Махабат Мавлянова, жеке ишкер, экс депутат: "Жолдошум экөөбүз эгиз балалуу болдук" 
28 ноябрь

Махабат Мавлянова, жеке ишкер, экс депутат: "Жолдошум экөөбүз эгиз балалуу болдук" 

Жеке ишти, карьера, үй-бүлөнү бирдей алып кетүү ар бир эле айымдын колунан келбесе керек. Эки тизгин, бир чылбырды бирдей алып жүргөн экс депутат Махабат Мавлянова учурда эгиз балалуу болуп, бакытка балкып турган чагы экен. Ал жеке жашоосундагы жакшы жаңылыктары менен бөлүштү.

– Саламатсызбы Махабат Эргешовна! Депутаттык кызматты тапшырып бергени  жеке жашооңузда, ишиңизде бүйүр кызыткан өзгөчө жаңылыктар көп болгонун соцтармактардан көрүп калдык...

– Негизи мен бир ишти баштасам баш-отум менен кирип кетмей жайым  бар. Депутат болуп турган чагымда  90% убактым эл менен иштөөгө, көйгөй, маселелерди чечүүгө арналып, өзүмдүн жеке жашоомо, жакындарыма, жеке бизнесиме  көңүл бөлбөй калгам. Убакыттын тардыгынан досторум, жакындарым менен да катышпай алыстап кеткен экем. Бүгүнкү күнү баарын калыбына келтирип, жандандырып жаткан учурум. Бизнесибиз каралбай аябай солгундап кеткен эле. Жеке ишимди карап, өзүмдү өстүруп, комуз черткенди, сууга сүзгөндү үйрөндүм. Менин апам чыгармачылыкка жакын болгон үчүн кээде жакындарымдын той топурунда ырдап калам.Өткөндө ата-энемдин бриллиант тоюнда өзүм ырдап, ресторандагы коноктордун алдына алып кирдим. Жаш өтүп калган үчүнбү, комуз үйрөнүү гана  мен үчүн бир аз оор болуп жатат. Ошентсе да аракеттенип жатам. 

– Бала бакыт эмеспи. Жакында эле кичинекей балдарыңызга бата той бердиңиз. Жаш өтүп баратканда балалуу болгон кандай экен? 

– Мен алты баланын энесимин. Чоң кыздарымдын экөө иштейт, бирөөсү жогорку окуу жайда окуйт. Алардан кийинкиси мектепке барат. Жолдошум экөөбүз жакында эле эгиз балалуу болдук. Кудайга шүгүр баары жакшы. Бирок, кырк жаштан өткөндөн кийин адам баласында энергия бир аз азаят эмеспи. Бир эле учурда өзүңдү өнүктүрүүгө, жеке иштерди алып кетүүгө жана эки кичинекейди кароого кыйыныраак болот экен. Жолдошумдун, жакындарымдын көмөгү менен убакытты туура пайдаланып баарына жетишип жаткан учурум. 

– Коомчулукта эң көп кайрымдуулук кылган айым деп угуп келебиз сизди.

– Ийгилик менен кайрымдуулук жанаша жүрүшү керек.  Жогорку Кеңешке келгенде социалдык колдоого муктаж адамдардын кайрылуусунун бири да жоопсуз калган жок. Бир жолу Бишкектеги балдар үйүнө, жетекчилигине эскертпей кечке жуук кирип бардым.  1 жашка чейинки балдар турган бөлмөдө 12 бала бар экен. Алар энеси жок болгонун сезип калышкан сыяктуу. Башында ыйлап, анан эч ким колго албаса кийин ыйлабай да калышса керек.  Кипкичинекей болуп  жалдырап жатышат. Бир баланын температурасы көтөрүлүп жатыптыр. Дары деле берилбептир. Балдардын аянычтуу жатканын өз көзүм менен көргөн соң бир топко  токтоно албай ыйладым. 12 балага болгону бир багуучу, бир тарбиячысы бар экен.Тамагын  майдалап  да беришпейт , балдар арык. Ал күнү сыркоолоп калган балага дарысын бердиртип, ал-акыбалдары менен жакындан таанышып кеткен соң эртеси блендер сатып келип бердим. Тамак ашынан баштап ашканасын баарын текшерип, жетекчисине бир ай ичинде ишти жакшыртуусун айттым. Бир бөлмөсүн өз каражатымдан ремонттоп, 1 жашка чейинки балдарды алтыдан кылып бөлдүрттүм. Балдар бир топ оңолуп калышты. Мандатым бүткөнчө көзөмөлдөп турдум, 

Ошондой эле, карылар үйүнө да айтпай кирип бардым. Аянычтуу көрүнүш. Ашканасында чоң алюминий казанда карандай сууда  ботко кайнап жатыптыр. Кампасында 1-2 кап ун, макарондон башка эч нерсе жок экен. Ошол эле учурда тамак-ашка бөлүнчү бюджеттин акчасы күнүнө  25000 сомдун тегереги болчу. Жетекчилигине өзүм тамактын калькуляциясын түзүп, эмне тамак жасаарын, керек болсо ал акчага балык да келерин көрсөттүм. Карылар жыргап эле калышты. Өз каражатымдан ремонтко да каражат бөлүп бердим. Жашоомдо эң жакшы сезимди муктаж адамга жардам бергенде алам. Алардын кубанганы, сүйүнгөнү мага дем берет.