“Социалдык контракттын” катышуучусу Айгерим Сейитова: Эки жылда айына 100 миң сом таза кирешеге чыктык
Кемин районунун тургуну Айгерим Сейитова “Социалдык контракт” долбоорунун катышуучусу. Бул долбоор жүздөгөн аялдарга каржылык көз карандысыздыкка чыгууга мүмкүнчүлүк берди. Алардын бири Айгерим 2023-жылга чейин беш баласы үчүн мамлекеттен 6 миң сом жөлөкпул алып келсе, учурда айына жүз миң сомдук кирешеге чыга алды. Ал долбоордун катышуучусуна кантип айланганын, жеке ишин кантип түптөгөнүн жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.
– Айгерим, “Социалдык контрактка” кантип кошулуп калдыңыз, ушул тууралуу айтсаңыз?
– Биз башында беш балабыз үчүн мамлекеттен жөлөкпул алчубуз. Анан президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен жөлөкпул алуучуларды жакырчылыктан чыгарууга багытталган долбоор ишке кирип, бизге да “100 миң алып, жеке ишиңерди баштайсыңарбы” деген сунуш түштү. Ага чейин тааныш эже: “Боз үй тигишип, жардам бербейсиңби, чогуу иштешели?” – деген болчу. Мен макул болуп, Жумуш менен камсыз кылуу борбору тарабынан сунуш кылынган тигүүчүлүктүн эки айлык курсунда окуп жаткам. Сынак тапшырар маалда, тигинтип 100 миң сом боюнча айтылып калды. Баары биринин артынан бири келди. Ошондуктан, эч ойлонбой эле долбоордун катышуучусуна айландым. Жаңы иш баштаган маалыбызда Түркияда жер титирөө болуп кетип, президенттин демилгеси менен миң боз үй даярдоо тапшырмасын алдык. Ошондо, 500 боз үйдү бир нече боз үй тигүүчүлөр бөлүштүк. Мен үй-бүлөм: балдарым, жолдошум менен тынбай иштеп, бизге бөлүнгөн боз үйдү чыгарып бердик. Ошону менен уланып кетти, токтогон жокпуз, улам тапшырык келип, тиге бердик.
– Дагы деле өзүңүз айтып жаткан айым менен чогуу иштешесиздерби?
– Жок, ушул жылы ал эжеден бөлүнүп, өз алдыбызча иштеп баштадык. Башында боз үйдүн жабдууларын тиксек, быйыл темирин да жасап, баары өзүбүздөн чыгып калды. “Социалдык контракттан” 100 миң сом алганда, ага эки тигүү машинкасын сатып алган элек. Быйыл темирин жасаганга ылайыктуу техникаларды: темир кескен, темир тешкен станокторду, боей турган компрессор, ширетүүчү аппараттарды алдык. Даяр болгон боз үйлөрдү кардарларга жеткирүү үчүн Sprinter үлгүсүндөгү автоунаалуу да болдук.
– Сиздерде жеткирүү кызматы акысызбы?
– Бишкекке, Чүйдүн аймагына, Көлгө акысыз жеткиребиз. Биздин боз үйлөр өлкөнүн 7 облусуна кетет, мисалы, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Ош, Таласка көбүнчө салып жиберебиз.
– Сиздердин иш үй-бүлөлүк бизнес деп калдыңыз, үй-бүлө мүчөлөрүнүн аткарчу милдеттери кандай?
– Улуу балам боз үйдүн темирин жасайт, ширетет, экинчи уулум бычып, боз үйдүн өлчөмүн чыгарат, а мен тигем. Жолдошум болсо тапшырыктарды алат, эл менен сүйлөшөт, жеткирет, бизди материалдар менен камсыздайт. Азырынча биздики үй-бүлөлүк бизнес.
– Мурда канча жөлөкпул алчу элеңиз жана азыр канча кирешеге чыктыңыз?
– Мен алып жаткан учурда беш балама 6 миң сом чыкчу. Азыркы заманда билесиздер, бул сумма 2 күндө деле жок болуп калышы мүмкүн. Ал эми учурда биз жасаган боз үйлөрдүн баасы жасалгасына, кооздугуна жараша 100 миңден 130 миңге чейин бааланат. Ар кандай варианттар бар: сыртына оймо бастырылгандары жана чечилгендери, кандай кылып жасоо кардардын каалоосуна жараша болот. Айтор, айына 100 миң сом таза кирешеге чыктык. 100 миң менен 6 миңдин айырмасы асман менен жердей эмеспи. Негизи бизнесте жарым миллион, бир миллион каражат товар жүгүртүүдө жата берет. Анын ичинен таза киреше – 100 миң.
– Жумуш үзгүлтүксүз болобу?
– Мезгилдик иш десек болот, мисалы, мезгил учурунда 20дан 40ка чейин боз үйгө тапшырык түшүшү мүмкүн. Мезгил марттан баштап августтун аягына чейин созулат, андан кийин деле такыр токтоп калбайт, бирок сээлдейт. Бирден, экиден тапшырык түшүп турат. Январда эс алабыз, анан кайра февралда жазга даярдык башталат дагы, жумушубуз көбөйөт. Боз үйлөрдү көл жээгине, жайлоого, мейманкана бизнеси үчүн, той-ашка, кыз узатуу өткөрүүгө алышат. Айылдарда көчө-көчө болуп ортолукка алгандар да кездешет.
– Алдыда кандай пландарыңыздар бар?
– Долбоор 2023-жылы башталган, 2026-жылы аягына чыгат. Аягына чыга электе акырын кадамдап болсо дагы, жеке ишибизди түптөп, алдыга жылдырып алганыбызга шүгүр келтирем. Мындан ары кеңейүү планыбыз бар. Цех ачсак, башка да жумушчуларды алып иштетсек, канча бир адамды жумуш менен камсыз кылсак деген ниеттебиз. Мендей болгон айымдар бизнес баштоону чечсе, аларга берээр кеңешим: эч нерседен коркпоңуздар. Мотивация абдан керек, биз мисалы, мамлекеттин, президенттин мотивациясы менен жеке ишибизди түптөп алдык. Ал болбогондо ичибизде жаткан өнөрүбүздү сыртка чыгара албай калмак белек деп ойлойм да. Ошондуктан, жөлөкпул алган көп балалуулар, эч убакта тайсалдабаңыздар, колуңуздардан эмне келсе, ошону менен алек болуңуздар. Өзүң каалаган жумуш менен алектенүүдөн өткөн ырахат жок!
