Айбек Саралаев, Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти: «Зал толуп турса, артисттин да деми ачылат»
1 январь

Айбек Саралаев, Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти: «Зал толуп турса, артисттин да деми ачылат»

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында 22 жылдан бери эмгектенип, хордон солисттик деңгээлге чейин жеткен  опера ырчысы Айбек Саралаев классикалык сахна менен эстраданы айкалыштырып, көрүүчүгө руханий азык тартуулап келет. Айбек Саралаев үчүн опера – жөн гана жанр эмес, жоопкерчилик. Репертуар, операнын түйшүгү, бүгүнкү көрүүчүнүн табити жана өнөр адамдарынын турмушу тууралуу баарлашууну тартуулайбыз.

– Айбек мырза, опера сахнасындагы чыгармачылык жолуңуз кантип башталган?

– Театрда иштеп жатканыма 22 жыл болду. Алгач 10 жыл хордо эмгектендим, акыркы 12 жылдан бери солист катары ырдап келем. Бул жол жеңил эмес. Хордон баштап, акырындап партияларга жетүү - опера ырчысынын табигый мектеби деп ойлойм.

– Репертуарыңызда чет тилдеги чыгармалар да арбын экен...

– Союз маалында  операларды негизинен орусча котормосунда аткарышкан экен.  Бир канча жылдан бери ар бир чыгарманы түпкү тилинде ырдап жатабыз. Италия, француз тилдериндеги опералар  да коюлуп, өз күйөрмандарын табууда. Буюрса, жаңы жылдан кийин италия тилиндеги партияларды аткарам деп катуу  даярдык көрүп жатам.

– Опера менен катар эстрада жанрында да ырдап жүрөсүз. Бул тандоонун себеби эмнеде?

– Чындыкты ачык айтыш керек: бүгүн көпчүлүк өнөр адамдарынын киреше булагы - той-топур. Ошондуктан элге жакын, тойго ылайыктуу ырларды да аткарууга туура келет. Мукан Рыскулбековдун «Лилия» аттуу ыры бар, радиодон угуп жактырып калдым. Ошондон бери эстрада жанрында ырдап жүрөм. Бирок бул операдан алыстоо дегенди билдирбейт.

– Патриоттук багыттагы чыгармаларыңыз да эл арасында жакшы кабыл алынып келет го...

– Былтыр Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата атайын эмгек жасадык. Акын Эрнис Түмөнбаевдин сөзүнө обон жаздырып, Кыргыз милициясына арналган гимн жараттык. Ал даталуу күндөрү  жаңырып келет. Кыргыз милициясынын 101 жылдык мааракесинде да ырдадым.

– Аймактарга, жерге арналган чыгармаларга өзгөчө маани берериңиз байкалат. Андай ырларды эл жакшы кабыл алабы?

– Ооба, мындай ырлар элдин жүрөгүнө жакын. «Улуу Нарын» деген чыгарманы репертуарыма коштум. Нарын дарыясын даңазалаган бул ырды өзгөчө сыймык менен аткарам. Ошондой эле Жолдубай Кайыповдун «Көлдүн үстү», Сүйүн Дүкөнова менен Каныбек Орозалиев жараткан «Миң-Кушум» ырлары да эл арасында кеңири угулуп калды. «Миң-Куш» ырынын клибин да тарттык.

– Айыл темасына арналган чыгармалар тууралуу эмне айта аласыз?

– Айылга, ата-энеге арналган ырлар дайыма жүрөккө жакын. Качкын Оторбаевдин сөзүнө, Жазгүл Жумаканованын обонуна жазылган «Айылга баратам» аттуу ырда ата-энеге болгон сагыныч, сый-урмат терең берилген. Мындай чыгармалар элди ойго салат.

– Акыркы убакта операга көрүүчүлөр көбөйүп жаткандай. Көрүүчүлөр сиздерге дем береби?

– Эгер жарнама жакшы болсо, көрүүчү андан да көп келет деп ишенем. Айрым опера-балеттер кассалык болуп, зал толуп калат. Жакында «Кармен» операсы коюлганда, жамгырга карабай залдын 80 пайызы толуптур. Зал толсо, артисттин да маанайы көтөрүлөт. Ал эми бош залда ырдоо креслого ырдагандай сезилет.

– Опера өнөрүнүн өзгөчөлүгү эмнеде деп ойлойсуз?

– Опера - абдан оор жанр. Убагында уктабасаң, 3–4 саат ырдай албай каласың. Бул флешка коюп, ырдап абалдан чыга турган өнөр эмес. Үч-төрт сааттык сюжетти драматургия менен айкалыштырып, сүйүүңдү, кайгыңды, кубанычыңды вокал аркылуу жеткиресиң.

– Опера ырчысын кандай критерий менен аныктоого болот?

– Баарын эле классикалык үн менен ырдады деп опера ырчысы деп айта албайбыз. Чыныгы опера ырчысы -хордон баштап, солисттик деңгээлге жетип, «Айчүрөк», «Акмөөр», «Манас», «Аида» сыяктуу ири партияларды аткарган адам. Эстрадада ырдасак да, опералык мектеп билинип турушу керек.

– Акырында көрүүчүлөргө айтаар сөзүңүз?

– Айылдан келген ата-энелерибизди, туугандарыбызды опера-балетке, драма театрларга, филармонияга алып келели. Тирүү кезде талантты колдоп, концертине барып көрөлү. Кыргызстан талантка бай, уюткулуу эл. Ошону сактап калуу – баарыбыздын милдетибиз.