Чолпон Осмонова: Мен ОСАГОнун иштеп кетишине тилектешмин
22 июнь

Чолпон Осмонова: Мен ОСАГОнун иштеп кетишине тилектешмин

Чолпон Осмонова менен ОСАГОго камсыздандыруу полисинин артыкчылыктары боюнча баарлаштык.

– Чолпон эже, сыртка көп чыгып, камсыздандыруунун күңгөй тескейин, зарылдыгын жакшы билген адамсыз. ОСАГО полисин алуу милдеттендирилгени туура эле болдубу же анын зарылчылыгы жокпу?

– Негизи өнүккөн мамлекеттерде үйдү да, автотранспортту да сөзсүз камсыздандырышат. Алар камсыздандыруунун зарылдыгын жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан мен ОСАГО полисин алдым.  Шарттарын да карап чыктым. Шарттары жакынкы Казакстан, Россиядай эле экенине ынандым. Ошондуктан чочулабай эле унаамды ОСАГОго камсыздандырдым. 

– ОСАГО полиси  чындап кырсыкка кабылгандарга колдоо көрсөтөт деп ынансак болобу?

– Эгер ОСАГО полиси  ишке кирип, кырсыкка кабылгандарды чуркатпай, убаракерчилик тарттырбай  төлөп берсе, элдин ишеними тез эле жогорулап, өздөрү эле камсыздандыруу  зарылдыгын түшүнүп калат. Мен ОСАГО эмес, КАСКАга деле макул болмокмун. Бирок, КАСКА кымбат. Биздин элдин капчыгына ОСАГО ыңгайлуу. ОСАГОго камсыздандырып алсак да жаман эмес.

– Сыртка чыгып иштегендер ОСАГОнун зарылдыгын, артыкчылыгын түшүнөт деп ишенсек болобу?

– Албетте, сыртка иштеп келген жарандар камсыздандыруу зарыл экенин жакшы түшүнүшөт. Менимче, ОСАГОнун жакшы жактарын билип калышканы үчүн өздөрү эле катталышты окшойт.  ОСАГОну билбегендерге бул нерсе терс жаңылыктай сезилбесе, камсыздандыруудан кабары барлар 1-июлдан тарта айып салат экен деп кооптонбой эле өздөрү эле катталышты. Мен ОСАГОнун элди качырбай иштеп кетишине тилектешмин.