Трендсиз жана түйшүксүз. Толгонай Байра Жаңы жылды кандай тосоору жана улуттук моданын келечеги тууралуу
Толгонай Байра үчүн Жаңы жыл – бул жөн гана календардын алмашуусу эмес, ички жаңылануунун, баалуулуктарды кайра карап чыгуунун жана өзөккө кайтып баруунун мезгили. BAIRA улуттук кийимдер брендинин жана BAIRA этно-кофейнясынын негиздөөчүсү биз менен үй-бүлөлүк салттары, бренддин келечеги, модадагы маанайы жана майрамдык күндөрү өзүнө жана өзүнүн маданий кодуна ишенимдүү болуунун маанилүүлүгү тууралуу ой бөлүштү.
– Толгонай, үй-бүлөңүздө кандай жаңы жылдык салттарды карманасыздар?
– Биз Жаңы жылды сөзсүз түрдө ата-энебиздин үйүндө – ата-энебиздин жана балдарыбыздын жанында тособуз. Эже-сиңдилерим, ага-инилерим келишет, баарыбыз чогулабыз. Эң башкы нерсе – ушул.
– BAIRAнын 2026-жылга кандай пландары бар?
– 2026-жылга планды жашыруун кармагым келет. Убакыт тез алмашат, аны менен кошо бренддин позициясы да өзгөрүп турат. Жетекчи жана негиздөөчү катары менин да ойлорум алмашат. Ушундай да учурлар болот: бүгүн сенде амбиция толтура, а бир жылдан кийин аны эмес, такыр башка нерсени кааларыңды түшүнөсүң. Баалуулуктар убакыттын өтүшү менен өзгөрөт.
– Жаңы жылда кандай тренддерди ойлонуштуруп жатасыз?
– Мен этноколорит кийимдери менен иштегендиктен, жаңы жылда ачык байкалган этно-стиль азаят. Буга чейин бум болду, а эми кандайдыр бир тынчтыктын жана визуалдык жайчылыктын мезгили келет.
– Кандай түстөр жана кездемелер популярдуу?
– “Табитте жана түстө дос болбойт” деп коет эмеспи. Ачыгын айтсам, мен мода божомолдорун кубалабайм жана коллекция түзүүдө түстөр менен кездемелердин трендине анчалык ыңгайлаша бербейм. Этника дайыма эле ачык түстүү, бирок аны ар кандай жолдор менен көрсөтсө болот. Жыйынтыгында, жан дүйнөңө жакын нерсе популярдуу болуп калат.
– Жаңы жылдык майрамда стилдүү, ошол эле убакта ыңгайлуу кийингиси келгендерге кандай кеңеш берет элеңиз?
– Мен негизи үй-бүлөдө ар бир күн майрам болушу керек деп эсептейм. Күн сайын жарашыктуу, стилдүү жана өзүбүздүн ички, руханий дүйнөбүзгө шайкеш кийинүүгө тийишпиз. Башкысы – терең сезимдерибизди жана жеке өзгөчөлүгүбүздү алмаштырбашыбыз керек. Ар бир адамдын өзүнүн стили, сүйүктүү формасы жана дизайны болот.
– Сиздин көз карашыңызда, майрамдык образы тандоодо адамдар көбүнчө кандай ката кетиришет?
– Башкаларга жагынуу үчүн кийинүү жана трендди жөн эле кубалай берүү – бул башкы ката. Трендди карманганда, эгер ал образ сизге чындап жарашса гана стилдүү көрүнөт. Бирок кээде башкаларга жагынам деп атып, адам гармониялык айкалыштан алыстап кетет дагы, жыйынтыгында табигый эмес, ал турмак күлкүлүү көрүнүп калат.
– Кыргызстандын улуттук модасынын жакынкы жылдардагы өнүгүүсүн кандай болжолдойсуз?
– Күчтүүлөр жашап кетет. Акыркы 2-3 жылда чыныгы бум болду, көптөгөн чакан бренддер жаралды. Кимдир бирөө үчүн бул убактылуу экспериментке же өзүн сынап көрүү жолуна айланды. Убакыттын өтүшү менен алар өчөт. Кийимдерде чагылдырылган маданий мурас жана элдик чыгармачылык үчүн чын дилинен күйүп-бышкандар калат. Так ушул нерсе чыныгы улуттук мода болуп саналат.
