Медетбек Букуев: “Ташиевдин же президенттин кишилери өтөт экен” дегендин баары ортодогу бузукулардын чыгарган сөздөрү
Президенттин кеңешчиси Букуев Медетбек менен алдыда боло турган шайлоо тууралуу баарлаштык.
– Медетбек Омошевич, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан шайлоо боюнча түрдүү маалыматтар, божомолдор айтылууда. Айрымдар президенттин адамдарына караганда Камчыбек Ташиевдин “талапкерлери” арбын экен деген пикирлер айтыла баштады го. Бу сапар чын эле таза шайлоо үчүн күрөш болобу же капчыкка басым жасалабы?
– Шайлоо боюнча эл арасында ар кандай сөздөр, түрдүү божомолдор айтылууда. Бири “капчыктуулар өтөт экен” десе, экинчиси “таза шайлоо болот экен, мамлекеттик кызматта иштегендерден эч кимиси аралашпайт экен, кимдин депутат болоорун эл чечет” деген пикирлерди карманышууда.
Качандыр бир кезде президенттин көтөргөн демилгеси туура экенине ынанабыз деп ойлойм. Анткени, качанкыга чейин эл сатылып, өзүнүн келечегине балта чаап жүрө берет эле. Буга чейин деле президент жергиликтүү кеңештерде өзү баш болуп, “үгүт иштеринде алданбагыла, анча мынча тыйынга добушуңарды сатпагыла” дечү. Мен билгени президенттин башкы максаты шайлоону таза өткөрүү, эл тандаган эл өкүлдөрү шайланса экен деген аруу тилек менен иштеп атат.
Менимче “Ташиевдин же президенттин кишилери өтөт экен” дегендин баары ортодогу бузукулардын чыгарган сөздөрү. Мен билгенден генерал Ташиев мырза дагы, президент дагы мындай ишке каршы. Эч качан андай тескери көрүнүшкө барышпайт. “Шайлоого чыкчуларга бата беришет экен” дегени дагы туура эмес. Мунун баары ортодогу бузукулардын элди иренжитиш үчүн чыгарган сөздөрү. Экөө тең канчадан бери таза шайлоо өткөргөнгө аракет кылып келе жатышат. Аз-аздан болсо дагы жылыш бар. Эң башкысы таза шайлоо болсо, добушту сатпай татыктуусуна берсе, эл үчүн иштей турган депутаттар келет экен деген элде түшүнүк пайда болуп калды. Анткени, бүгүн сатылган добуш, эртең элдин өзүнө каршы иштерин көрүп жатышат. Ошон үчүн эл татыктууларын тандоого үйрөнө баштады. Бул нерсе кадам сайын алдыга жылып баратканыбыздын далили.
– “Өзүн – өзү таркаткан парламенттин кийинки шайлоого келгенге укугу жок” деген пикирлер да арбын айтыла баштады го?
– Мен өзүмдүн жеке пикиримде депутаттардын тароо чечимин кабыл алганы туура болду го деп ойлойм. Эмне үчүн дегенде алдыда парламенттик жана президенттик эки чоң шайлоо бар. Бул эки шайлоону уюштуруу жагынан дагы, каражат, социалдык жагынан дагы өтө чоң ийри маселелердин бири. Ошон үчүн президенттик шайлоо келаткан маалда парламенттин маселесин чечип, шайлоону чечип койгон оң эмеспи. Анткени, айрым жагдайлар парламентке да байланыштуу болот. Азыркы иштегендер да, жаңы талапкер болуп, шайлоого аттангандар дагы элдин элегинен өтүп келет. Тарап кеткен депутаттардын сынга кабылгандары да, жакшы иштегендери да болду. Ошондуктан эч кимге чек коюлбайт. Жакшы иштегени да, анчалык иштей албаганы да шайлоого катышып, элдин элегинен өтөт. Эл тандаганы депутат болот. Ошондуктан, "өзүңдү-өзүң тараткансың деп жеригенибиз туура болбой калат.
– Көп мандаттуу шайлоодон келген депутаттар күчтүү депутат болот деп ишенсек болобу?
– Бул жерде бир эле сөз менен айтыш керек го дейм. Президенттин дагы, генералдын дагы түйшүктүү аракеттери бар. Кандай жолду тандасак оптималдуу болот. Кантип татыктуу депутаттарды элдин элегинен чыгарып алабыз деген изденүүлөрүн эске алалы. Анткени, партиялык тизменин да, бир мандаттуу округдан шайлангандарды да көрдүк. Ошон үчүн көп мандаттуу шайлоодон чочулабай деле койгон оң. Эсиңердеби, президенттик башкарууга өтүп жатканда деле оң тескери сөздөр айтылып, “туңгуюкка такалабыз” дешкен. Азыр көрүп жатасыздар президент баарына жооп берип, иш алдыга жылып жатат го.
Ошон үчүн көп мандаттуу шайлоо системасы дагы көрүшүбүз керек. Балким, эң жакшы вариант ушул болоттур... Себеби, кыргыз деген өзгөчө эл экенбиз. Баардык жагынан эркиндикти сүйгөн, анча-мынча кысымга чыдабаган... Бул шайлоонун деле кемчиликтери, артыкчылыктары болушу мүмкүн.
– Өлкөдө тартип орноп, коррупция менен күрөш күчүнө кирип жатабы же?
– Мен бул маселеде коррупциясы жок мамлекет жок болбосо керек. Коррупциянын тамыры түбүнөн кыркылбаса дагы кандайдыр бир деңгээлде төмөндөтүп койгонго шарттар бар. Азыр ошонун биринчи кадамы жасалып, өтө оор процесстер жүрүп жатат. Мамлекеттик башкаруунун бардык тепкичтеринде канга сиңип калган кайдыгерлик, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен күрөшүү өтө көп убакытты талап кылат экенин баарыбыз тең түшүндүк. Аны жетекчилер дагы жон териси менен сезе баштады. Буюрса, баары жакшы болот деген ниеттемин.
– Кийинки президенттик шайлоого Садыр Нуркожоевич аттанабы?
– Бул эң туюк жана айтылбай турган маселе. Муну эч ким билбейт. Алгач Жогорку Кенештин шайлоосун жакшы өткөрүп алалы. Анан башкасы өз орду менен боло берет. Негизи бардык нерсе өлкөдөгү акыбалга жараша болот. Ошондуктан алдын ала бир нерсе деп айтыш туура эмес болуп калат го.
