Жылдыз Полотова: Мамлекеттик кызматтарга аялдардын келиши үчүн биринчи кезекте алардын билимин жогорулатууну колго алдык
29 ноябрь

Жылдыз Полотова: Мамлекеттик кызматтарга аялдардын келиши үчүн биринчи кезекте алардын билимин жогорулатууну колго алдык

Аялдардын коомдогу ордун бекемдөө максатында мамлекеттик кызматтар тарабынан кандай иш аракеттер жасалууда? Бул боюнча эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Жылдыз Полотова “Караван-Инфо” менен болгон маегинде айтып берди.

– Министрлик тарабынан аялдар лидерлигин өнүктүрүү жаатында иш аракеттер жасалуудабы?

– Быйыл “Аялдардын лидерлигин өнүктүрүү боюнча” программа кабыл алынган жана анын алкагында көп пландарды аткарып, башка кызыкдар мамлекеттик кызматтар менен да биргелешкен иш аракеттери жасап жатабыз. Мисалы, жергиликтүү кеңештерге шайлоо болбодубу, биз анда аялдардын катышуусун көбөйтүү, аялдарды талапкердикке тартуу үчүн, ошондой эле башка мамлекеттик органдарга аялдардын келиши үчүн биринчи кезекте алардын потенциалын, билимин жогорулатуу багытындагы окутууларды колго алдык.  КР Президентине караштуу Жусуп Абдырахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында сабактар уюштурулат. Азыр мамлекеттик кадрлар резервинде аялдардын саны аз экени белгиленип жатат. Албетте, санды түзүп коюуга болот, бирок биз сандан сапатка жылышыбыз керек.

Аялдар кайсы бир кызматка баруу үчүн сынакка катышаарда биринчи алардын билимин ошого ылайыкташтырып, ар кайсы окууларды уюштуруп, тиешелүү тесттерден ийгиликтүү өткүдөй деңгээлде даярдашыбыз керек.

– Мисалы, сиздер ишке ашырып жаткан “Социалдык контракт” долбоору аялдардын лидерлигин өстүрүүнү шарттайт айтууга болобу?

– Албетте. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси, МинКаб төрагасы Акылбек Жапаровдун чечимдерине ылайык, 2022-жылдан тартып “Социалдык контракт” долбоору ишке ашууда. Анын катышуучуларынын 95 пайызын аялдар түзөт. Алар долбоор аркылуу биринчи өзүнүн, үй-бүлөсүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, аны менен кошо өзүнүн лидерлик сапатын өнүктүрүүгө шарт түзөт. Президент белгилегендей, бул долбоордун башкы максаты – адамдык капитал. Ага ылайык, долбоордун алкагында инсандын жеке өнүгүүсү маанилүү. Мына, азыр 95 пайыз болгон аял катышуучулар үй-бүлөсүнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү менен катар изденип, көндүмдөрүн өнүктүрүп башташат. Анан келечекте ушул айымдар чакан же орто ишкерге айланып, ар ким өзүнүн чөйрөсүндө лидер болушу да ыктымал. Мени так ушул нерсе кубандырат.