Полина Фурсова: Акча – бул курал, бирок бакыт дайым эле акчага байлана бербейт
26 январь

Полина Фурсова: Акча – бул курал, бирок бакыт дайым эле акчага байлана бербейт

XVIII кылымдагы швейцариялык филосов Жак-Жак Руссо бир ирет бизде бар акча бизге эркиндик берет, биз умтулган акча бизди кул кылат деп айткан. Көпчүлүк буга бакыт акчада эместигин айтып макул болушат. А бул тууралуу окумуштуулар менен психологдор эмне дешет? Ушул темада туруктуу экспертибиз, педагог-психолог, гештальт-терапевт Полина Фурсова менен маектештик. 

– Полина, биз дайыма бакыт акчада эмес деп айтабыз. Ушундайбы? Профессионал катары сиздин көз карашыңызда, бакыт байлыкка байланганбы? 

– Биздин жашообузда финансылык абал чындыгында маанилүү роль ойнойт, бирок бакыт бир гана акчага байланбайт. Кайсы бир чекке чейин акча кирешеси адамдын базалык суроо-талабын канааттандырууга жардам берет: тамак-аш, турак жай, медициналык жардам менен камсыз кылат. Бул муктаждыктар жабылгандан кийин адам жашоого байланышкан стресске азыраак кабылат. 

– Бул боюнча окумуштуулар эмне дешет? Кандайдыр бир иликтөөлөр барбы? 

– Окумуштуулар ушул убакка чейин бакыт феноменин изилдеп, анын универсалдык формуласын табууга аракеттенишүүдө. Алар бакытты изилдөө боюнча эң масштабдуу жана узакка созулган экспериментти ишке киргизишкен, ал 76 жылдан бери уланып келатат. 

Аталган экспериментке активдүү катышкан  Гарвард университетинин профессору жана психиатры Роберт Уолдингер “Эгер сизди кайсы жерде жашайм, тамак-аш таба аламбы, балдарыма билим бере аламбы деген ойлор кыйнаса, анда ар бир киреше сизди чындап бактылуу кылат. Бул коопсуздук сезиминин көбөйүшүнө байланыштуу. Бирок негизги суроо-талап канааттандырылаары менен кирешенин андан кийинки өсүшү бакыт алып келүүнү токтотот. Адамдар чоң сумма иштеп таап, бай болушат, бирок алардын бактылуулук деңгээли мурдагы бойдон калат”,- деп айткан. 

Окумуштуулар ошондой эле, башка адамдар менен көп байланышкан, айланасындагылар менен жылуу мамиле карманган адамдар эң бактылуу адамдар болоорун аныкташкан. Биздин мамилелердин сапаты бир гана бакыт үчүн эмес, физикалык саламаттык үчүн да маанилүү. Эгерде мамиле, ден соолук жана өзүн өзү реализациялоо сыяктуу бакыттын башка булагы жок болсо, анда жаңы буюм сатып алуу же жогорку киреше кубаныч тартуулайт. 

– Сизге ушундай көйгөй менен кайрылгандар бар болсо керек? 

– Ооба, мен кирешеси ар кандай болгон адамдар менен жолуктум. Бир жолу мага ийгиликтүү ишкер келип, материалдык байлыгы жетиштүү болгонуна карабай, жалгыздык жана эмне кылаарын билбеген абалга туш болгонуна даттанды. Бизнеси бардык күчүн жана убактысын алгандыктан, жакын адамдары менен мамиле солгундап калганын айтты. Биз баалуулуктар, акчага болгон мамиленин маңызын табуу боюнча иштеп баштадык. Анын бактысы акча аркылуу эмес, үй-бүлөсү менен мамилесин жакшыртуу менен келди. 

Дагы бир мисал бар: аял финансылык кыйынчылыкты басып өткөн, бирок ага карабай дайыма колдоп турган үй-бүлөсү бар. Аны финансылык абалы тынчсыздандырат, бирок субъективдүү бактысын көпчүлүк ийгиликтүү адамдардан айырмаланып жогору коет.

Акча – бул инструмент, бирок бакыт ар дайым адамдын абалынан, анын баалуулуктарынан жана күнүмдүк тиричиликте кубаныч таба билүүсүнөн көз каранды.