Эмгек сиңирген артисти, кылкыякчы Залина Касымова: “Өзүмө көңүл бурууга убакыт келди...”
14 февраль

Эмгек сиңирген артисти, кылкыякчы Залина Касымова: “Өзүмө көңүл бурууга убакыт келди...”

Кыргыз маданиятында өзгөчө таланты бар кылкыякчы Залина Касымова жыйырма жылдан ашык убакыттан бери чыгармачылык чөйрөдө үзүрлүү эмгектенип келет. Эки жыл мурун Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Кыргыз жана эл аралык сахналарда заманбап улуттук кийимдери менен кылкыяктын кылын күүго келтирген Залина айым менен болгон маекти сунуштайбыз.  

– Залина, алгачкы суроом жакында эле Вьетнам өлкөсүнө болгон сапарың тууралуу болсун, эс алууң кандай өттү?  

– 2025-жыл мен үчүн абдан жемиштүү жана көп эмгектенген жыл болду. Кыргыздар “жанымды сабап иштедим” – деп коюшат го, ошол сыяктуу 2025-жылы бардык мезгилде тынымсыз иштедим. Анан жылдын жыйынтыгы катары эс алууну туура көрүп, көптөн бери кыялданып бирок, ишке ашыра албай келген саякатты уюштурдум. Бул ирет ата-энем, балдарым менен чогуу Вьетнамдын Нячанг шаарында эс алдык. Биринчи жолу мен үчүн “жөн гана эс алуу” болду. Себеби, көп жылдар бою жумуш, концерт менен чет өлкөлөргө чыгып келгенмин да. Ал учурда толук кандуу эс албайсың. Вьетнамдын мага жаккан жери – табийгаты кооз жана эли абдан тынч экен. Бардык жерде сабырдуу, маданияттуу мамиле жасашканы жакты.

– “Тынымсыз иштедим”, - деп калдың, кененирээк айтып берсең?..

– Мен акыркы эки жылдан бери жеке менчик мектепте мугалимдик кесипти аркалап, 7-8-класстардын окуучуларына комуздан сабак берем. Кудайга шүгүр, бир жылда жакшы жыйынтык болуп, азыркы учурда ийримдеги комузчулар бардык иш-чараларда катышып жатат. Жетекчилер, окуучулар жана ата-энелер тарабынан менин дарегиме мактоо сөздөр жана ыраазычылыктар айтылып келет. Мен бул үчүн абдан кубанам. Себеби, бир жылдын ичинде комуз ийримине катышууну каалаган окуучулардын саны көбөйүп жатканында... 

– Эмне үчүн кылкыяктан эмес, комуздан сабак берип калдың? Сенин комуз черткениңди билбегендер көп болсо керек?

– Ооба (күлүп). Кылкыяктан сабак берүү планымда бар болчу, аны жетекчилик дагы колдоп берүүнү айтышкан. Бирок, комуз ансамблиндей бир учурда беш-он балага кылкыякты үйрөтүү жеңил эмес. Көбүнчө кылкыякты  үйрөтүүдө ар бир окуучу менен жеке иштөөгө туура келет жана көп убакыт талап кылынат. Мен убагында “Устат-Шакирт” борборунан залкар комузчу эжекебиз Самара Токтакуновадан сабак алгам. Комузду черткенден өзүнчө ырахат алам. Ошондуктан, билген өнөрүмдү шакирттерге үйрөтө берейин дедим.

– Дагы кандай эл билбеген талантың бар?

– Өзүмдү-өзүм өнүктүрүү жагынан психология илимин көп окудум. Андан сырткары, өткөн жай мезгилинде батир сатуучулук менен алектенип көрдүм. Мага жакты. Алгач бир бөлмөлүү батир сатып алып, аны ремонттоп, жасалгалап кайра сатып, жакшы киреше таптым. Жылдан-жылга балдарым чоңоюп, алардын муктаждыктары жана окууларына кеткен каражаттар өскөн сайын, сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип эненин ролун аткарып, балдарым үчүн болгон күч-аракетимди жумшап жаткан кезим. Албетте, бул нерсе мен үчүн абдан маанилүү, бир жагынан жагымдуу. Аларга дайыма татыктуу тарбия, терең билим берүүгө далалат кылам. Өзүм үлгүлүү эне болууга аракеттенем. Кудайга шүгүр, кызым да, уулум да эстүү, акылдуу, тарбиялуу болуп чоңоюп келе жатышат. Экөө тең жакшы мектепте окушат. 

– Кызыңдын ырдаганын социалдык тармактарга жүктөп каласың, ырдоо боюнча сабак алып жатабы?

– Кызым абдан жакшы ырдайт, үнү да бийик. Бирок, азырынча ырчы болом деген максаты жок. Жөн гана кызыгуусу күч болууда. Ырдамайынча отура албайт. Мен анын кызыгуусун байкап, демин өчүрбөйүн деп, вокал сабагына жибердим. Өзүм музыкант болгонум менен профессионалдуу ырчы эмесмин да, ошондуктан чыныгы адистерге барсын деп, акы төлөп окуттум. Өзү англис тилинде эркин сүйлөгөндүктөн, ошол тилде ырдап жатат. Мектебиндеги иш-чараларга ырдап чыгууда. Алдыда кыргызча ырларды аткарууну пландап жүрөт.

– Атасы мыкты ырчы экени маалым, ырдоо боюнча атасынан кеңеш алып турабы?

– Кеңеш алыш үчүн ага чейинки мамиле болушу керек да. Атасы менен балдардын ортосунда жакын катыштык жок. Азыр анын өзүнүн үй-бүлөсү бар, балким, убактысы жоктур. Эгер кызынын ырдагынан угуп, колдоп, кеңешин эмес, сабагын кошо берем десе, мен каршы эмесмин. Бирок, биз эч качан бирөөдөн жардам сурап, күтпөйбүз. Ар бир баланын өзүнүн ырыскысы бар, кудай бизди ырыскыдан кем кылган жок.

– Чыгармачылыктагы эмгек жолуңа канча жылдын жүзү болду? 

– Мен он жети жашымдан баштап иштедим. Эмгек китепчемди карасам 23 жылдык иш-тажрыйбам бар экен. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап жатканда мамлекеттик экзаменге Карамолдо Орозов атындагы Эл аспаптар оркестринде иштешкен: Бакыт Тилегенов анан Сагынбек Акматалиев агайларыбыз комиссия болуп келишкен. Экзаменден чыкканда эле мени чакырышып: “бизге жумушка киресиңби?” – деп сунушташкан. Мен анда жашмын да, дароо макул болгом. Ошентип, мектепти бүтүп эле бир убакта иштеп да, Консерваторияда эл аспаптар оркестри бөлүмүндө окуп да жүрдүм. Аны бүткөн учурда эки жылдык аспирантураны бюджеттин эсебинен бекер окуу мүмкүнчүлүгү жалгыз мага буюрган. Аны да кызыл диплом менен ийгиликтүү аяктадым. Мугалим жана жеке аткаруучу – кылкыякчы профилине ээ болдум. Кийин окуп жүрүп М.Күрөңкеев музыкалык окуу жайында да иштеп калдым. Негизи менин чыгармачылык жолум абдан бай. Студент кезде бир учурда 3-4 жерде иштеп, окуп баарына жетишчүмүн (күлүп).

– Эл аралык сынактарга, мамлекеттик иш-чараларга көп катышкан өнөр адамына киресиң, алардын баары сага мыкты стимул болсо керек да?

– Ооба. Убагында сиз айткандай, көптөгөн кароо-сынактарга, эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларга катыштым. Азыр айтканда оңой көрүнгөнү менен ошол учурда даярдыктагы кыйынчылыктар, ыйлаган, ызаланган жана кубанган учурлар көп болду. Үйдө бир чемоданда диплом, грамота, мактоо баракча, ыраазычылык каттар бар. Өнөрдүн аркасы менен элүүгө жакын мамлекетти кыдырып келдим. Ал жактан алган эмоцияларым мага шык берип турду, мени өстүрдү. Эки жыл мурда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алуу үчүн “Ындымак Ордого” автобус менен бара жатканда ошол бир чемодандагы сыйлыктарды алып жаткан учурлар көз алдыма тасмадай тартылды. Көзүмдөн жаш акты. Себеби, аларда канча деген эмгек жатат. Өзүмө-өзүм ыраазы болдум, бир чети өзүмдү аяп да кеттим. Бул албетте, жагымдуу көз ирмемдер.

– Аткарган чыгармаларың өткөн чакты да бүгүнкү заманды да чагылдырып тургандай сезилет. Чыгармаларды кантип тандайсың?   

- Жалаң тойго ылайыкталган чыгармаларды тандабайм. Элдин табитин бузуп алуудан корком. Бул нерсе  чыныгы чыгармачылкка жатпайт деп ойлойм. Өсүп келе жаткан муунга тарбия бере ала турган музыка сунушташыбыз керек. Акыркы убакта чыгармачылык, репертуар менен кызуу иштеп жатам. Өзүм автордук чыгарма - “Бийиктик” деп аталган күү жазгам. Андан сырткары, эл аралык концерттерге барганда уялбай аткаруу үчүн Майкл Жексондун бир чыгармасын кыяка салып, онго жакын адам ойногон чет элдик үйлөмө аспаптардын курамы менен жаздырдым. Элдер жакшы кабыл алышууда.

– Чыгармачылыгың, балдарын, жумушуң бир нукка түшүп, баары орду-орду менен келе жатыптыр. Турмушка чыгуу оюңда барбы?

– Жогоруда айткандай, буга чейин балдарымды биринчи орунга, карьерамды андан кийинкиге коюп, материалдык базамды толуктап, жашоомду бир нукка салып алдым. Эми өзүмө көңүл бурууга убакыт келди...

Бактылуу бол, маегиңе чоң рахмат!