Жаныбек Алыкуловдун жубайы Азиза айым: «Жаныбекти эстеп алиге чейин ыйлайм»
28 декабрь

Жаныбек Алыкуловдун жубайы Азиза айым: «Жаныбекти эстеп алиге чейин ыйлайм»

Маркум куудул Жаныбек Алыкуловдун жары Азиза айым менен маек. 

– Азиза айым, Жаныбек аганын бул дүйнөдөн өткөнүнө бир нече жыл болуп калды. Бирок кыргыз эли үчүн, айрыкча үй-бүлөсү үчүн ал эч качан унутулбайт болсо керек?

- Ооба, тилекке каршы Жаныбек балдарынын биринин да жакшылыгын көрбөй кете берди. Анын орду тоодой эле, жалгызсырап: «Жаныбек болгондо...» – деп өкүнгөндөн башка аргам жок. Тирүү болгондо азыр куда күтүп бапырап олтурбайт беле?!  Мен Жаныбекти азыркыга чейин унута албайм, аны эстебеген бир да күнүм болбойт. Балдарымдын ар бир жакшылыгын көргөн сайын чогуу көрсөк болбойт беле деп ыйлайм. Жаңы каза болгон жылдары күн сайын түшүмө кирет эле, андан улам аркасынан кетет окшойм деген ойлор келе берчү. Бир жыл түшүмө кирип, куран окуп жүрдүм, азыр аз кирет. 

– Манас уулуңуз атасынын жолун улантып азыркы учурда элге кеңири таанылып калды. Жаныбек агай даярдап коюп кетти окшойт? Дегеним, дайыма жанында ээрчитип жүрчү эле…

– Ооба, Жаныбек Манасты дайыма жанында ала жүрчү. Тойлорду алып барып чарчап калганда Манас улантып кетчү. Ошентип жүрүп Манас алып баруучулук, тамадалыкты өздөштүрүп алды. Азыр кадимкидей такшалып калды. Бирок атасынын ордун басты деп айта албайм. Анткени Жаныбек куудул, пародист болуп көп кырдуу талант эле. Манас алып баруучу катары эле жүрөт. Эгерде окуп билим ала турган болсо, үнү абдан жакшы. Диапазону бийик болуп, опералык үнү бар. Бирок ал жагына анчалык маани бербей жүрөт. Мектепти бүтүргөндөн кийин Искусство университетинде сырттан окуп аткан, азыр алып баруучулукка көп убактысы кетип атат окшойт. 

– Балдарыңыздардын арасынан талантыңыздар Манаска көбүрөөк өткөндөй?

– Улуу балабыздын үнү жакшы, бирок ырдабайт. Ал аскер тармагына кеткен. Манас болсо 5-6-классынан баштап эле биз менен жүрө берчү. 6-классында аппаратура алып берип койсок, мектепте дискотекаларды уюштуруп, биздин концерттерде аппарат коюп жүрүп чыгармачылыкка кирип кетти. Кичүү уулубуз Гүлжигиттин кыял-жоругу таптакыр башкача, ал токтоо бала. Учурда белгилүү футболчу болуп калды.

– Атасы балдарына эмне таштап кетти? 

– Жаныбек негизи байлык дегенге умтулбаган, жөнөкөй киши болгон. Балдарына татыктуу тарбия берип кетти деп айта алам. Чоң үйүбүз салынып жаткан учурда Жаныбек каза болуп калды эле. Ак эмгеги менен салып жаткан ушул үйгө жашап, рахатын көрбөй калганы да чоң өкүнүч болуп калды. Тагдыр экен, өмүрүн ушундай деп жазган турбайбы. Болбосо өзүн жакшы карачу. Кант диабети оорусу менен ооруп келген. Бирок канын күн сайын өлчөп турчу, дарыларынын баарын жатка билчү. 

– Канча жыл чогуу жашап калдыңыздар?

– Биз 25 жыл чогуу жашадык. Бирок ошол 25 жыл мен үчүн Жаныбек каза болгондон кийин 25 эле күндөй болуп калды. Кудайга шүгүр, экөөбүз жакшы жашадык, Жаныбекти эл сыйлайт эле, кайда барбайлы сыйдын үстүндө жүрдүк.  Айрымдар «бизде казан-аяк кагышпайт»деп калышат го, бизде өйдө-төмөндөр болду, бирок ошолор да кийин көзгө жакшы көрүнүп калат экен. Атасын жоготуу балдарга да оор болгон. Улуу балам

Жанар боорукер, жүрөгү жумшак бала, азыркыга чейин атасын эстеп ыйлай берет. Атасын тартып жашык. Манас да тойлордон келип: «Мен келгенде атам күтүп турчу эле, тирүү болгондо кеңешин айтат эле», – деп атасын эстеп ыйлап жүрдү. Кичүү балам көп сыр бербейт, өзү да баарын ичине катат. 

– Агайдын кылам деп аткара албай кеткен өкүнүчү болдубу?

– Мен да ушул нерсеге өкүнөм. Жакеме баары эле «сен Петросянга барышың керек» дей беришер эле. Андыктан Жаныбек да көңүлдөнүп: «Ошол жакка барам», – деп аракет кыла баштаган. Тилекке каршы, ал ою ишке ашпай калды. Учурунда адам деген баалуу нерселерге маани бербейт экен да. Дегеним, Жаныбектин мурдагы «Мыскыл жана тамаша» берүүлөрүндөгү архивдери бизде сакталбай калды. Мен болгонун чогултуп жүрөм, бирок ошолор да болгондо деп арман кылам. Ал учурда азыркыдай интернет деген болсо эмне. 

– Наам албай кетти окшойт…

– Жаныбек эч кандай наамы жок кетти. Азыр сыйлыктар аябай берилип атат го, аларды көрүп Жаныбек тирүү болгондо наам алып калмак экен деп калам. Өзү наамга деле кызыкчу эмес, кол шилтеп эле койчу. Ага чыгармачылыгы болсо эле болду эле.