Догдуркүл Кендирбаева: Мен таянган сапаттар: өтө жөнөкөйлүүлүк, өтө жеткиликтүүлүк жана жогорку профессионалдык чечимдер
Лидер айымдардын жолунда кандай тоскоолдуктар учурайт жана аны жеңүү үчүн кандай кадамдар жардамга келет? Бул боюнча Билим берүү жана илим министри Докдуркүл Кендирбаева “Караван-Инфо” менен болгон маегинде айтты.
– Сиздин түшүнүгүңүзгө аялдын лидерлиги деген эмне?
– Мен лидер аял дегенди мындай түшүнөм: ал кандайдыр бир чоң жүк, милдет көтөрүп жүрүүгө, чоң чечим кабыл алууга дараметтүү. Өзү жашаган чөйрөнүн, мейли, үй-бүлөсү же мектептеги бир класстыбы – алдыга жылдырууга чоң жоопкерчилик ала алат жана андан тайманбайт. Жетекчи менен лидердин айырмасы өтө чоң. Жетекчи кайсы бир кызматка дайындалат, а лидер кырдаалды жеңүү, башкарууда бай тажрыйбага ээ жана өзүнүн көз карашын башкаларга сунуштап, ынандыруу менен көптөгөн өзгөрүүлөрдү жаратууга багыт берет. Бүгүнкү күндө мыкты позициядагы лидер айымдар көп.
– Сизге лидер катары калыптанышыңызга эмне жардам берди?Кандай жеке сапаттарыңыз, сырткы жана ички чөйрө таасирин тийгизди?
– Албетте, лидер табиятынан лидерлик сапатка ээ болот. Ошол эле учурда кырдаалдык лидерлер да бар. Лидердин жаралуусуна көбүнчө үй-бүлөлүк тарбия таасирин тийгизет. Мисалы, атам мага өзгөчө эркиндик берип, шыктандырып, корпогонго, сынбаганга, кандайдыр бир жаза алчу болсом дагы чындыкты, көз карашымды чечкиндүү айтууга тарбиялаган. Үй-бүлөдө бала өсүп жаткандагы калыптандырылган жана мектепте жаралган лидерлик сапаттар адамды түбөлүк коштойт.
Кырдаалдык лидер - ал ошол учурдун талабынан улам жаралат. 1990-жылдары өлкөдө өтө оор абал орун алганын билебиз, билим берүү системасы чоң сыноого туш келген. Экономикалык оорчулуктан улам жүздөгөн мугалимдер кызмат ордун таштап кетти. Бирок мен таштаган жокмун, базарга кетпедим, ошол кыйынчылыкты жеңүүгө кириштим, новатордук демилгелерди көтөрдүм. 1996-жылы өлкөдөгү “Жыл мугалиминде” республикалык деңгээлде эң алдыңкы орунга ээ болдум. Ошондой эле билим берүү жылында өзүмдүн оюмду, абалыбызды ачык айтып чыктым. Эгерде билим берүү системасына жардам берилбесе, жетиштүү көңүл бурулбаса, келечекте бул трагедияга айланаарын билдиргем.
Ошол учурдагы оор кырдаалдан чыгыш үчүн эң биринчи жарандык позицияларды бекемдөөгө аракеттендим, ал үчүн өзүбүздүн мектепке гранттык каражаттардын эсебинен эң алгачкы билим берүү борборун ачтык. Кийинчерээк, 2000-жылы айылда балдарды өнүктүрүү борбору жолго коюлду.
Кырдаалдан чыгууда кандайдыр бир жолду таба билүү – лидерге таандык жакшы сапат болуп эсептелинет. Социалдык же адистик жоопкерчиликти сөзсүз түрдө тынымсыз өнүктүрүп, турмушка пайда алып келээриңе абдан ишенишиң керек жана жанындагы адамдар да сага ишенүүгө тийиш. Жалгыз адам эч убакта лидер боло албайт.
– Лидер катары калыптанууда кандай тоскоолдуктарга туш болдуңуз жана азыр да кандай тоскоолдуктар кездешүүдө?
– Басып өткөн жолумда анчалык деле тоскоолдук жолуктурган жокмун. Тажрыйбага таянып айтканда, көп учурда тоскоолдук үй-бүлөдө болот. Турмуш жолумда лидерлик сапатымды колдогон жакындарга жолдуу болдум. Өз үйүмдө атам колдосо, келин болуп келгенден кийин кайнатам менен жолдошум бардык тараптан колдоого алышты. Лидер болом деген аялдарга жакындарынын дем берүүсү абдан чоң мааниге ээ. Бүгүнкү күнгө чейин үй-бүлөм мага психологиялык, физикалык шарттарды түзүп, коомдун жүгүн алууга, демилгелерди көтөрүүгө мүмкүнчүлүк беришти. Лидерге сөзсүз ишенимдүү чөйрө болушу керек. Эгерде үй-бүлөсүндө оор абал түзүлсө, коомдо оор абал болсо, жумушунда да оорчулук жаралып жатса – аял аны көтөрө албайт, моралдык жактан сынып калышы мүмкүн. Колдоо менен кошо аялдын өзүнө ишенген, кыялдарына жеткире турган жеке амбициясы болууга да тийиш.
Мен өтө көп кыялданам, кыял – бул максат, анан ошол кыялдарыма үч жылбы, беш жылбы – кайсы бир убакыт аралыгында жетүүгө аракеттенем.
– Тоскоолдуктарды жеңүүдө кандай чечимдерди көрөсүз?
– Лидерликтеги кездешкен тоскоолдуктарды мен жөнөкөйлүүлүк, жеткиликтүүлүк, ынандыруу жана далилдүү фактылар менен жеңгенге аракет кылам. Жасалма лидерлик деген бар, ал башка. А табигый лидерликте ким бирөөгө жагынайын, коомго жакшы көрүнөйүн деген нерсе болбойт, ал өзүндөгү жакшы сапаттарды андан ары өнүктүрүүгө гана умтулат.
Мен бүгүнкү күндө да ушул сапаттарды алдыга коем жана таянам: өтө жөнөкөйлүүлүк, өтө жогорку профессионалдык чечимдер, өтө жеткиликтүүлүк. Элдин сага болгон ишенимдүү мамилеси лидердик ишти андан ары жылдырууга чоң мүмкүнчүлүк берет.
