Ибрагим Жунусов: Ибрагим Татлысес «Биз Ибрагимдер эч кимден сурабайбыз. «Букадармини» ырдай бер» деп уруксат берген
25 май

Ибрагим Жунусов: Ибрагим Татлысес «Биз Ибрагимдер эч кимден сурабайбыз. «Букадармини» ырдай бер» деп уруксат берген

«Сахнадан саясатка кеткен» Ибрагим Жунусов учурда эки жаатта тең убактылуу тыныгууда. КР Эл артисти, мурдагы маданият министри, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси түрк тилиндеги ырларга көбүрөөк басым жасаары белгилүү. Караван-Инфо менен болгон маегинде түрк ырларына болгон кызыгуусу кантип жаралганын айтып берди.

Ибрагим агай, социалдык тармакта сиздин түркчө ырдаганыңыз чоң талкуу жаратууда. Репертуарыңызда түрк ырлары дагы барбы?

– Негизи мен түркчө көп ырларды билем. Махсун Кырмызыгюль, Ибрагим Эркал, Ибрагим Татлысестин көп эле ырларын ырдайм. Мага түрк ырлары абдан жагат. Өзүм да түрк элине көп жолу концерт бергем. Ошондой эле түрктөрдүн колдоосу менен чет мамлекетке көп чыккам. Ошол учурда репертуарымдын 30 пайызы түркчө ыр болушу керек болгон. Ошондонбу түркчө көп ырларды ырдап калгам. 

Социалдык тармакта талкуу жаратып, элдин кызыгуусун арттырып жаткан «Букадарми» деген ырды түрктүн Эмре, Таркан деген ырчылары дагы ырдаган. Мен бул ырды ырдап жүргөнүм менен ырдын автору менен учураша элекмин. Ибрагим Татлысес деген түрктөрдүн Ырыспай Абдыкадыровго окшогон өтө талантуу, популярдуу, легендага айланган адамы бар. Мен аны Ибрагим Устаз деп коём. Экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы. Ушул ырдын ээсин таппай жатам. Ырын сурап коёюн дедим эле десем, «сенин атың Ибрагим, менен атым Ибрагим. Биз Ибрагимдер эч кимден сурабайбыз. Ырдай бер, мен өзүм ага айтып коём» деп уруксат берген. Ошондон кийин ырдап калгам. «Букадарми» чынында жакшы ыр.

– Бул ырды кайсыл тойдо ырдадыңыз эле?

– Сабырбек Жумабековдун апасынын юбилейинде ырдагам.  Чакырылган ырчылар көп болсо да, мени да ырдап бер дешкенинен ошол жерден чыгып ырдагам. Бирөө тартып алып социалдык тармакка чыгарып койгон экен. Ошол ырдаганым социалдык тармакта чоң талкуу жаратып, жакшы пикирлер көп айтылыптыр...

– Дагы кайсыл тилдерде ырдай аласыз?

– Орусча, түркчө, өзбекче жакшы ырдайм. Араб тилинде дагы бир-эки аткарган ырым бар.

– Неге сахнадан да, саясаттан да алыстап кеттиңиз?

– Сахнадан дагы, саясаттан дагы алыстадым деп айталбайм. Убактылуу тыныгуудамын десем туура болот го. Мен саясатка  сахнада жүргөндүгүм үчүн келип калгам...