Бакыт Керекулов: Кыргыз экениме сыймыктанам
Микрохирург-ортопед Бакыт Керекулов Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган, 20 жылдан ашуун убакыттан бери Түркиянын Измир шаарында жашап, ЕМОТ клиникасында иштеп келет, 35 жылдан ашуун травматология, ортопедия, онкология жаатындагы бардык операциялар микроскоп менен жасалуучу микрохирургия жана супермикрохирургия менен алектенет. Ошол жерден Караван-Инфонун кабарчысынын суроолоруна жооп берди.
– Кыргызстан менен кызматташтыгыңыз кантип өнүгүп жатканын кененирээк айтып бере аласызбы?
– Мен Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун бүтүрүүчүсүмүн. Түркияда жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери иштейм. Мамлекеттик ооруканалардагы жана «Vedanta» клиникасындагы кесиптештерим менен тааныштым жана алар менен чогуу бир операциялык блокто болуу бактысына туш келдим.
– Конференцияда докладыңыз эмне тууралуу болду?
– Ортопедияда дайыма актуалдуу маселелер бар, айрыкча авария, жарааттар, онкология жана балдардын тубаса кемтиги, мында атайылаштырылган медициналык жардам, микрохирургия жана заманбап медициналык жабдыктар талап кылынат.
Конференцияда биз реконструкция, башкача айтканда ортопедия жана травмотология жаатында микрохирургия кайда жайгашкан деген маселени талкууладык. Албетте, мындай операциялар тажрыйбалуу команда менен жасалат.
– Биздин жарандар сиздин кызматты кантип ала алышат?
– Бул үчүн учурда түркиялык клиникага сөзсүз түрдө келүү шарт эмес. Көп маселелерди биз Кыргызстандын шартында кесиптештер менен биргеликте чечүүгө аракеттенебиз. Албетте, Түркияга барышы керек болгон бейтаптар да бар, бирок маселелердин көбүн өлкөнүн аймагынан чыкпай туруп чечүүгө болот.
– Дүйнөдөгү ортопедиянын өнүгүшүн кандай баалайсыз, канчалык тездик менен болууда?
– Медицинанын бардык тармактарында илим өтө тездик менен өсүүдө, бирок, албетте, дарылоонун биз көп жылдан бери таянган жана көп жылдан бери белгилүү болгон стандарттык ыкмалары жана принциптери бар. Бирок медициналык жабдыктарга байланышкан бир катар өзгөрүүлөр бар.
– Кыргызстандагы ортопедия канчалык деңгээлде өнүгүүдө?
– Менин байкашымча, акыркы 20 жылда бир топ жакшырды жана бул биздин дарыгерлердин, профессорлордун жана академиктердин медициналык кызматтын натыйжалуу өнүгүүсү үчүн кошкон салымынын жыйынтыгы деп айта алам. А биз өз тарабыбыздан материалдык жактан салым кошуп, бул процессти бардык, хирургиялык жана теориялык да жагынан моралдык колдоого алууга умтулуудабыз. Мындан ары дагы медициналык кызматты жакшыруу жана тажрыйба алмашуу үчүн кызматташууну уланта беребиз.
– Кыргызстандык мекендештериңиз сизге көп кайрылышабы?
– Интернеттин жана медианын шарапаты менен дүйнө тарыды, андан улам каалаган убакта сага керектүү адам менен байланышууга болот. Биз адамдарга жок дегенде кимге кайрылуу керек, эмне кылууга болот жана эмне кылууга болбойт деген туура кеңеш айтып, жардам бергенге аракеттенебиз. Бир жылдан бери көптөгөн кесиптештерибиз менен онлайн баарлашып, онкологиялык залалсыз же залалдуу шишик ооруларынан жабыркаган бейтаптарга кеңеш берип келатабыз. Залалсыз шишиги бар бейтап көбүнчө консервативдүү дарылоого же байкоого гана муктаж. Туура чечим кабыл алынышы абдан маанилүү.
– Сиздин жеке ачылышыңыз, ноу-хау же дагы бир уникалдуу окуяларыңыз барбы?
– Биз үчүн ар бир учур уникалдуу. Ар бир бейтап өзүнчө ыкманы талап кылат. Мен кыргыз экениме жана «ЕМОТ» сыяктуу клиникада иштеп жатканыма жана ушул команданын мүчөсү болгонума сыймыктанам. Ошондой эле, командам мени менен да сыймыктанышат. Ушунун өзү мага жетиштүү.
