Назгүл Малабаева: «Ишкер катары мамлекеттин коопсуздугуна жана экономикасына салым кошом»
Назгүл Жаркынбекова Малабаева: “AVA-Kg” жана “Арсиско АМО ПАК” компанияларынын негиздөөчүсү. Борбор Азияда курал-жарак жана ок-дарыларды өндүрүү менен алектенген жалгыз аял. Ал менен болгон маекти сунуштайбыз.
– Назгүл айым, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Балалык чак, үй-бүлө жана кесиптик жолуңуз тууралуу окурмандарга кызык болсо керек.
– Мен, Назгүл Жаркынбековна Малабаева, 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында төрөлгөм. Кадимки кыргыз үй-бүлөсүндө чоңойдум. Балалык кезим айылдын таза абасында, жөнөкөй, бирок мээримге толгон чөйрөдө өттү.
Апамдын акыл-насыяттары, ата-энемдин эмгекчилдиги – менин жашоомдун негизи болуп калды. Кичинемден эле акыйкаттыкты, тазалыкты, эмгекти баалай билүүгө үйрөндүм.
Кийинчерээк Түркияга билим алууга кеттим. “Dokuz Eylül” университетинин Экономика жана башкаруу илимдер факультетин “Дүйнөлүк экономика” адистиги боюнча аяктадым. Ошол жакта окуп жүрүп, үй-бүлө күтүп, бир уулдун энеси болдум. Ошентип, жашоом жаңы барактан башталды.
– Алгачкы эмгек жолуӊуз кайдан башталды?
– Окуумду аяктаган соң, 1998-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эмгек жолумду баштадым. Ошол эле учурда, 2004-жылы өзүмдүн жеке компаниямды негиздедим.
Бул компаниянын максаты – мекендештерибизди чет өлкөлөргө мыйзамдуу түрдө жумушка орноштуруу болчу.
21 жыл аралыгында миңдеген кыргыз жарандары ушул платформа аркылуу Венгрия, Чехия, Польша, Словакия, Литва, Түркия жана Германия сыяктуу өлкөлөргө иштегени барышты.
Бүгүнкү күндө отуз миңден ашуун мекендештерибизди жумуш менен камсыз кыла алганыбызга сыймыктанам. Кээ бирлери ошол жакта үй-бүлө күтүп, жашоосун жаңы барактан башташты. Алардан келген “ыраазычылык каттар” – мен үчүн эң чоң сыйлык.
– Учурда сиз негиздеген “Ava-Kg” компаниясы Кыргызстанда чет өлкөгө жумушка орноштуруучу эң ишенимдүү платформа катары белгилүү. Эми болсо сиз курал-жарак өндүрүшүндө да иштеп жатасыз… Бул идея кайдан жаралды?
– Ооба, акыркы төрт жылдын ичинде мен инвестиция тартып, кошумча жаңы багыт ачтым.
“Арсиско АМО Пак” ЖЧКсын негиздеп, курал-жарак жана ок-дарыларды өндүрүү ишин баштадык. Азыр Кыргызстанда жана Борбор Азияда бул тармакта иштеп жаткан жалгыз аял – менмин.
Албетте, бул өтө жоопкерчиликтүү жана эр жүрөктүүлүктү талап кылган иш. Бирок мен корккон жокмун, себеби бул өлкөнүн коопсуздугуна жана экономикасына салым кошот.
Биз үчүн бул жөн гана бизнес эмес – бул мамлекеттин стратегиялык өнүгүүсүнө багытталган иш.
– Эл аралык кызматташуу жаатында да активдүү иш алып барып жатканыңызды билебиз…
– Ооба, мен Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эмгек менен камсыздоо комитетинин төрага орун басарымын.
Мындан тышкары, Кыргыз-венгер ишкер кеңешин жетектеп, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланышты өнүктүрүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга аракет кылып келем.
Эл аралык кызматташуу – бул мамлекеттин келечеги. Биз дүйнө менен ачык байланышта болсок, жаштарыбызга да жаңы жолдор ачылат.
– Ишкер аял катары кыйынчылыктарды көп жолу баштан кечирген чыгарсыз. Алардан кандай сабак алдыңыз?
– Ооба, жашоодо кыйынчылыктар болбой койбойт. Үй-бүлөмдө да, ишимде да оор учурлар болду. Бирок менин урааным дайыма бир эле: “Кыйынчылык болбосо, ийгилик болбойт.”
Ар бир сыноо – бул сабак, ар бир тоскоолдук – бул жаңы мүмкүнчүлүк.
Мен ишенем, эгер пейилиң түз болсо, Аллах өзү жардам берет.
Жашоонун оор күндөрүнөн кийин ар дайым жаңы дем менен кайра көтөрүлдүм. Себеби менде ишеним бар болчу — алдыда жакшылык күтүп турат деген ишеним.
– Сиздин жашоо философияңыз, айымдарга болгон көз карашыңыз кандай?
– Айымдар – коомдун тиреги. Биз аялдар үй-бүлөнүн да, мамлекеттин да, коомдун да пайдубалыбыз.
Ошондуктан, мен бардык кыргыз кыз-келиндерине айтаар элем:
“Эч качан чөкпөгүлө, ишенгиле! Ар бир кыйынчылыктын артында жеңиш турат.”
Биз аялдар дүйнөлүк деңгээлде атаандаша алабыз, жөн гана ишеним жана аракет керек.
– Акырында, сиз үчүн бакыт деген эмне?
– Мен үчүн бакыт – бул адамдардын жашоосуна жарык тартуулоо.
Өзүмдүн ишим аркылуу миңдеген мекендештердин жашоосун өзгөртүүгө салым кошуп жатканыма сыймыктанам.
Менин ишим – бул миссия.
Өз элиме пайдалуу болуу, мекен үчүн эмгектенүү – менин жашоомдун мааниси.
