Кваме Аброква: 90-жылдардагы музыка укмуштуудай обону менен айырмаланып турчу
27 февраль

Кваме Аброква: 90-жылдардагы музыка укмуштуудай обону менен айырмаланып турчу

Бишкекте өткөн Dari Fest 2026 эл аралык музыкалык фестивалында ырдаган Nana легендарлуу тобунун солисти Кваме Аброква Кыргызстандан алган таасирлери, 90-жылдардагы музыка, жаңы аудитория жана индустриянын келечеги тууралуу айтып берди.

– Кыргызстандан алган биринчи таасирлериңиз кандай болду? 

– Бул кооз өлкө. Бул экинчи жолу келишибиз жана эки сапарыбыз тең абдан жакты. Жаратылышы сонун, адамдары абдан жароокер жана меймандос. Бул жолкусунда аба ырайы анча жакшы болбой калды, өгүнкү келгенибизде абдан сонун болчу. Ошондой эле жергиликтүү тамак-аш жакты,  келген сайын өтө көп жейбиз.

– Фестивалда кыргызстандык көрүүчүлөрдү эмне менен кубантасыз? 

– Биз көрүүчүлөргө алар билген жана жакшы көргөн нерселерди берүүгө аракет кылабыз. Бишкек акыркы 25 жылда чоң өзгөрүүлөргө дуушар болгон сонун шаар.  Бул жакта менин музыкаларымды абдан жакшы билгендер көптүгүнө таң калам. Мага жагымдуу. 

Фестивалда классикалык хиттерди, мисалы Lonely, Let It Rain, Dreams аткарам. Мындай иш-чаралар дайыма өзгөчө энергияга ээ, ошондуктан мен көрүүчүлөр менен бирге абдан күчтүү жана эмоционалдуу аткарууну күтөм.

– Эмнеге 90-жылдардагы музыка ушул убакка чейин популярдуулугун жоготкон жок? 

– Бул ностальгия гана эмес. Ал жылдардын музыкасынын обону укмуштуудай болчу. Whitney Houston, Mariah Carey жана  Jay Z сыяктуу артисттер атаандаштык жаратышчу. 

Жанрлардын жана артисттердин түрү абдан көп эле. Бүгүн дагы музыка көп, бирок 80- жана 90-жылдардагы обондун күчү азыр сейрек кездешет. 
 Анын үстүнө дал ушул MTV доору артисттердин толук бир муунуна катуу таасир берди. 

– Ал доордун кайсы ырлары сизге жагат? 

– Абдан көп. Мисалы, What Is Love у Haddaway, Be My Lover у La Bouche.

Андан сырткары Snap!, Ace of Base жана Dr. Alban тректери жандүйнөмө жакын. Ал убакта дээрлик ар бир ыр хитке айланчу. 

– Gen Z муунунун аудиториясына жана TikTok сыяктуу социалдык тармактарга кызыгасызбы? 

– Жаштар биздин музыканы мурдатан эле угуп келишет. Концерттерге ата-энелер көбүнчө балдарын ээрчитип келишет, андыктан өспүрүмдөр биздин ырларды билишет. 

Бирок бул аудиторияны алдай албайсың. Чыныгы артист болуп, музыкаңа дал келген нерсени кылышың керек. 

Бизде TikTok бар, бирок тренддер үчүн ал жакта бийлебейбиз.

– Сиз азыркы музыка индустриясы жана ЖИ-музыка жөнүндө эмне деп ойлойсуз?

– Бүгүнкү күндө артисттердин чыгармачылыгы мурдагыга караганда алда канча начар корголот. Мурда келишимдер жана лицензиялар музыканы жакшы коргочу. Азыр кимдир бирөө ремикс жасап, автордук укуктарды эске албай эле, аны жөн гана колдоп коюуну суранышы мүмкүн.

Эгерде индустрия чыгармачылыкты коргоого олуттуу мамиле кылбасак, келечекте чоң көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

– Бишкекти кайсы шаар менен салыштырууга болот? 

– Чынын айтканда, эч бир шаар менен салыштыруу мүмкүн эмес. Ар бир өлкөнүн өзүнө таандык өзгөчөлүгү болот. Бишкек эли, тарыхы жана атмосферасы менен эсте калат.

Мен өтө көп саякаттайм, бирок сувенир топтогонду жаман көрөм. Анын ордуна менде “эскерүүлөр жащиги” бар, так ошол жакка ар кайсы өлкөдөн тапкан таасирлеримди салам. Анда Бишкек тууралуу эскерүүм да бар. 

– Жылдыз болуу кыйынбы же ошол абалды ондогон жылдар бою кармап туруубу?

– Талант, туура таанышуу, анан албетте, ийгилик керек. 90-жылдары абдан көп иштедик, эл ошол убакты азыркыга чейин эстешет. Ошондуктан көңүлдүү отуруш өткөрүүнү каалагандар сөзсүз бизди чакырышат. 

– Азыркы жаштар сиздердин музыканы кандай кабыл алышат? 

– Эгер адамдар ырдын маанисин – сүйүүнү, жашоо баалуулуктарын сезе билишсе, анда музыканы кабыл алышат. Бүгүн музыка дүйнөсү абдан бөлүндү, мурда мейнстримди калыптаган бир гана MTV болгон, азыр ар бир адам каалаганын угат.

Биз болгону музыкабызды жазабыз жана ырдайбыз. Аны эл жактырса – биз үчүн эң башкы нерсе ушул.