Альбина Имашева: «Арнис экөөбүз бири-бирибизден алыстасак урушуп кетебиз»
Таланттуу жубайлар Арнис Кыдырмаев менен актриса Альбина Имашева театрдагы спектаклдерде, кинотасмаларда, телероликтерде роль жаратып, чыгармачылыкта үзүрлүү эмгектенип жүрүшөт. Кош жылдыздардын жашоосундагы айрым учурларга токтолдук.
«Арнистин бою эмес, жан дүйнөсү маанилүү эле»
Арнис экөөбүз студент кезде Искусство институтунда окуп жүрүп таанышып калганбыз. Айтканын аткарган, чечкиндүү, мырзаларга тиешелүү бардык сапатка ээ адам эле. Ошол сапаттары менен жүрөгүмдү ээлеп алган. Экөөбүз бир жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк. Мен бойлуу, Арнистин бою кыскараак болгондуктан, мага «бойлуусу жок бекен?» дегендер болчу. Бирок мен үчүн бою эмес, анын жан дүйнөсү маанилүү болчу. Экөөбүздө тең «бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба» деген девиз бар эле. Андыктан кыз-жигит болуп бир жыл жүргөндөн кийин ал 22, мен 21 жашымда 2004-жылы баш кошуп алдык. Экөөбүз үлпөт тою жок эле кыргыздын салты менен айылга барып үйлөнгөнбүз. Биз баш кошкондо кайнатам: «Экөөңөр тең чыгармачыл адам экенсиңер, жашоодо ар кандай нерселер болот. Үй-бүлөңөрдү бекем сактагыла», – деген кеп-кеңешин айткан. Атабыздын ошол кеңешин дайыма эстеп жүрөбүз.
«Көшөгөнүн бир жагында Арнис экөөбүз, бир жагында кыздар жашачу»
Биз баш кошкон учурда экөөбүз тең студент, ошол эле учурда мен Улуттук драма театрында, Арнис шаардык театрда иштечү. Экөөбүз үй-бүлө куруп шаарга келип, окуу жайдын жатаканасында кыздар менен бирге жашап калдык. Ортого көшөгө тартып бир тарабында биз, бир тарабында кыздар жатышчу. Кийин өзүбүзчө бөлмөгө чыгып кеттик. Биринчи кызымды студент кезде төрөдүм. Ошондо да үйдө олтуруп албай баламды көтөрүп барып экзамендеримди тапшырып жүрүп окуумду калтырбай бүтүрүп алдым. Кийинчерээк кызымды кайненем алып кетип, ошол боюнча айылда болду. Биз Арнис экөөбүз бирдей иштеп жүрдүк. Үй-бүлө курганыбызга 2-3 жылдай болгондо мага француздар тарткан «Теңгири» деген тасмадан сунуш түшүп калды. Арнис да казактар менен бир долбоор боюнча иштеди. Экөөбүз аталган долбоорлордон жакшы каражат таптык да жер тилкесин алып, үй салып алдык. Азыр: «Ошондо Кудай бизге берген дөөлөттү туура кармап калдык окшойт», – деп калабыз.
«Жумушта бири-бирибизге күзгү болуп турабыз»
Биз баш кошкондо эки башка театрда иштесек, кийин Арнис өзүнүкү менен катар мен иштеген драма театрында да иштеп калды. Мен да аталган эки театрда тең иштеп жүрдүм. Бирок бир эле убакта эки жакта тең спектакль болуп калганда ыңгайсыздыктар жаралгандыктан, экөөбүз чогуу Улуттук драма театрына келип алдык. Айрымдар: «Экөөңөр үйдө да, театрда да чогуу жүрүп бири-бириңерден тажабайсыңарбы?» - деп сурашат. Бизге, тескерисинче, чогуу жүргөн жагат. Экөөбүз жумушта бири-бирибизге күзгү болуп турабыз. Актёр роль жаратканда өзүнө-өзү баа бере албайт. Биз болсо бири-бирибиздин кемчилигибизди, артыкчылыгыбызды айтышып турабыз. «Чогуу жүрүп урушуп кетпейсиңерби?» дегендер да бар, биз, тескерисинче, бири-бирибизден ажырасак урушабыз. Экөөбүз эки жакта жүрсөк телефон чалышып: «Каякта жүрөсүң, келбейсиңби?» - деп жоктоп турабыз. Бирок жеке жашообуз үйдө калып, театрда кадимки кесиптештердей жүрөбүз. Айрым учурларда актёрлор Арнисти таппай калышса менден сурап калышат. Анда: «Мен деле силер сыяктуу кесиптешмин, билбейм», – деп күлүп калам.
«Мага экөөбүз чогуу тамак жасаган учурлар жагат»
Арнис үйдө абдан жакшы жолдош, жакшы ата. Кыздары менен жакшы сүйлөшөт, мен тил табыша албай кетем. Андыктан атасын: «Сен сүйлөш», – деп коём. Үйдө жалаң кыздар болгондуктан Арнис 8-Мартта бизди олтургузуп коюп түрдүү тамактарды жасап берип сыйлайт. Негизи эле өзү ашканага абдан жакын, бул жаатта фантазиясы да күчтүү. Жумуштан соң үйгө барып, экөөбүз чогуу тамак жасаган күндөр мен үчүн абдан жагымдуу. Арнис биз там салгандан бери көп нерсени өздөштүрүп алды, эшиктин иши да колунан келет.
