Астролог Андрей Рязанцев: Бизди жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн жылы, абдан жаратман жыл күтүп турат
Астрологдордун INASTROS эл аралык уюмунун мүчөсү, астролог Андрей Рязанцев атайын “Караван-Инфо” үчүн өзүнүн астрологиядагы жолу жана 2025-жыл кандай жыл болоору тууралуу айтып берди.
– Андрей, астрологияга болгон кызыгууңуз кантип башталганы тууралуу айтып берсеңиз?
– Мен астрологияны эчак эле, мектепте окуп жүргөн кезимден баштагам. Бул 1992-жыл болчу, апам мени өзүнүн таанышы Игорь Владимирович Дмитриев ачкан астрологиялык мектепке алып келди, тилекке каршы, азыр ал кишинин көзү өтүп кеткен. Ошентип, ал астрологияны окууну сунуштады, мен бара баштадым, мага жакты, кызыгып кеттим.
Андан кийин мектеп эки топко бөлүндү. Бир бөлүгүн Игорь Дмитриев окутуп жатты, а мен андан ары Татьяна Юрьевна Борщтон билим алууну уланттым. Ошентип, астрология жашоомо кирди, абдан кызыктуу болду. Астрология жаңы билимдерди, өзүңүздү жана башка адамдарды жакшыраак түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет жана жашооңузду алдын ала болжолдойт. Мен мектепте окуп жүргөн кезимде бардык классташтарыма гороскоп жасап бергем, көбү аны жоготуп коюшкан экен, бирок кийин эстеп айтып беришти.
– Балалыгыңыз кандай өттү?
– Абдан кызыктуу жана бактылуу шартта, биз эс алууга чет жактарга жана Ысык-Көлгө барчубуз. Балалыгыбыз бейпил болду, андан соң Союз урады, таңкыстык башталды, бирок ошол убакта деле корообуздагы көп балдар менен хорго барчубуз, достоштук, ырдадык, ойнодук, андан кийин ар бирибиз өз жолубуз менен кеттик.
– Сиз абдан көп тараптуу өнүккөн жана билимдүү адамсыз, астрологиядан тышкары дагы кандай билимдерди алдыңыз?
– Университетке тапшырып, биринчи билимимди табигый технология, физика жаатында алдым, ошол эле учурда астрология менен алектендим. Мен биринчи кесиптик консультациямды 1993-жылы кышында бергем. Өткөн жылы астрологияны изилдеп, түрдүү радио, гезиттер менен кызматташып баштаганыма 30 жыл болду. Ошондой эле № 6 гимназияда физикадан бир – эки жыл сабак берип калдым, андан кийин жарнама жана маркетингге байланыштуу кампанияга жумушка орноштум. Коммерциялык директор болдум жана экинчи жогорку билимимди “финансылык менеджмент” багытында алдым. Баса, бул абдан кызыктуу багыт, ал жакта дагы 7 жыл иштедим.
Ар кайсы өлкөлөрдө, Молдовада, Кыргызстанда, Россияда иштедим. Бир убакта психологияны кошуп астрологияны гана изилдөөнү чечтим. КРСУдан үчүнчү жогорку билимимди алдым. Баса, үч жогорку билимди тең КРСУдан алгам. Андан кийин Санкт-Петербургда гешальт ыкмасын үйрөндүм, ковид учурунда мен НЛП ыкмасын жана Эриксон гипнозун өздөштүрдүм, ошондон бери психология жөнүндө айта турган болсом, ушул үч модалда иштеп жатам.
– Андрей, соцтармактардан Индияга дайыма барып тураарыңызды билдим. Ал өлкөнүн эмнеси сизди тартып турат?
– Индия – бул жашоого башкача көз караш. Абдан көп кырдуу өлкө. Бул жерде баары такыр башкача өнүгөт жана көбүнчө сиз байкагандай же пландагандай боло бербейт. Анан, мага индустардын ушул макалы жагат: кандай болгондо да, акыры баары жакшы болот. Алгачкы жолу келгенимди баары күтүүсүз болду, пландалбаган жерден сапарга чыктым.
Негедир кардарларым, жакшы досторум мени Индияга барууга үндөштү. Ошол убакта Тибетке, Тибет медицинасын көрүү үчүн чогуу барышыбыз керек эле. Бул өзүмдүн ден соолугумду түшүнүүгө жана алектенип жаткан ишим тууралуу көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк бермек. Ал жакка досторум бара албай калышты. Мен дагы сапарды токтоттум, бирок алты айдан кийин, барышым керек деп чечип, өзүм жалгыз жөнөп кеттим.
– Андрей, астрология менен астрономия тууралуу айтып берсеңиз, алардын кандай айырмачылыктары жана байланыштары бар?
– Астрономия илим катары салыштырмалуу жакында эле пайда болгон. Ага чейин астрология болгон. Алар кандайча айырмаланат? Астрология – бул «астро» жана «логос», башкача айтканда, жылдыздар жөнүндөгү илим. Астрономия — жылдыздар жөнүндөгү билим. Астрология кайсы бир убакта бардыгын камтыган. Ошол эле Иоганн Кеплер астролог болгон жана астрология боюнча китептерди жазган.
18-19-кылымдарга чейин университеттерде астрология окутулуп келген. Адамдар жылдыздардын жана планеталардын асман чөйрөсүндөгү кыймылын гана эмес, алардын Жерде болуп жаткан бардык процесстерге тийгизген таасирин да карап чыгышкан. Астрономия жылдыздарды изилдөө менен гана алектенет. Техникалык революциядан кийин материализм жеңип, асман объектилери менен жердеги окуялардын байланышы астрономиядан бөлүнүп калган. Кийин жылдыздардын, планеталардын жана күн системасынын кыймылына гана көңүл бурулуп баштаган.
20-кылымда Күндүн активдүүлүгүнүн Жердеги процесстерге тийгизген таасирин, анын ичинде узак жана кыска күн циклдерин системалаштыруу жана алардын биздин планетада болуп жаткан нерселер менен байланышын эске алуу менен изилдеген жалгыз адам - Александр Леонидович Чижевский. Ал өз эмгектеринде бул мамилелер системасында астрология маанилүү экенин айткан.
Эгерде чыгыш тажрыйбасын айта турган болсок, анда Самаркандда илимди окутууну уюштурган улуу окумуштуу, башкаруучу жана агартуучу Улугбектин обсерваториясы иштеп жатат. Ал өзү жылдыздарды жана алардын адамдарга болгон таасирин изилдеген. Буга чейин астрологдор бардык храмдарда, чиркөөлөрдө жана мечиттерде болушкан, анткени диний майрамдар Ай менен Күндүн циклдери менен байланышкан. Астрологдор асман телолорунун кыймылын изилдеп, бул циклдерди эсептеп, анан жарыялап турушкан. Анткени, мурда электрондук календарлар же интернет болгон эмес.
Астрологиянын көз карашынан алганда, адам ушундай окуялардын жана өз ара мамилелердин фонунда төрөлөт дагы, анын инсандык изи катары туулган учуру фотосүрөттөй тартылып калат. Географиялык чекитте бир убакта төрөлгөн адамдар, бир айырмачылыгы болушу мүмкүн, бирок жалпысынан окшош тагдырга ээ.
– 2025-жылы планеталар кандай жайгашат?
– Бизди абдан жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн жылы, абдан жаратман жыл күтүп турат. Жаркын окуялары менен эсте калган Ажыдаар жылы акырындык менен жашыл, жыгач Жылан жылына өз укуктарын тапшырып жатат. Тынч, бирок ишенимдүү түрдө 2025-жылдын кожойкеси 2025-жылдын 29-январында башкаруу тактысына отурат жана 2026-жылдын 17-февралына чейин башкарат. Жыланды 2026-жылы кызыл оттуу Жылкы алмаштырат.
Жылан жылынын кытайча аты Ши. Жылан жылы кызыктуу, бирок жылдын символу сыяктуу эле оңой эмес. Жылан ызы-чуу кылбайт жана ага тийбесең, ал да сага тийбейт, ал болуп жаткан нерселерди муздак жана өткүр көзү менен карап турат. Бирок эгерде ал өзүнө карата коркунуч бардыгын сезсе, анда так жана максаттуу секирик менен душманына кол салып, чагып алат. Жылан менен тамашалашуу болбойт, ал сыртынан гана коркунучтуу болбостон, ичинен да абдан күчтүү жана кубаттуу, ал деген жумшак жана үлпүлдөк коён эмес. Даанышман жана токтоо болсоңуз гана бул жылы тынч жана жемиштүү жашай аласыз. Терс эмоциялар жылдын кожойкесин олуттуу ачуулантат жана чыр-чатактар орун алышы мүмкүн.
Жылан жылы үй-бүлөлүк мамилелердеги көйгөйлөрдү чечүүгө, ошондой эле үй-бүлөлүк мамилелерди түзүүгө ыңгайлуу. Бирок үй-бүлөлүк мамилелерде Жыланга жагуу кыйын, а аны менен достошуп, иштиктүү мамилелерди түзүү оңой. Жыланга Короз жана Коён жылында төрөлгөн адамдар көбүрөөк ыңгайлашат. Ошондой эле Жылан Уй жана Кой жылында төрөлгөндөр менен жакшы тил табышат.
Чычкан (бул учурда достук болушу мүмкүн), Жолборс, Ажыдаар (достук жана ишкердик мамилелер ийгиликтүү өнүгүп кетиши мүмкүн), Жылан (достук бир топ күчтүү жана узак болушу мүмкүн), Жылкы (достук жана бизнес альянстары да пайдалуу болот), Маймыл, Ит, Доңуз жылында төрөлгөндөр менен үй-бүлөлүк мамилелер ачык перспективасыз болот.
Эгерде кимдир бирөө жеке персоналдык гороскобун түздүргүсү келсе, астрологдордун INASTROS эл аралык уюмунун мүчөсү, астролог Андрей Рязанцевди +996 555 525052 байланыш номери же по e-mail: andrey_ar@mail.ru электрондук дарегинен табууга болот.
