Шахида Абдуллаева: Ботулотоксин инъекциясы. Жасатуу керекпи же жок?
Аялдар үчүн жаштык жана сулуулук темасы дайыма актуалдуу, барган сайын косметологдун кызматына кайрылган айымдар көбөйүүдө. Жаштыкты узартуу же сулуулукту сактап калуудагы эң көп тараган процедура – ботулотоксин инъекциясы. Бирок анын кандай зыяны бар, көп колдонуу кандай кесепеттерге алып келет – бул тууралуу врач-косметолог Шахида Абдуллаева айтып берет.
– Ботулотоксин деген эмне жана бизге эмне үчүн керек?
– Ботулотоксин – бактериядан алынып тазаланган зат. Ботулотоксин булчуңга мээ жөнөткөн нерв импульсунун өтүшүнө тоскоол болот, мындан улам булчуңдардын жыйрылышы токтойт дагы, бырыштар жылмаланат. Ботулотоксин ошондой эле тер бездеринин активдүү иштешине алып келген нейрондук сигналдарды жана инъекциялар сайылган булчуңга багытталган нерв сигналдарын бөгөттөйт. Сигнал болбосо булчуң жыйрыла албайт. Натыйжасы - майда бырыштардын азайышы, ошондой эле курактык өзгөрүүлөрдүн алдын алуу. Ботулотоксин уу эмес, жалпы медицинада, мисалы, балдардын церебралдык шал оорусун дарылоодо же жаракаттан жана шалдан кийин ассиметрияны жоюу үчүн колдонулган дары.
– Аны колдонуу кандай кесепеттерди жаратышы мүмкүн?
– Кесепеттери оң да, терс да болушу ыктымал. Оң – бул жашарууга тез реакция жүрөт, мимикалык бырыштар жазылат, бет тартылат. Терс – птоз, убакыттын өтүшү менен асимметрия пайда болот дагы, процедураны кайра жаңыртууга туура келет.
– Ботулотоксинге көнүп калуу мүмкүнбү?
– Көнүп калууга алып келбейт. Бирок ар бир адам жүзү жаш жана арык көрүнүп турушун каалайт, ошондуктан көбү ар бир 7-8 ай сайын процедураны жаңылашат.
– Кайсы курактан тартып ботокс уколун сайдырууга болот?
– Эгер медициналык көрсөтмө болсо, ботулотоксин инъекциясын 10-15 жаштан тартып эле колдонууга болот. А эгерде сулуулук жана жаштык үчүн болсо, анда бул косметологиялык процедурага 25 жаштан кийин кайрылыш керек.
– Ботокс уколу бардык адамга эле бирдей таасир береби?
– Баарына бирдей таасир берет, бирок эффект ар кайсы адамда ар башкача кармалат. Эгерде метаболизм жакшы иштесе, анда мындай учурда ботулотоксин тез тарайт. А эгерде инъекция бир топ улуу куракта жасалса, анда ал көп убакыт кармалат жана кечирээк тарайт.
– Чындап эле ботокс бырыштарды кетиреби?
– Ооба, ботулотоксиндин негизги милдети – бул мимикалык бырыштарды жана сызыктарды жазуу. Бирок эгер алар өтө терең жана түшкөнүнө көп убакыт болгон болсо, анда 100 пайыз жазылышын күтпөш керек, 30 пайызын гана жылмалайт.
– Ботокстан кийин өзүңдү кандай алып жүрүшүң керек?
– Эң негизгиси мончо, сауна, спа-процедураларга барганга болбойт. Ошондой эле күндүн алдында көп жүрбөш керек, кофеден баш тартууга туура келет. Эгер инъекция бетке жасалган болсо, анда бетке массаж жасатууга болбойт. Ушул эрежелерди гана карманып, а калган учурда кадимки жашоо образын уланта бериш керек.
– Ботоксту өтө тез-тез жасатуу бет булчуңдарынын атрофиясына алып келиши мүмкүнбү?
– Ооба, көпчүлүк учурда ашыкча жасатып жана косметологун тез-тез алмаштырып, биринен экинчисине чуркай бергенде болот. Мындай учурда булчуңдардын атрофиясы пайда болуу ыктымалдуулугу көбүрөөк, анткени дозасы эсептелбей калат. Мисалы, птоз болгон жерге ботулотоксин азыраак берилет, аны эсептеш керек. Бирок муну баары эле эске ала бербейт, ошондуктан инъекцияга кылдат жана сактык менен мамиле жасоо кажет.
– Ботоксту крем же башка каражаттар менен алмаштырса болобу?
– Азыр рынокто териге кам көрүүчү косметиканын түркүн түрү бар, мыкты курамга ээ кремдер бырышты жакшы жазат. Териге кам көрүүнү канчалык эрте баштасаңыздар,ошончолук косметологдордун кызматына жана инъекцияга аз чуркайсыздар.
– Кыргызстанда эркектер да ботокс жасатышабы?
– Албетте, азыр эркектер бул процедурага көп кайрылышат. Алар мурда деле жасатышчу. Бирок мурда көбүнчө медициналык көрсөтмө менен кайрылгандар басымдуулук кылчу, а азыр жаштыгын узартуу максатында келишет. Косметологдун кабылдамасына келген эркектер көп, бул актуалдуу тема жана толук нормалдуу көрүнүш.
