“Кыргызфильм”: “Кыргыз кереметинин” уучу куру эмес – кыргыз тасмасы дүйнөгө таанылчу учур алдыда
27 ноябрь

“Кыргызфильм”: “Кыргыз кереметинин” уучу куру эмес – кыргыз тасмасы дүйнөгө таанылчу учур алдыда

Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы – КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин карамагында иш алып барган мамлекеттик мекеме. “Кыргызфильм” – Кыргызстандын эң белгилүү жана тарыхый киностудиясы болуп саналат. Ал 1941-жылы негизделген жана Кыргызстандагы киноиндустриянын өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт. Бүгүнкү күндө анын ишмердүүлүгүндө кандай жаңылыктар жана жетишкендиктер болууда? Бул тууралуу аталган киностудиянын директорунун орун басары Аида Үсөнова “Караван-Инфо” редакциясына айтып берди.

– 2024-жылы канча жана кандай тасмалар тартылды? Тасма тартуу боюнча акыркы жылдары алдыга жылыш болдубу?

– Киностудияда жылына кеминде 3 толук метраждуу көркөм тасма тартылат. Быйыл киностудиянын 2024-жылга карата тематикалык планына ылайык, ар түрдүү форматтагы 29 тасма тартылды. Алардын арасында  “Мерген” (реж. Чыңгыз Нарынов), “Кызыл Өрүк” (реж. Актан Арым Кубат) жана “Туткун” (реж. Темир Бирназаров) көркөм тасмалары жана жеткинчектерге арналган режиссер Айбек Дайырбековдун 7 бөлүмдөн турган “Амантай менен Айтуяк” анимациялык тасмасы бар. Ошондой эле биз жыл сайын кино өндүрүшүндөгү тематикалык план үчүн сценарийлер сынагын жарыялайбыз. 2025-жылга карата жарыяланган сынакка жалпысынан 16 ар түрдүү форматтагы тасмалардын сценарийлери келип түшкөн. Алардын сегизи толук метраждуу көркөм тасмалардын сценарийлери. Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 2028-жылы белгиленчү 100 жылдык мааракесин утурлай жазуучунун чыгармаларынын негизинде жазылган сценарийлер үчүн дагы сынак өткөрүлдү.

– Каржылоо жагы тууралуу да айтсаңыз жана убакыттын өтүшү менен киностудиянын ишинде кандай өзгөрүүлөр орун алууда?

– Киностудия 2025-жылга карата кино өндүрүш үчүн  75 миллион сом бөлүүнү пландоодо. Албетте, өзгөрүүлөр абдан көп, мисалы, киностудия кинопленкаларга тартылган тасмаларды санариптештирүү жана архивде сактоо иштери менен бирге кино өндүрүш үчүн техникалык базасын ар дайым жаңылап турат. 2024-жылы Кыргызстанда аналогу жок жана кымбат баалуу заманбап кино тартуучу техникалуу болдук. Ошондой эле 2025-жылы аянты 1400 чарчы метр болгон кинопавильон куруу иштери пландалды. Ал толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат. Келечекте курула турчу бул кинопавильон жана жаңы техникалар кино өндүрүш процесстерин тездетүү менен бирге эл аралык талаптарга шайкеш келген сапаттагы тасмаларды жаратууга өбөлгө болот.

– 2024-жылы кыргыз тасмаларды кандай сынактарга катышты? Сыйлык алгандары болдубу?

– Кыргызфильмде тартылган жаңы тасмалардан сөз кыла турган болсок, режиссер Тынчтыкбек Абылкасымовдун “Error 404” тасмасынын улуттук бет ачары 2024-жылдын июнь айында II Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында өтүп, дүйнөлүк бет ачары Орусиядагы 22-чи “Дух огня” эл аралык дебюттук тасмалардын кинофестивалында болду. Ал эми Оренбург шаарындагы  кинофестивалда жана 13-15-ноябрь күндөрү Ашхабадда өткөн IV Эл аралык “Коркут Ата” кинофестивалында  “эң мыкты сценарий”  сыйлыгына татыды. Муну менен катар Казакстандагы “Байконур”, Азербайжандагы Баку эл аралык кинофестивалына катышты.

Режиссер Жандос Жолдошевдин “Байланыш” кыска метраждуу көркөм тасмасы да алгачкы сыйлыгын алды - ал апрель айында Бишкекте өткөн  “Үмүт” жаштар кинофорумунда “мыкты режиссер” болуп таанылды. Аны менен катар Түркияда өткөн эки башка кинофестивалда режиссер Жандос Жолдошевге  “мыкты дебюттук режиссер” жана “мыкты жаш режиссер” сыйлыктары ыйгарылса, башкы каармандын ролун аткарган актер Уланбек Султангазиев “мыкты башкы каарман” сыйлыгы менен сыйланды. Киностудияда тартылган жаңы тасмалардын бири – режиссер Дастан Жапар Рыскелдинин “Качкын” узун метраждуу көркөм тасмасы. Тасманын дүйнөлүк бет ачары үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Пусан эл аралык кинофестивалынын алкагында өттү, ал эми улуттук бет ачарын 2025-жылдын  январь айына пландап жатабыз. Тасма учурда Америка, Германия жана Индиядагы кинофестивалдарга катышып, “Эл аралык мыкты тасма” наамы үчүн ат салышууда.

– Союз учурундагы “Кыргыз кереметин” баары билет. Ошондой керемет жакынкы жылдары кайтаналат деп күтсөк болобу?

– “Кыргыз кереметинин” уучу кур эмес. Учурда “Кыргыз кереметин” жараткан улуу муундун иштерин улап, эл аралык аренада  кыргыз киносунун атын чыгарып келе жаткан киночулар көп. Ар бир доордун өзүнүн каармандары, мыктылары болот. Эл аралык уюмдар, кинофестивалдар жана дүйнөлүк ысмы бар жылдыздардын кыргыз кинематографисттери менен кызматташууга кызыктар болуп жатканы - кыргыз киносунун туура жолдо жана темпте  өнүгүп баратканын айгинелейт.  Ушул жерден эл аралык кызматташтыктар тууралуу айта кетсек ашыкча болбостур. Киностудия быйыл төмөндөгү эл аралык долбоорлор менен иштешти:

1.  Кыргыз жана өзбек  кинематография жетекчиликтеринин каржылоосу менен тартылган кыргыз режиссер Найзабек Сыдыковдун “Бир жолу Самаркандда” (“Однажды в Самарканде”) тасмасынын тартуу иштери.

2. ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн кинематографисттеринин биримдигинин алгачкы долбоору “Насреддин хожа” (Апенди) тасмасынын Кыргызстандагы тартуу иштери  (техникалык колдоо).

3. Түркмөнстандык кинематографисттердин түрк дүйнөсүнүн алп акындарынын бири Махтумкули Фрагинин туулгандыгынын 300 жылдыгына карата тарткан даректүү тасмасынын Кыргызстандагы тартуу иштери.

4. Ал эми Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата түрк кесиптештер менен бирге тарыхый “Ата-Бейит” даректүү тасмасын жаратуу алдында турабыз.

– Эл аралык кызматташтыктын алкагында кыргыз тасмалары чет өлкөлөрдүн каналдарынан көрсөтүлүшүнө жетише алдыңыздарбы?

– Киностудиянын  Түркиянын кино тармагы менен кызматташууларынын алкагында 2023-жылдан бери кыргыз кинолору Түркиянын ТРТ2, ТРТ Аваз каналдарында жана Түрк аба жолдору компаниясынын учактардагы телеканалында көрсөтүлүп келет. Учурда Түрк аба жолдорунун жолоочулары учак-каналдын “Түрк дүйнөсү” категориясында “Миң кыял” (“Тысячи грез”), “Ханбийке Назик” (“Принцесса Назик”) жана “Асман алдында” көркөм тасмаларын көрө алышат. Тасмалар ар бир 6 айда башка кинолорго алмаштырылып турат. Мисалы буга чейин Кыргызстандын атынан Оскар сыйлыктарына талапккер катары көрсөтүлгөн, киностудиянын өндүрүмү болгон Садык Шер-Нияздын “Курманжан датка” жана  Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмалары коюлган. Учурда жаңы тасмаларды тандоо процесстери жүрүп жатат.