Таалай Базарбаев: Борбор Азияга болгон италиялык кызыгуу Кыргызстан үчүн жаңы горизонтторду ачат
Заманбап дүйнө татаал мезгилди баштан кечирүүдө. Геосаясий туруксуздук, глобалдык жеткирүү чынжырларынын бузулушу, протекционизмдин өсүшү, чыр-чатактар жана климаттык кризистер дүйнөдөгү кырдаалды татаалдаштырууда. «Мындай шартта туруктуу, ишенимге негизделген эки тараптуу мамилелер өзгөчө баалуу», – дейт Кыргыз Республикасынын Италиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Таалай Базарбаев. Ал элчиликтин 5 жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө айтып, дипмиссиянын өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу баяндады.
– Таалай Чолпонбекович, акыркы жылдары Италиянын Борбордук Азияга болгон кызыгуусунун өсүшү байкалууда, бул ЕБнин БА чөлкөмү боюнча жаңы стратегиясында чагылдырылган. Кыргыз-италиялык эки тараптуу байланыштарды түзүүдө КРнын Римдеги элчилиги кандай роль ойнойт?
– Бул контекстте Кыргызстан экономика, соода жана инвестиция, туруктуу өнүгүү жана климаттык демилгелер маселелеринде ишенимдүү өнөктөш Италия менен өз ара аракеттенүүнү активдештирип, бекемдейт. Кыргыз Республикасынын Римдеги элчилиги эки тараптуу диалогду өнүктүрүүдө, эки өлкөнүн министрликтеринин, парламенттеринин, ошондой эле коомдук жана академиялык чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыш түзүүгө көмөктөшүүдө негизги ролду ойнойт.
– Белгилүү болгондой, Кыргызстандын Италиядагы элчилиги 2020-жылдын августунда ачылып, Италия тарап менен саясий диалогду, соода-экономикалык мамилелерди, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелеринде өз алдынча иштей баштаган. Бул 5 жылдын ичинде элчилик тарабынан кандай иштер аткарылды?
– Дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылганына башка өкүлчүлүктөргө салыштырмалуу аз убакыт болгонуна карабастан, Кыргыз Республикасы 5 жылдын ичинде Италия Республикасы менен эки тараптуу кызматташтыкты активдештирип гана тим болбостон, аны арттырууга да жетишти. Бул кыска убакыттын ичинде биз италиялык тарап менен саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда ишти баштадык.
Кыргыз-италиялык эки тараптуу мамилелердеги ийгиликтүү окуя Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 3-4-октябрында Италияга болгон сапары болду. Сапар Кыргыз Республикасынын тышкы саясий артыкчылыктары боюнча учурдагы позициясын Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин жаңыланган ички саясатын эске алуу менен тастыктады.
Ага ылайык, иш сапардын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелер бир кыйла чыңдалды. Элчилик жогорку деңгээлдеги иш сапардын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга аракет кылып, жолугушууларды өткөрүү жана тиешелүү келишимдерди түзүү үчүн италиялык компаниялардын Кыргыз Республикасына үзгүлтүксүз иш сапарларын уюштуруп турат. Андан тышкары, Римде ири италиялык инвесторлор менен түздөн-түз жолугушуулар өткөрүлүп, аларды Кыргыз Республикасынын рыногуна тартуу аракеттери көрүлүүдө.
– 2025-жылдын 30-майында Астана шаарында Борбор Азия – Италия саммити болуп өттү. Ошол тууралуу айтып бериңиз.
– Астанада Борбор Азия – Италия саммитинин өтүшүн тараптардын диалогду жаңы деңгээлге көтөрүүгө болгон умтулуусунун ийгилиги десек болот. Италиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты чыңдоого болгон кызыгуусу аймактын өлкөлөрүнүн тышкы саясий кызыкчылыктарына толугу менен жооп берет. Президент Садыр Жапаровдун Саммитке катышуусу жана Италиянын жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү кыргыз-италия мамилелеринин өнүгүшүндөгү маанилүү окуяга айланды.
– Соода-экономикалык багытта элчилик тарабынан кандай иштер жүргүзүлүүдө?
– Элчилик тарабынан активдүү иштер жүргүзүлүп, италиялык компаниялар менен 100дөн ашык жолугушуу уюштурулду, анын жыйынтыгында 10дон ашык компания Кыргыз Республикасына келип, кыргыз мамлекеттик органдары менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Италия тараптын соода-экономикалык багытта кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин айгинелеген Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууга кол коюлганы маанилүү жетишкендик болуп саналат.
Эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда кызматташтыкты түзүү боюнча да тынымсыз иштер аткарылды. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Италиянын шаарларынын ортосунда 6 боордоштук байланыш жөнүндө меморандумга кол коюлду, өз ара сапарлар уюштурулуп, тараптар аймактарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууда.
– Маданий-гуманитардык кызматташтык кандай өнүгүүдө?
– Кыргыз Республикасы менен Италиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык да маанилүү орунду ээлейт. Италия дүйнөлүк маданияттын бешиги болгон бай тарыхы бар өлкө катары маданий-гуманитардык баалуулуктарды өнүктүрүү жагынан кызыгууну жаратат. Элчилик театрлар, искусство академиялары, тарыхый-археологиялык кызматтар, музыкалык окуу жайлар жана спорт федерациялары ортосунда тажрыйба алмашуу жаатында италиялык тарап менен ишти баштады.
Кыргыз маданий мурасын илгерилетүүдө жана Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү окуялардын бири болуп 2025-жылдын 27-февралында Рим шаарынын Париоли районунда Ч.Айтматовдун эстелигинин ачылышы саналат. Буга чейин, 2024-жылдын октябрь айында Римде «Кыргызстан» паркы ачылган.
2025-жылы белгилүү италиялык режиссер Микеле Плачидонун Бишкек эл аралык кинофестивалына катышуу үчүн Кыргызстанга сапары уюштурулду.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Римдеги элчилиги Рим шаарындагы ФАО/ВПП/ИФАДга караштуу Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн милдетин да аткарат. Ага ылайык, улуттук демилгелер, эл аралык долбоорлор ишке ашырылат, ошондой эле азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен активдүү иш жүргүзүлөт. Бул эл аралык багыт боюнча Туруктуу өкүлчүлүк да активдүү иш алып барат, сапарларды уюштурат, чет мамлекеттердин колдоосун алуу үчүн жолугушууларды өткөрөт.
– Италиядагы кыргызстандыктардын укуктарын коргоо боюнча иштер кандай жүргүзүлөт?
– Италиядагы КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо элчиликтин ишинин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Элчилик күн сайын жарандарды кабыл алат, студенттерге, ошондой эле жарандардын мыйзамдуу түрдө ишке орношуусуна көмөктөшөт.
Жыйынтыктап айтканда, элчиликтин иши жолугушууларды өткөрүү менен эле чектелбейт, ал белгилүү бир натыйжага жетүүгө, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүгө жана Кыргыз Республикасынын эл аралык имиджин бекемдөөгө багытталган.
