азыр биз тең укуктуулук заманда жашап жатпайбызбы. Ошентип, күндүзү үй-бүлөм болсом, кечинде чакыруулар боюнча барып ырдап жүрөм.
– Чакыруулар арбын элеби?
– Кудайга шүгүр, арбын эле. Азыр кайсы жерге концерт койбоюн, эл келет. Быйыл сахнага чыкканыма 20 жыл болуп Кыргызстанды кыдырып концерт бердим. Эл мурункудай эле абдан жакшы кабыл алды.
– Чыгармачылыкта анча иштебегениңден улам бизнеси барбы деген ой туулат…
– Эч кандай бизнесим жок. Бала болуп башыма жүн чыккандан бери мени комуз менен домбра эле багып келет. 3-классымдан баштап Казакстанда «Жас канат» деген сынакка катышып дайыма утуп келчүмүн. Ушундан улам коңшу айылдагылар мени жакшы таанышчу. Ал айылдарда той болсо барып ырдап, кыстарылган акчаларды жыйнап келип бир туугандарыма «сен футболка ал», «сен шым ал» деп бөлүп берчүмүн. Акчаны алардан ашырып калып чогултчумун дагы. Анымды атам менен апам гана билчү. Таласка көчүп келгенден баштап «Мээрим» фонду уюштурган «Жаш таланттар» сынагына катышып жыл сайын 1-2-орундарды багындырдым. Ал сынакка Аалы Туткучев, Кундуз Таштаналиева, Самат Көчөрбаевдер болуп катышчубуз, Талас облусу дайыма алдыга чыкчу. КТРКга да жыл сайын чыкчу элек. Ошол учурда эле бизге көңүл бургандар болуптур. Маданият изилдөөчү Балбай Алагушов атабыз: «Мен сени 13-14 жашыңдан бери карап жүрөм, үйдө ырдаган запистериң бар», - деп таң калтырган. «Сынактан утуп келген бала» деп Таласта күндө тойго чакырышчу. Кийин студент болгону деле тойлордо ырдап баштадым. Ал кезде ырчылар аз беле же кымбат беле, билбейм, той ээлери жатаканага таланттуу балдарды издеп келишчү. Вахтадагы эжелер аларды Мирбек Иманбеков экөөбүз жашаган бөлмөгө жиберишчү. Мирбек аккордеон, мен домбра менен ырдап акча тапчубуз.
– Ошол кезде ставкаңар канча эле?
– Ставкабыз 500 сом эле. Бирок азыркыдай эки ыр ырдап кетип калмай жок, коноктор кеткенче жандуу ырдачубуз. Той тарап, мас болгон үй ээси уктаган соң жеңелер берген баштык менен 500 сомду алып таңкы саат 4-5терде үнүбүз бүтүп жатаканага кетчүбүз. Күйөрмандарымдын көпчүлүгү - улуу адамдар, жыйырма адам отуруп деле жандуу үн менен ырдаганымды уккусу келгендер бар. Андай жерлерге барганда беш тойдун акчасын бир алып коём. Андыктан чыгармачылык менин бизнесим десем болот. Акыркы учурда таза кандуу жылкы баксамбы деп кыялданып жүрөм. 2-3-классымда аттарды байгеге көп чапчумун, ат таптаганды билем. Эсимде, ыйлап атып атамдын 5 торпогун саттырып, таза кандуу жабагы сатып алып, ошону 3 жыл чапкам. Атым алдыңкы орундарга чыгып килем, палас, мотоциклден бери утуп алчумун. Атты жакшы көрөм. Айрыкча азыр мурдагыдай автоунаага кызыкпай, атка кызыгып калдым. Уулумду да жылкы баласына жакын тарбияласам дейм.
– Балдарыңдын кимисинен өзүңө окшоштуктарды көрөсүң?
– Балам тайларына окшош. Кызым мага окшоп шок, ак көңүл, анан абдан бышык. Аны карап жүрөгүм элжирейт. “Кыз деген - конок” деген кепти эстесем Жараткандан жылдар өтпөсө экен деп суранам. Кызымды жанымдан чыгаргым келбейт.
– Келинчегиң эмне иш менен алектенет?
– Келинчегим мага караганда билимдүү, Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык бөлүмүн жакшы баалар менен бүтүргөн. Кийин “экономист боло калайын” дегенинен сырттан окуткам. Азыр юрист, экономист кесиптеринин ээси. Бирок иштей элек, балдар чоңойгондо иштейт. Менимче, аялдын жаралгандан милдети - үйдө болуп балдарга тарбия берүү. Качан гана балдар өз алдынча болуп калганда иштесе болот. Мен ишке муктаж эмес акчалуу туруп деле бала багуучу жалдагандарга таң калам. Балдарын бала багуучу тарбиялап, өзү көрүнгөн жерде тентип жүрөт. Кеп төрөп койгондо эмес, балага энелик мээрим, тарбия бергенде. Балдар ата-энеси жанында болуусун эңсешет. Биз балдардын көзүнчө телефон чукулап отурбайбыз. Бош убактыбыздын баарын балдарыбыз менен чогуу өткөргөнгө аракет кылабыз.
