Талантбек Узакбаев: «Тойбосту» каралоо камапаниянын ишине терс пикирлерди жаратуу үчүн жасалган диверсия деп ойлойм
Тойбостун айланасындагы сөздөрдүн аныгын билүү үчүн ветеринар илимдеринин кандидаты Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, ветеринар илимдеринин кандидаты Талантбек Узакбаевди кепке тарттык.
– Талантбек Макишович, «Тойбосс» компаниясы өндүргөн азыктар боюнча түрдүү кептер айтылууда. Айтылган дооматтар чындыкка дал келеби?
– Туура, бир топ күндөн бери «Тойбосс» кампаниясынын тегерегинде соцтармактарда далилсиз маалыматтар тарады. Адис катары мен дагы пикиримди билгизгим келет. Айтылган дооматтардын баары калп, каралоо, камапаниянын ишине терс пикирлерди жаратуу үчүн жасалган диверсия деп ойлом. Таңгалганым адистиги жок, ДНК дегенден эч түшүнүгү жок, колунда эч кандай изилдөөнүн протоколдору жок бир жигит кайра кайра соцтармактан чыгып, өз оюун коомчулукка таңуулап жатты. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы эч кандай чочконун ДНКсы жок экенин далилдеп турат. Лаборатория дагы эл аралык аккредитациядан өткөн лаборатория экен. Башка кандай далил керек? Жалган жалаа үчүн учурдагы аракеттеги мыйзам менен жалганчыны жоопко тартуу керек. Ага мыйзам бар.
– Бышкан тамактан ДНК билинбейт деген чынбы?
– Бышкан продуктылардан деле кайсы малдын этинен жасалганын ДНК аркылуу аныктаса болот. Колбасанын курамында соя, тоок эти жб, баарын аныктаса болот. Андай лаборатория бизде, ветеринарияда деле бар. «Тойбосс» компаниясы чыгарып жаткан азыктар эл аралык аккредитациядан өткөн.
