Кыргызстанды жаңы окуу жылында эмнелер күтөт: инновация, ЖИ жана экологиялык билим берүү
2025-жылдын 4-августунда Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылында “Жаңылыктын жарчысы” Педагогикалык форуму өз ишин баштады. Он күн бою өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген орто мектептердин директорлорунун 800дөн ашуун окуу-тарбиялык иштер боюнча орун басарлары жана методисттер Мамлекеттик билим берүү стандартын, жаңы окуу программаларын, предметтик стандарттарды, окуучулардын жетишкендигин баалоо жана санариптешкен билим берүүнү камтыган алты модуль боюнча окуудан өтүшөт.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева:
“Биз бир багыт боюнча – сапаттуу билим берүүгө кадам таштадык. Алтын-Казык – көчмөн элибиздин компас жылдызы – бүгүн биздин жолубуздун символуна айланды. Сапаттуу муунду тарбиялоо – жалпы миссиябыз. Президент толук кандуу колдоо көрсөтүүдө, каржылык да, технологиялык да жардам берилди, эми биз ишенимди актоого милдеттүүбүз.
Мектеп директорлору – ишти уюштуруу жана чечим чыгаруу жаатындагы лидер. Кадрларды тандоо санарип форматына өтөт жана биз календардык-тематикалык пландарды даярдап койдук – бул жеңилдик, бирок ошол эле убакта чоң жоопкерчилик дагы. Завучтар – мугалимдердин ишин баалоо жана уюштуруу боюнча маанилүү фигура. Биз мугалимдердин жетишкендигин онлайн баалайбыз, а жалпы тестирлөө жана олимпиадалар дагы санарип форматында өтөт. Завучтар 12 жылдык билим берүүгө өтүү мезгилинде мугалимдерди колдоп, ата-энелерге жаңычылдыкты жеткирип турууга тийиш. Корко турган эч нерсе жок – биз дайыма жаныңардабыз жана жардам берүүгө даярбыз”.
Белгиленгендей, “Табият таануу” предметин жаңы мамлекеттик билим берүү стандартынын алкагында, эки класс – бешинчи жана алтынчы класс окуйт. Бирок 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө жана “секирмейге” байланыштуу 2026-жылдын күзүндө дароо 7-класска отурушат – предметти окутуу ыңгайлаштырылат. 5-класста окуучулар дароо эки программаны окушат: 2025/2026 – окуу жылынын жарымында 5-класс үчүн курсту, экинчи жарым жылдыгында – 6-класс үчүн.
Кыргыз билим берүү академиясынын улук илимий кызматкери Альфия Насырова “Табият таануу” предметин окутуудагы өзгөрүүлөр тууралуу кеңири айтып берди.
“2025-жылдан тартып “Табият таануу” жаңы билим берүү стандартынын алкагында, бешинчи жана алтынчы класстарга өтүлөт. 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуу 5-класстар 2026-жылдын күзүндө дароо 7-класска отурушат, ошондуктан 5-класста алар 5-класстын жана 6-класстын курсун – эки программаны окушат.
Министрлик жаңы окуу-методикалык комплексти иштеп чыкты – окутууну уюштурууга жардам берчү окуу китептери, жумуш дептерлери, мугалимдер үчүн колдонмо. Эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилген, табигый илимдер боюнча PISA компетенциясын кошкондо санарин экологиялык сабаттуулук менен толукталган ийкемдүү ыкма киргизилди.
Биз өзгөрүүлөр тез орун алып жаткан жашоодо жашап жатабыз: кадимки смартфон чакан лабораторияга айланууда. Уюлдук тиркемелердин жардамы менен окуучулар ызы-чуунун, жарыктын, температуранын деңгээлин аныктап, өсүмдүктөр менен жаныбарларды тааный алышат. Бул бир гана сабакты кызыктуу кылбастан, жаратылышка зыян тийгизбей жашоо жана иштөө көндүмдөрүн каныктырган “жашыл жөндөмдү” калыптандырат.
Экологиялык жоопкерчиликти жана туруктуу ой жүгүртүүнү калыптандыруу – билим берүүнүн маанилүү бөлүгү. Өзгөчө көңүл жасалма интеллекти колдонууга бөлүнөт – окуучуларга да, мугалимдерге да. Мисалы, тапшырмалардын бири мектеп чөйрөсүндөгү коопсуздукту ЖИнин жардамы менен баалоого байланыштуу.
Табигый илимдердин жаңыланган курсу мугалимдердин саатын кыскартпайт, тескерисинче, физика, химия, биология жана география педагогдоруна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Табият таануу – табигый илимдерге киришүү – актуалдуу болуп, азыркы чакырыктарга жакындап баратат. Программага климаттын өзгөрүшү жана ага ыңгайлашуу маселелери киргизилген, бул туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн маанилүү.
Форумдун программасы модулдук форматта уюштурулган, бул катышуучуларга жаңы окуу жылына даярдыктын негизги аспектилерине терең сүңгүүгө мүмкүндүк берет. Ал жаңы Мамлекеттик билим берүү стандартын (МББС) жана өткөөл Базистик окуу планын киргизүүнү, предметтик жаңыланган стандарттарды, 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн жаңы окуу программаларын, "Баалоо" улуттук баалоо программасын, санарип ресурстарды жана квалификацияны жогорулатуунун жаңыланган курстарын камтыган алты модулду камтыйт. Билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу, "Күндөлүк", "Мугалим" жана "Санарип Кампа" АИС сыяктуу санарип платформалар, ошондой эле билим берүү практикасын байкоо куралы аркылуу насаатчылык көндүмдөрүн өнүктүрүү сыяктуу заманбап ыкмаларды изилдөөгө өзгөчө көңүл бурулат”.
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Лира Самыкбаева билим берүүдө жасалма интеллекттин маанилүүлүгүн баса белгиледи:
«Жасалма интеллект азыртан эле күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү болуп, мектептерге кирип жатат. Качандыр бир кезде электр энергиясы турмушту өзгөрткөндөй эле, жасалма интеллект да мугалимдердин алмаштыргыс жардамчысына айланууда. Ансыз деле жашоого болот, бирок жыл сайын бул кыйындап баратат. Форумда биз негизги суроолорду карадык: жасалма интеллект кайдан пайда болгон жана аны кантип натыйжалуу колдонуу керек. Эң башкысы – жасалма интеллект мугалимдин жардамчысы болушу керек, ал сабактарга тезирээк, оңой жана натыйжалуу даярданууга, билим берүү мазмунун жакшыртууга жардам берет.
Жасалма интеллект бир нече секунддун ичинде окуу материалдарын тандап, суроолорду түзүп, тесттерди жана сүрөттөрдү жаратат, видеолорду таап, иш-чараларды ойлоп табат – бул убакытты үнөмдөйт жана сабактарды кызыктуу кылат.
Бирок мүмкүнчүлүктөр менен кошо тобокелдиктер да бар: маалыматтардын агып кетиши, ишенимсиз маалымат, академиялык адилетсиздик, жеткиликтүүлүктүн теңсиздиги. Биздин милдет – жасалма интеллектти колдонуунун бирдей жеткиликтүүлүгүн жана так эрежелерин камсыз кылуу. Мугалимдер жасалма интеллектти кайсы жерде колдонуп жатканын ачык айтып, балдарды дагы үйрөтүшү керек. Ачыктык жана чынчылдык – санариптик жүрүм-турумдун негизи. Министрлик чоң маалыматтарды жасалма интеллекттин жардамы менен талдайт — демография, социалдык статус, инфраструктура – көйгөйлөрдү аныктоо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн: мектептерди кайсы жерге куруу, жүктөмдү жана кадрдык бөлүштүрүүнү кантип оптималдаштыруу. Жакында бардык мугалимдер үчүн ustat.edu.gov.kg платформасында жасалма интеллект боюнча онлайн курсун баштайбыз. Ошондой эле YouTube каналында окуу видеолору, материалдар жана августта тренингдер болот. Окуудан өткөн директордун орун басарлары өз мектептеринде тренингдерди өткөрүшөт. Мугалимдер аркылуу балдар жасалма интеллектти аң-сезимдүү жана натыйжалуу колдонууга үйрөнөт деп ишенебиз».
