Гүлмира Акимканова: Муктаж жандарды көрсөм кайдыгер карай албайм
Гүлмира Акимканова – «Үч периште» («Три Ангела») ЖЧКсынын башкы директору, ишкер айым, коомдук жана кайрымдуулук иштердин активдүү катышуучусу, үй-бүлөлүү, 4 баланын – 3 кыз, 1 уулдун сүйүктүү апасы.
Гүлмира бала кезинен эле дүйнө жүзүн кыдырсам деген аруу тилек кылган. Мектепти аяктагандан кийин Бишкек гуманитардык университетине туризм жана менеджмент факультетине тапшырып, келечектеги ишкерликке чоң кадамдарды таштайт.
Гүлмира айым окуу менен биргеликте студент кезинен эле ишкер чөйрөгө аралашып, ишкерликтин ачуу-таттуу, оош-кыйыштуу жолдорун үйрөнөт. Ишкерликти 2004-2005-жылдары үй тиричилигине керектүү буюмдарды сатуудан баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин «Дордой» соода комплексиндеги «Жунхай» соода борборунда турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды сатуучу соода жайында дүңүнөн соода кылып, жолдошу жана бир туугандары менен ийгиликтүү иштеп келе жатышат. Соода кылуунун да түмөн түйшүгү, бизге билинбеген кыйынчылыктары, сырлары бар эмеспи. Каарманыбыз Гүлмира ишкерлик, коомдук иштери тууралуу ой бөлүштү.
– Ишкерлик дагы оңой эмес, бизде дагы көп эле кыйынчылыктар болду. Ишкерликте дагы кардарлар менен болгон мамиле, уюштуруучулук жөндөм, анан жардамчыларыңдын дагы орду чоң болот. Ийгиликке жетүү үчүн өжөрлүк, талыкпас мээнет, изденүү менен иштөө керек. Анча-мынча кыйынчылыктарга моюн сунбастан, алдыга жылып, максатка умтулуу зарыл. Алдыма койгон максатка жетүү үчүн өтө катуу аракеттенем. Бул менин артыкчылык сапатым экенин билем. Биз ийгиликтерге жолдошум экөөбүз чогуу жеттик. Бири-бирибизди колдоп, түшүнүп, ынтымакта иштеп келебиз.
Табиятыман адамдарга жардам берүүгө ынтызармын. Үй-бүлөдө эң улуусу болгонум да бул сапаттарымды бекемдеди десем болот. Кыйналган, муктаж болгон адамдарды көрсөм, жардам сурап кайрылгандарды окусам, жоопсуз же кайдыгер карай албайм. Сөзсүз түрдө жардам берем. Антпесем, жүрөгүм ооруп, өзүмдү жаман сезем. Кудайым мага ырыскыны, ийгиликтерди берип жатат. Эмне үчүн башкаларга бөлүшпөйм, деп өзүмө-өзүм көп суроо берем. Өзүңөр билесиңер, ковид деген вирус жашообузду аңтар-теңтер кылып салды. Ушунчалык тездик менен жуккан вирустан сактануу үчүн адамдар бири-бирибизге акыркы акчабызды да аябагандай күндөрдү баштан өткөрдүк. Кыргызстанда дагы пандемия башталып, карантин режими кирди. Ошол күндөрү дары-дармекке, дем алдыруучу аппаратка, тамак-ашка муктаж болгон жарандарыбызга өзүм жана айланамдагы ишкерлер менен кошо бир топ болуп уюшуп, тынымсыз жардам бердик. Көз алдыңда аба жетпей, дем ала албай, дарысы жок же ооруканада орун жок… дүйнөдөн өтүп кеткен адамдар, жакындарын жоготуп сыздагандар. Мындай учурда адам өзүнүн өмүрүн да, ден соолугун да ойлобой каларын көрдүм. Бул менин жарандык милдетим болчу, ошентсе да сыймыктануу менен эскерем. Адам баласына жылмаюу, кубаныч тартуулагандын өзү да чоң бакыт деп билем! Дүйнө жүзүндө, адамзат тарыхында экинчи мындай алаамат, оор күндөр кайталанбасын! Биз ишкерлер балдардын, жаштардын билим алуусуна, кесипке ээ болуусуна, таланттардын өсүшүнө эле жардам берсек деп тилек кылам!» –дейт Гүлмира айым пандемия күндөрүн эскерип жатып.
Гүлмира айымдын ишкерлик жолу жана аялдык тагдыры да үлгү болуп, кимдир бирөөлөр сабак алсын деген максатта бул макаланы сунуштадык.
