Эльдияр Усубакунов: «Эки колумдун жоктугуна эч качан кейиген эмесмин»
Жашоодо телегейи тегиз болсо да бардыгына нааразы боло берген адамдар бар. Ошол эле учурда мүмкүнчүлүгү чектелсе да кабак-кашы жаркыраган жандар болот. Интернет жылдызына айланган Эльдияр мырза жашоону жакшы жагынан гана тааныган аракетчил, жигердүү, таланттуу адам. Эки колу тубаса жок экенине карабай башка адамдардан кем калбай эмгектенип, үй бүлө күтүп, ардактуу эс алуудагы ата-энесине каралашып келет. Жашоого болгон позитивдүү көз карашы көптөгөн адамдарга шык берип, алга сүрөчүдөй.
«Ата-энемдин жалгыз уулумун»
Мен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 1987-жылы төрөлгөм. Ата-энем убагында ошол жакта эмгектенишиптир. Бирок өзүмдүн ата-тегим Чүйдөгү Кызыл-Дыйкан айылынан болгон экен. Кийин Чүйгө өз эл-жерибизге келип, Ак-Суу капчыгайында жашап калдык. Атам Өмүрбек гидромедде, апам Замира медайым болуп өмгектенип, кийин пенсияга чыгышкан. Учурда мени менен бирге турушат. Ата-энемдин үч баласынын ортончусумун. Эжем менен карындашым үй-бүлөлүү, өз турмуштары менен алек. Мен болсо жалгыз уулмун. Эки колум жок деп эле жашоодо мөңдүрөп калбайм.
«Тубаса колум жок тѳрѳлүптүрмүн»
Ооба, мен башкача жаралган жанмын. Тубаса эки колум жок төрөлгөм. Мындай абалда төрөлгөнүмө ата-энем кайгырып, кабатыр болсо керек. Бирок мага билгизбейт. Мен эч качан «эмнеге мындай?» деп капа болгон эмесмин. Атамын кесиби геолог. «Кумтөр» ачыла элек кезде, союз учурунда ошол жакта иштеген экен. Апам болсо аларга ашпозчу болуптур. Ал жерде уулу заттар бар эмеспи. Негизги себепти ошол радиациясы күчтүү жерде иштегенден болсо керек деп божомолдойбуз. Балким Кудайымдын маңдайга жазганыдыр деп кабыл алабыз. Анан калса ар ким пейилине жараша жашоосу болот эмеспи. Ошол себептен наалынбайм, эч качан жаман ойлоп, капа болуп жашаган эмесмин. Кичинемде «чоңойгондо жасалма кол салдырып алам» дечүмүн. Кадимки адамдардай эле жашоо кечирем. Мага азыркы жашоом жагат.
«Бутум баса электе ырдагам»
Жалгыз бала, мүмкүнчүлүгү чектелүү деп ата-энем мени ашыкча тайраңдатып эрке чоңойтушкан жок. Башка балдардай ойноп, окуп, ат минип, эмгек кылып чоңойдум. Кичинемде балдар деле басынтышчу эмес. Толук болбосо дагы бир аз манжаларым бар. Ошого шүгүр. Кичинекей манжаларымдын жардамы менен мектепте жазганды үйрөнүп, билим алдым. Азыр деле бар манжаларымдын жардамы менен унаа башкарам. Машина айдаганыма 20 жылдай болуп калды. Ата-энем жакшы ырдашат. Генетика аркылуу берилгенби, айтор, бутум баса элек кезде тилим ырдап чыгыптыр. Отуруп алып ырдай бергеним эсимде. Балким уккандар кичине бала кантип баарын эстеп калсын деп таң калышы мүмкүн. Мен ошол баса элек кездеримдеги ар бир күнүмдү кадимкидей билем. Кичинемден баштап ырдап келе жатам. Кийин деле токтоткон жокмун.
«Өзүмдү жапайы ырчы катары эсептейм»
Бир жолу туугандарыбыздын бирин аскерге узатканы барып калдык. Беш-алты жашым болсо керек. Анда “ямаха” деген жаңы чыгап, анын коштоосунда ырдоо өзүнчө эле укмуш көрүнчү. Апамдын жанында ямаха чертип ырдаган байкени карап турам. Бир учурда мен да ырдайынчы деп суранып ырдадым. Элдин баары макташты. Ошондогу музыкант байке: «сен нота таанып, билим алган балдардай эле ырдайт турбайсыңбы! Жаңылбай, ритмден калбай, тондон чыккан жоксуң» деген эле. Тааныш эмес сөздөрдү айтып мактаганына сүйүнүп келгем. Ата-энем талантыма маани берген жокпу, же мен кызыккан жокмунбу, айтор, окууну аяктагандан кийин деле музыкалык окуу жайларга барып тапшырган жокмун. Оюмда деле болгон жок. Өзүмдү жапайы ырчы катары эле эсептейм. Азыркы өнүккөн заманда аракет кылбасаң деле интернет жылдызга айлантып коет экен.
«Жубайым экөөбүздү талантым табыштырды»
Жашоомдо абдан шайдоот, шайыр адаммын. Адамдар «шустрый» деп коюшат го. Ошол мүнөз мага таандык. Изденүүдөн чарчабайм. Мал багып, бал челек кармап, ырдап, айтор, жаным тынбайт десем болот. Кесибим боюнча экономистмин. Евразиялык институттун алдындагы колледжинде билим алып, эсеп-кысап факультетин аяктагам. Ата жолун улап бир жылдан бери мамлекеттик ишке орношуп, «техник-гидролог» болуп эмгектенип келем. Ал эми таанып-билип калгандар ресторанга тойго чакырышат. Ал жакта ырдап жүрүп Таластын сулуу кызына ашык болдум. Жубайым экөөбүздү менин талантым табыштырды десем болот.
«Азыркы жашоом үчүн жаратканга шүгүр айтам»
Келинчегим менден 13 жашка кичүү. Мен ырдап барган ресторанда оператор болуп иштечү экен. Ошентип таанышып, нике кайып экен, 28 жашымда жубайыма баш коштум. Жашоомдо өйдөдө өбөгүм, ылдыйда жөлөгүм менин ата-энем жана жубайым. Ата-энемдин жалгыз келини жубайыма рахмат. Менин уучумду улап келет. Ортобузда үч уул, бир кызыбыз бар. Мен жалгыз уул болсом азыр менин тиректерим бар. Ушул жашоом үчүн жаратканга миң ирээт рахмат айтам.
