Кубан Чороев: Кыргызстанга USDKG эмне үчүн керек жана инвесторлорду эмне күтөт
3 декабрь

Кубан Чороев: Кыргызстанга USDKG эмне үчүн керек жана инвесторлорду эмне күтөт

Көз карандысыз экономикалык баяндамачы жана криптовалюта боюнча эксперт Кубан Чороев «Караван-инфого» берген маегинде алтын менен камсыздалган биринчи улуттук стейблкоин USDKGнин мааниси, инвесторлордун ишенимине тийгизген таасири жана Кыргызстандагы санариптик активдердин келечеги тууралуу айтып берди.

– Алтын менен камсыздалган биринчи улуттук USDKG стейблкоининин ишке киришин кандай баалайсыз?

– Эр жүрөктүүлүк  менен жасалган келечектүү кадам! Алтын менен камсыздоо – бул айрыкча, алтын салттуу түрдө ишенимдүү актив катары эсептелген аймакта күчтүү маркетингдик жана ишенимдүү аргумент. USDKG ички эсептешүүлөр үчүн туруктуу санариптик курал болот жана башка криптовалюталардын туруксуздугунан улам келип чыкчу тобокелдиктерди азайтат.

– Стейблкоинди алтын же мамлекеттик баалуу кагаздар сыяктуу ишенимдүү активдер менен камсыз кылуу маанилүүбү?

– Өтө маанилүү. Камсыздоо – бул ишенимдин негизи. Ансыз стейблкоин – бул кыйроо коркунучу бар, камсыздалбаган санариптик жазуу гана болуп калат. Буга бир катар камсыздалбаган токендер мисал боло алат. Алтын, өзгөчө улуттук алтын кору жана мамлекеттик баалуу кагаздар USDKGге реалдуу нарк жана мамлекеттин (Улуттук банктын) колдоосун берип, анын туруктуулугун жана реалдуу активге алмашуу мүмкүнчүлүгүн кепилдейт.

– USDKG Кыргызстандагы инвесторлордун санариптик активдерге болгон ишенимине кандай таасир берет? 

– Оң таасир берет. Алтын менен камсыздалган улуттук стейблкоиндин көзөмөлдөө түзүмдөрү тарабынан ишке киргизилиши – бул санариптик активдердин мыйзамдуулугунун белгиси. Ошентип, туруксуз Биткоинден качкан консервативдүү инвесторлорду тарта алат. Аны менен катар калктын жөнгө салынган санариптик активдерге карата жалпы финансылык сабаттуулугун жогорулатат.

– Кандай ойлойсуз, улуттук стейблкоин эл аралык криптовалюталар менен атаандаша алабы?

– Атаандаша алат, бирок алмаштыра албайт. Атаандаштык туруктуулук, эсептешүүлөр жана өлкөнүн ичиндеги аманаттарды сактоо чөйрөсүндө болот. USDKG Кыргызстандын ичинде туруктуулук жана ишеним жагынан артыкчылыкка ээ. Эл аралык криптовалюталар (Bitcoin, Ethereum) глобалдык инвестициялык курал жана трансчек аралык эсептешүү каражаты катары өз ролун сактап калат. Алардын ролу жана функциясы башкача.

– Көз карандысыз башкаруучу жана камсыз кылуучу активдерди милдеттүү түрдө баалоо системасы USDKG ээлерин кантип коргой алат?

– Бул система – коргоонун негизги элементи. Көз карандысыз башкаруучу эмитент менен активдерди сактоочунун ортосундагы функциялардын бөлүнүшүн камсыздайт, кыянаттык менен пайдалануу коркунучун азайтат.

Милдеттүү баалоо (аудит) сактагычтагы алтындын саны ар дайым чыгарылган USDKG санына 1:1 катышында дал келишин кепилдейт. Мындай ачык-айкындуулук жана текшерүү – токен ээси үчүн негизги кепилдиктер.