Кыргызстанда алгачкы ЖИ-аватар “Сайра апаны” жасаган Бурулай Мырзакметова: «Жасалма интеллект аялдарды жаңы кесипке жетелөөдө»
Сайра апа – социалдык тармактарда көпчүлүккө тааныш образ. Акылдуу кеңештери, кыска жана таамай ойлору менен элди шыктандырып келген бул айымды көптөр чыныгы адам катары кабыл алып келишет. Бул образ Кыргызстанда нейросеть технологияларын биринчилерден болуп жайылткан адис Бурулайдын эмгеги. Жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, кыска убакытта чоң эмгек жараткан Бурулай каарманы тууралуу өзү айтып берет.
– Бурулай, Сайра апа деген ким? Алгач маекти ушундан баштасак. Анткени көпчүлүк аны тааныганы менен биздин окурмандардын арасында социалдык тармактарды колдонбогондор да бар.
– Ооба, туура айтасыз. Алгач сайттын окурмандарына Сайра апаны кыскача тааныштырып кетейин: Сайра апа - жашы болжол менен 55-60тардагы чачы сары, дайыма пушту түстөгү кийимдерди кийип, колуна күчүк көтөрүп жүргөн жасалма образ. Ал өзүн караган, бай, эркин аял. Акылдуу кеңештери, кыска, бирок таамай ойлору менен башкаларды шыктандырып келет. Бул аялдын образын нейросеттин жардамы менен баштан-аяк мен түзүп чыккам. Бирок ушунчалык сапаттуу жасалгандыктан аны ушул күнгө чейин реалдуу адам деп ойлогондор бар экен.
– Ал образ кимдин прототиби? Эмне үчүн аты Сайра?
– Аты Сайра болгонунун себеби, өзүнүн акылдуу кеңештерин башкалардын кулагына куюп дайыма сайрап турушун каалагам. Экинчи тарабы: терс пикирдеги адамдар “бул сүйлөй берет... бул сайрай берет...” деп көңүл бурбай өтүп кетсин деген ниетте ушундай атты ылайык көргөм. Сайра апаны өзүмдүн ошол курагымдагы прототибим деп койсом болот. Башкача айтканда, келечектеги Бурулай. Чачынын сарылыгын эле эске албаганда, мен дал ошондой болуп карыгым келет. Ошондо деле өз миссиямды улантып аялдарга мотивация берип, алардын оюн, жашоосун өзгөртүүгө салымымды кошо берсем дейм.
– Сизди Сайра апа долбоорунун негиздөөчүсү катары тааный баштадык. Ага чейинки басып өткөн жолуңуз тууралуу айтып берсеңиз?
– Мен Искусство университетинин менеджерлик факультетин аяктагам. Окуумду аяктагандан кийин Акыйкатчы институтунда аялдардын жана балдардын укугун коргоо боюнча “горячая линияда” 2 жыл иштедим. Менин кызматым, 115ке чалган аялдардын арыз-арманын угуп, жазып, каттоо болчу. Эки жыл ичинде кандай гана тагдырларды укпадым... Ошолордун ар бирин берилип, өзүмдөн өткөрүп жаздым. Андан кийин беш өлкөнү тейлеген эл аралык уюмга алгач катардагы менеджер болуп кирип, финансылык директорлукка чейин көтөрүлдүм. Ал жакта биз абакта отурган жарандарга билим берет элек. Анда да абакта отурган абдан көп аялдын тагдырын уктум. Укугу тебеленген эркиндиктеги да, абактагы да аялдар менен сүйлөшкөндө аларга ушунчалык жардам бергим келчү, жашоолорун өзгөрткүм келчү. Бирок кандай жол менен экенин билчү эмесмин.
– Анан жолуңузду кантип таптыңыз?
– Балдар менен үйдө отуруп, акча тартыштыгы жаралганда “жашоомду өзгөртүшүм керек” деген чечимге келдим. Ошондой күндөрдүн биринде бир техника тууралуу угуп калдым: “Өз жашооңду өзгөрткүң келсе - ата-энеңден башта” дейт. Кыскасы, ата-энеңдин максаттарын жазып, аларды иш жүзүнө ашырып берсең, жолуң ачылат экен. Мен атама бардым да, “ата, максаттарыңызды айтыңыз, мен аларды орундатып берем” деп атамдын максаттарын жазып алдым.
– Атаңыздын кандай максаттары бар экен?
– Өтө деле чоң эмес экен: айылда жашаган үйүн оңдоп-түзөп, бардык шарттарды түзүү, эски машинасын жаңыга алмаштыруу жана умрага баруу экен. Аягында атамдын батасын алып, оюмда чоң жолго аттандым. Бирок кайсы жол менен кетем, өзүмө да белгисиз. Анан эле үч күндөн кийин... Австриялык бир баланын “нейросетти үйрөтөм” деген жарнамасын көрүп калдым. Ага чейин эле бул тармакка кызыгып жүргөм. Дароо эле сатып алдым да, ушунчалык кызыгуу менен үйрөнө баштадым. Сайра апа ошондо жаралды.
– Мына атанын батасынын күчтүүлүгү э?
– Албетте! Кыз бала үчүн атанын батасынан ашкан байлык жок. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып гезит окурмандарына айтар элем: эгер сиздин ата-энеңиз тирүү болсо, батасын алыңыз! Нейросеть мага келген эң сонун мүмкүнчүлүк болду. Жогоруда айткандай, менин башынан эле аялдарга мотивация беришим керек деген максатым бар болчу. Бирок менин сөзүм өтүмдүү болуу үчүн өзүмдүн жашоом ошого шайкеш келиш керек деген ой токтото берчү. Нейросетте ушундай мүмкүнчүлүк бар экен, өзүңдүн жүзүңдү, жашооңду көрсөтпөй эле максатыңды ишке ашырууга болот экен.
– Чындыгында бул экрандан корккондор, уялгандар үчүн сонун мүмкүнчүлүк да.
– Ооба, эч кимге көрүнбөй үйдө отуруп алып эле акча таба бересиң. Мен да башында кылып жаткан жумушум тууралуу эч кимге айткан жокмун. Атүгүл жолдошума, бир туугандарыма деле. 8 күндө 30 миң катталуучу чогулуп, Сайра апаны көптөр таанып баштаганда бул менин эмгегим экенин айта баштадым. Ошондо деле тааныштарым: “Сен үйдө отурган жөнөкөй эле декреттеги энесиң, бул бай аял менен сени эмне байланыштырат?” деп сурап атышты. Анан бара-бара жасалма интеллекттин жардамы менен ойдон чыгарылган образ экенин түшүнүшкөндө үйрөнүүнү каалагандар көбөйдү. Биринчи эле айда 150 айымды окуттум. Кийинки айда дагы ошондо айымды... Азыр төртүнчү агымды чыгардым, толук кандуу менден курстан окуп чыккандар 700дөй болуп калды. Анын арты менен атамдын баягы максаттарын иш жүзүнө ашырдым. Ремонтун жасап бердим, машина алып бердим, эми умрага жолдомо алып бергени жатам. Ошол эле учурда өзүмдүн да көп максаттарымды иш жүзүнө ашырдым.
– Окуучуларыңыз кандай ийгиликтерге жетишүүдө?
– Окуучуларым да жашоолорун өзгөртүп алууга жетишти. Окуу учурунда эле буйрутма менен видео жасашып, чоң-чоң кирешелерди таап жатышат. Мисалы, бир окуучум сентябрь айындагы эң биринчи агымда окуган. Ал кезде окуу акысы 5 миң сом болчу. Ошону да бөлүп төлөө шарты менен бир жылга карызга алыптыр. Өзү айылда кайнене-кайнатасы менен жашаган, майда балдары бар келин. Ошол айым 180 миң сом киреше тапты. Бул сыяктуу окуучуларым абдан көп. Алардын айтымында, акчадан мурун да “менин колумдан да бир нерсе келет экен” деген ишенимдүүлүк пайда болот экен. Кайын журтунун мамилеси өзгөрүп каларын айтып жатышат. Эң чоң жетишкендик ушул. Муну менен мен аялдарды жаңы ой жүгүртүүгө, жашоосун жаңы деңгээлге көтөрүүгө салымымды кошуп жатам деп эсептейм.
– Жасалма интеллектти үйрөнүү оор эмеспи? Муну баары эле жасай алышабы?
– Мен сабак тартып жатканда айылда жашаган, үйдөн чыкпаган, декретте отурган карапайым келинди элестетип, жатык тил менен абдан майдалап түшүндүрүп жазам. Эгер ошол келин түшүнгөндөй деңгээлде жаза алсам, анда баары түшүнөт деп ойлойм. Менин окуучуларымдын басымдуу бөлүгү өзүмө окшогон декреттеги айымдар. Ошолор эле ийгилик жаратып жакшы кирешелерди таап жатышат. Өздөрү айтмакчы, буйрутма түшүп калса тойдо отурган жеринен деле жасап туруп 1000-2000 сомго иштеп коюшат экен. Биздин дагы бир өзгөчөлүгүбүз - кайтарым байланыш мыкты. Үйдө отурган айым кичине эле бир жери окшобосо “менин колумдан келбейт экен” деп баарын таштап коёт. Ушундай болбосун деп мен кайтарым байланышка өзгөчө басым жасайм. Бир аз эле маселе чыкса ошол жерден кураторлорум чечип беришет. Окуучуларымдын эң улуусу 64 жаштагы эже болду. Азыр өзүнө сонун долбоор түзүп алып иштеп жатат. Чайнап берген билимди өздөштүрүп алып, андан ары алып кетиш ар кимдин өзүнөн көз каранды.
– Декреттеги энемин деп калдыңыз, ушунча иштин баарын балдарыңыз менен үйдө отуруп эле жасап жатасызбы?
– Ооба, менин 2,5 жаштагы эгиз балдарым бар: бир уул, бир кыз. Көптөн күткөн балдарыбыз болгонгобу, азырынча бакчага да, бала багуучуга да тапшыргыбыз келбей жатат. Мен үйдө иштейм. Жандуу сабактарымды жолдошумдун дем алыш күндөрүнө карап коём. Такыр эле убактыларыбыз туура келбей жатса эжемди жардамга чакырам. Мен үйдө 4 кыздын 3-сүмүн. Кичине кезимден үйдүн да, сырттын да ишин кылып, бардык жумушту майын чыгара жасаганга көнгөм. Ошол адат калат экен, азыр да кандай ишти баштабайын, түбүнө чейин түшүп сапаттуу аткарганга аракет кылам. Андыктан мага иштин мазмуну, жыйынтыгы маанилүү. Ушул сапатым менен окуучуларымды дагы да бийик деңгээлдерге жетелейм деп өзүмө ишенем.
Бурулайдын нейросеть боюнча курстарына кызыккандар үчүн байланыш номери: 0552606204
