Гүлнара Садырова: «Социалдык контракттын» катышуучулары ар кайсы тармактардын ишкерлерине айланышты
12 апрель

Гүлнара Садырова: «Социалдык контракттын» катышуучулары ар кайсы тармактардын ишкерлерине айланышты

2022-жылы ишке кирген «Социалдык контракт» долбоору аркылуу жүздөгөн жарандар мамлекеттен бир жолку жардам алып, анысын жеке ишкерчилигин ачууга жумшашкан. Үч жылдын аралыгында долбоор кандай натыйжаларды бергенин жана анын катышуучуларынын учурдагы абалы тууралуу Манас райондук эмгек, социалдык  камсыздоо жана  миграция башкармалыгынын жетекчиси Гүлнара Садырова маалымат берди. 

– Жарандарды жумуш менен камсыз кылуу жаатында аткарылган иштер боюнча айтып берсеңиз, 2024-жылы жана 2025-жылдын башынан бери канча адам жумуш менен камсыз болду?

– Манас районунда 2024-жылы 252 жумушсуз жаран жумуш орду менен камсыз болду. Өткөн жылдын апрель жана ноябрь айларында бош жумушчу орундар жарменкесин өткөргөнбүз. Ага 15 жумуш берүүчү катышкан, 125 жумушсуз жарандар кайрылды. Жыйынтыгында, район ичинде 40 бош жумушчу орун аныкталып, 32 жумушсуз жаранга жолдомо берилди. Ошентип, 2025-жылы 1-апрелине карата 30 жумушсуз жаран  жумуш орду  менен камсыз болушту. 

– Бүгүнкү күндө канча жумуш орду бош жана кандай кесиптеги адистерге муктаждык бар?

– 1-апрелге карата айтсам, 5 жумушчу орун бош турат.  Ал эми муктаждык тигүүчү, ашпозчу, айдоочу, ширетүүчү кесиптерине болууда. 

– Райондо кайсы адистиктер боюнча кесиптик билим алууга болот? Жумушсуз жаштар кайсы кесиптерди көп тандайт жана окутуудан кийин жумушка орношууга мүмкүнчүлүктөрү барбы?

– Жогоруда суроо-талап көп кесиптерди айтып кетпедикпи, ушундан улам азыр жумушка орношууну каалаган жаштар так ошол багыттарды тандашууда: тигүүчү, ашпозчу, айдоочу,

– «Социалдык контракттын» өткөн жылдагы жыйынтыктарын айтып берсеңиз. Канча адам жана кандай багыттар боюнча өз ишин баштады жана жаңы, өзгөчө бизнес идеялар болдубу?

– 2024-жылы Манас району боюнча «Социалдык контрактын» негизинде жалпы 177 үй-бүлө социалдык жардам алышты. Анын ичинен Бүткүл Дүйнөлүк банк аркылуу 82 үй-бүлө алса, республикалык бюджеттен 95 үй-бүлөгө берилген. Атай кетсем: 

Үч-Коргон айыл өкмөтү боюнча – 16 үй-бүлө, анын ичинен 14ү мал чарбачылыгы менен алектенип, 13ү уй, бирөөсү жылкы багууну тандашты, 1 катышуучу такси кызматын, дагы бири  тигүүчүлүк ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.                                                                                                                                                    

Кыргызстан айыл өкмөтү боюнча – 29 үй-бүлө, анын ичинен мал чарбачылыгына ыктагандар 27, булар уй багышууда, 1 катышуучу тигүүчү, дагы бир катышуучу кийим кече сатуу менен алектенет.                                                                                                                                          

Семетей айыл өкмөтү боюнча – 37 үй-бүлө, анын ичинен 28и уй, бешөө кой багууну колго алган, 1 катышуучу такси кызматында, калган үч катышуучунун бири көчмө пилорама, экинчиси тигүүчүлүк, үчүнчүсү соода жагында. 

Ошондо, 82 үй-бүлөнүн ишмердүүлүгүн жалпы жонунан айта турган болсок, 75 фермер, 2 таксист, 3 тигүүчү, 2 соодагер, көчмө пилорамачы бар.

– Бул долбоордун үч жылдык жыйынтыгы кандай болууда? Ушул убакыт аралыгында канча ишкер туруктуу иш алып барууга өттү жана канча жумуш оруну түзүлдү? 

– Үч жылда «Социалдык контракттын» бир топ катышуучулары бизнесте туруктуу ордун таба алышты десем болот. Мисалы, Үч-Коргон айыл өкмөтүндө соцжардам алган жалпы 24 үй-бүлөнүн арасында мал чарбачылыгын кармагандар, мончо иштеткендер, соода-сатык кылгандар, бүлдүркөн өстүргндөр, тигүүчүлөр, дыйканчылык кылгандар, чач тарач иштеткендер бар. 

Ушундай эле көрүнүш Кыргызстан айыл өкмөтүндө да кездешет: 3 жылдын ичинде 35 үй-бүлө соцжардам алып, каражатын мал чарбачылыгына, дыйканчылыкка, тигүүчүлүккө, соода-сатыкка, чачтарач ачууга, кафе иштетүүгө салышты. 

Ал эми Семетей айыл өкмөтүндөгү 36 үй-бүлө тигүүчүлүк, наавайкана, мал чарбачылык жана кулпунай өстүрүү багыттарын тандап алышты. 

Ошондо, үч жылда жалпы 95 үй-бүлө социалдык жардам алышып, учурда жеке иштерин бир топ бутунан тургузуп алышты.  

  • Мисалы, 2024-жылы Чылманбетова Айзада Бактыбековна «Социалдык контракттын» негизинде алган 100 миң сом менен наавайкана ачып чакан бизнесин баштаган.  Азыркы учурда ийгиликтүү иштеп жатат.
  • Ал эми Нуржанова Гүлзат соода-сатык жаатын тандап, кийим кече сатууну колго алган, учурда жакшы жыйынтыктарды берип жатат. 
  • Турсункулова Роза болсо, чарба койлорун алып, ишин улантып кетти.
  • Тыныбек кызы Назгүл көчмө пилорама сатып алган, азыркы учурда жолдошу иштетип жатат, а өзү тигүү цехинде иштейт. 
  • Шүкүралиева Замира тигүү цехин ачкан.
  • Аманов Изат бүлдүркөн өстүрүү менен алектенип, учурда кирешеге чыгып калды. 

Жалпылап айтканда, Манас району боюнча 275 үй-бүлө социалдык жардам алган. Азыркы учурда 272 үй-бүлө ийгиликтүү иштешүүдө. Ал эми калган 3 үй-бүлөнүн экөөсү башка жакка көчүп кеткен, бир катышуучу кайтыш болду. Ийгиликтүү иштеп кеткендердин жардамы менен район боюнча 292 жумуш орду түзүлдү. 

– Канча катышуучу ишкерчилигин кеңейтүү максатында жеңилдетилген насыя алышты? 

– Андайлар бизде жок. Баары эле баштапкы алган 100 миң сом менен баштаган ишин улантышууда.