Алмаз Темирбаев: “Эл көрсүн” үчүн эмес, өзүң үчүн жаша
Каржылык коуч Алмаз Темирбаев учурда Америка Кошмо Штатында жашайт жана соцтармактар аркылуу кыргызстандыктарга акчага туура мамиле жасоо, акчаны көбөйтүү сырларын кыргыз тилинде бөлүшүп келет. Бул жолу дагы финансылык сабаттуулук финансылык көз карандысыздыкка кантип жеткирээри тууралуу айтып берди.
Акчаны коротууга шашылба
Колуңа ири суммадагы акча түшүп калса, аны жок кылууга шашылба. Адамдардын табияты ушундай – акча колго тиери менен керектүү буюмдар көз алдыбызга элестеп, баарын тезирээк сатып алууга ашыгабыз. Ошондуктан, баарыбызда машина, айфон бар, бирок каржылык жаздык бүт баарында эле боло бербейт.
Бизди финансылык сабаттуулукка мектепте да, жогорку окуу жайларында да эч ким үйрөткөн эмес. Ошондуктан, эми гана бири бирибизге үйрөтүүгө, жол көрсөтүүгө аракеттенип жатабыз. Мен азыр 42 жаштамын, ушул куракка келип, карап көрсөм биздин жашоо толук бойдон акчага байланыптыр. Машина бензинсиз жүрө албагандай эле, адамдар акчасыз жашай албайт. Бирок чаржайыт колдонуу, акчанын берекесин учуруп асманга сапыруу – биздин аны табуу үчүн күн-түн дебеген эмгегибизге суу төгүп, акыбетин бербей келет.
Көчөттү өстүрүп, мөмө берүүсүн күт
Бир икая бар: бир үйдүн алдында бир алма багы өсөт, ал жыл сайын мөмө берет, үй ээлери жешет, келген конокторго беришет. Бир күнү кезектеги коноктор келип, атасы баласын жумшайт: “Барып алманын баарын алып келчи”. Бала атасын туура эмес түшүнүп, алма даракты түбүнөн кыйып, үйдүн жанына сүйрөп келет. Биздин жашообуз да ушул сыяктуу: колубузга келген акчаны түп тамырынан жок кылабыз.
Күндө эртең менен кызымды мектепке жеткирем. Ошол маалда адамдардын баары кумурскадай болуп жумуштарына шашылышат. Коомдук транспорт, жеке унаалар абдан көп. Ошол адамдардын баары тиричилик үчүн, акча табуу максатында жүрүшөт. Айтайын дегеним, алма бактай түбүнөн кыйып салбай, ар бир келген акчаны көчөт катары көрүп өстүрсөк, сабыр кылсак, ал чоңоет, мөмөсүн берет.
Каржылык жаздыгың болбосо, Дубайда эмне бар?!
Менден минтип сурагандар болот: “Жашоо бир келет да, азыр колумда жетиштүү сумма турса, эмнеге Дубайга барбашым керек?” Ооба, акчаңыз көбөйөр замат Дубайга шашылбагын. Барба. Андан көрө ошол акчаны дагы-дагы көбөйтүүгө аракеттен. Сенде каржы жаздыгы жокпу, туруктуу киреше булагы жокпу жана бар киреше булагың ай сайын күнүмдүк жашоо керектөөлөрүнөн артпай калабы – анда Дубайга барып эс алууга сенде мүмкүнчүлүк да, зарылдык да жок. Ооба, жашоо бир келет, бирок ага карабай, бүгүнкү күн эмес, келечек үчүн жаша, арканды узун ташта. Кимдир бирөөгө көрүнөм деп Дубайга жол тартуу – өзүңө гана жасаган чыккынчылык. Сен он күн эс аласың, кайтып келесиң, финансылык чуңкурга, ал турмак карызга түшөсүң, а сен көрүнөм деген адамдар өз жашоосу менен жайбаракат жашай берет. Эң башкысы – “эл көрсүн” адатыңдан арыл. Жаңы иш баштап жатсаң, Дубайга да барба, кымбат кийим да алба, айфон да алба, бир аз сабыр кыл. Акчаны туура жерге салганда, ал сөзсүз киреше берет.
Кымбат буюм менен эч кимди таң калтыра албайсың
Силер алган кымбат телефон, кымбат унаа менен эч кимдин иши жок. Бир жолу мактанып алдыңар, ананчы? Окумуштуулар кубануу сезими эки жумага гана созулуп, андан кийин ал мээбиз үчүн анчалык деле маанилүү окуя болбой калаарын аныкташкан. Үй алсаң, машина же кымбат телефон алсаң деле ушул көрүнүш, 2 жумадан ашык кубана албайсыңар. Ал эми акчаны топтоо, туура инвестиция кылуу жана анын мөмөсүн көрүү – ар бир жолу финансылык көз карандысыздыкка жеткениңди сезген сайын кубаныч тартуулайт.
Акчаны табуу – башка маселе, аны сактап калуу жана көбөйтүү – такыр башка маселе.
